ОСКАР-2015: ИРИНА ШЕЙК ИЧ КИЙИМСИЗ КЕЛДИ

Дүйнөлүк кино жана шоу-бизнес тармагындагы эӊ маанилүү окуя – бул «Оскар» киносыйлыгын тапшыруу салтанаты экени талашсыз. Айрыкча бизге аталган киносыйлыктын жеӊүүчүлөрүнөн да, аземге кайсы атактуу ким менен жана кандай кийинип келгени, кандай кызыктуу окуялар менен коштолгону кызык. Ушул жылдын 23-февралында 87-Оскар киносыйлыгын тапшыруу салтанаты болуп өтүп, таланттуулар «Оскардын» статуэткасын өӊөрүп кетишти.

ЖЕӉҮҮЧҮЛӨР КИНОСЫНЧЫЛАР БОЛЖОЛДОГОНДОЙ ЧЫКТЫ
«Оскарга» талапкерлердин ысымдары белгилүү болгондон баштап, «ким жеӊет?» деген божомолдор айтылып келген. Божомолдор кээде туура, кээде ката чыгат. Бирок бул жолу айтылгандардын дээрлик көбү туура чыгып, жеӊүүчүлөрдү алдын ала эле билип алгандай болдук. Бул жылы «Оскардын» триумфатору мексикалык режиссёр Алехандро Гонсалес болду. Анын «Бёрдмэн» тасмасы «Жылдын мыкты тасмасы», «Мыкты оригиналдуу сценарий», «Мыкты операторлук иш» наамдарына татыса, режиссёр өзү «Мыкты режиссёр» наамын илип кетти. Ал эми «Мыкты актриса» наамын «Баягы Элис» тасмасындагы ролу үчүн Жулианна Мур, «Мыкты актёр» наамын «Стивен Хокингдин ааламы» тасмасында жараткан ролу үчүн Эдди Редмэйн алышты. Орусиялыктар бул жылы да «Оскардан» кур калышты. «Мыкты чет өлкөлүк тасма» наамы польшалыктардын «Ида» тасмасына буюрду.


КЫЗЫЛ КИЛЕМДЕ...
Атактуулардын кызыл килемден өтүүсү бардыгынан кызык болду.
Жылдагыдай эле бул жолку салтанатта да атактуулар бири-биринен өзгөчөлөнгөнгө аракет кылышкан. Анан да аземде айымдар этеги тилинген көйнөктөрдү көп кийгенин айта кетели.

Актриса Эмма Стоун жашыл түстөгү көйнөгү менен келип, стилисттер тарабынан кеченин эӊ көркөм, жарашыктуу кийинген актрисасы деп бааланды.

Теннисчи Серена Уильямс кызыл түстөгү көйнөгү менен кеченин табитсиз кийинген айымдарынын тизмесине кошулду.

Женнифер Лопес ливандык дизайнер Эли Саабдын көйнөгүн кийип келип, кечедеги эӊ табиттүү кийинген айымдардын тизмесине кирди.

Назик актриса Натали Портманды кичинекей боюнан коркпой жер чийген ак түстөгү узун көйнөк кийип келгенин стилисттер эрдик деп эсептешти.


ШЕЙКТИН КӨЙНӨГҮ МЫРЗАЛАРДЫН ДЕНЕ ТАБЫН КӨТӨРДҮ
Жакында эле сүйүктүүсү Криштиану Роналду менен мамилесин жыйынтыктаган модель Ирина Шейк аземге ич кийими жок көйнөк кийип келип көпчүлүк мырзалардын дене табын көтөрдү. Келишкен келбетине куп жарашкан моделдин чапташкан кара көйнөгүн сынчылар «аземдин эӊ провокациялуу көйнөгү» деп аташты.

Аземдин алпаруучусу Нил Патрик Харрис сахнага ич кийимчен чыгып баарын күлдүрдү.



ЖОН ТРАВОЛТА СКАРЛЕТТИ ӨӨП АЛЫП...
Адатта мындай аземдер кызыктуу окуяларсыз өтпөйт. Скарлетт репортёрлорго сүрөткө түшүп берип жатканда Траволта жанына келип Йоханссонду белинен ийе кармап, назик өөп учурашканы көпчүлүк журналисттерди түшүнүксүз абалга калтырды. Скарлетт да актёрдун бул максатсыз өбүүсүнө таӊ калганы көзүнөн билинип, анын бул көз карашын шыпылдаган кесиптештерибиз фотого жана видеого илип кетүүгө жетишишти.

ГАГАНЫН КОЛ КАБЫ КЫЗУУ ТАЛКУУДА
Аземдин сыйлуу коногу, эпатаждуу ырчы Леди Гаганын кызыл түстөгү кол кабы интернет колдонуучулардын шылдыӊына айланды. Айрымдар ырчынын кол кабын мушкетёрлордун кол кабына, кээ бири үй жыйнаганда кийчү кол капка салыштырууда.






Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
nik_tappay_koidum
2015-03-02 12:10:38
Шейкке уят эле))
-1
bela77
2015-03-02 13:50:27
Шейк аппетитная такая:)))
+2
Bakulya79
2015-03-02 14:54:34
Буларга эмне кийсе жараша берет.
0
saltanat.
2015-03-02 18:53:31
Скарлетти өөп алганы чатак болуптур. Джондун көзү түшүм калган го Скарлетке.
0
gumi94
2015-03-02 19:05:43
Эмма менен Наталинин койноктору жакшы жараш))ыптыр
0
ezel.94
2015-03-02 22:45:34
Ваау, мага Иринанын плаьтеси жакты
-1
lolo
2015-03-03 04:42:28
Ogoo Julianna Murdun algany jakwy boluptur en tatyktuu, menin jakwy korgon aktrisam ))xx
0
Ayka0696
2015-03-03 12:40:37
Мага Ирина Шейктин кылган кылыгы жакпады.
+1
Akylay_96
2015-03-04 08:20:58
кандайча шейк менен раналдо мамилеси жыйынтыкткалды экоо бирге болбой калды беле а койногу соз жок
+2
zara__
2015-03-04 12:40:58
Эмманын койногу сонунго , буларга голый чыкса да жараша берет озу.
0
Musulmanka.
2015-03-05 01:07:27
Адамдарда воопще уят деле калбаган го, эми 1-2жылда голый эле чыгып алышат го... Э Алла кай заманда жашап жатабыз...
+1
saparbai
2015-03-05 13:42:15
мен ойлойм скарлетт Йоханссонго жетпейтко
0
ROUSE
2015-03-06 04:56:45
Жыланач журууну пропагандалап жаткандагы аракети деп тушундум. Эптеп эле пиар болуш керек да, маймылды туурап болсо дагы
+1
Aman7
2015-03-06 20:16:19
Бут дуйнону бузупаткан адамшайтандар.
0
Positive
2015-03-07 16:56:44
эпатаждуу ырчы дегенди кандай тушунсо болот
0
№ 643, 27-февраль-5-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан