Кубик Калыков, куудул: «АСКЕРГЕ САЛМАГЫМ ЖЕТПЕЙ БАРБАЙ КАЛГАМ»

«Сакадай бою сары алтын» деген кепке татыктуу Кубик Калыков деген таланттуу мырзабыз бар. Ырларды, сатираларды жазып, чыгармачылыкка аралашканына быйыл туптуура 25 жыл толуп отурат. Ал гана эмес жубайы менен баш кошконуна 25 жыл болуп, агабыз билинбей эле элүүнүн өрүн карай жылмышып баратыптыр. Майрамды утурлай келген агабыз менен чай маек курдук.

– Кубик мырза, майрамыӊыз менен! Сиздердин убакта «жигиттер аскерге барбаса, колуна курал албаса, ал илинип турган колбаса» деп кыздар сүйлөшпөчү экен...
– Рахмат! Биздин учурда аскерде кызмат өтөбөгөн жигитти кыздар жактырышчу эмес. Андыктан ар бир жигит өз милдетин аткарууга ашыкчу. Мен өзүм теӊдүүлөр менен аскерге бара алган жокмун. Анткени салмагым жетпей калган. Аскерге 48 килограммга чейинки салмактагыларды албайт эмеспи. Менин салмагым ал учурда 42 килограмм болчу. Эки жыл өткөндөн кийин Москва шаарынан аскердик милдетимди өтөп келдим.
Аскерге барып спорт менен машыгып, алты ай ичинде 10 килограмм салмак кошком. Музыкант катары оркестрда барабан ойноп, өз милдетимди аткардым. Ошол жактан адам болуп келдим десем болот. Айылда жүргөндө чачты өстүрүп, рок музыка угуп, мотоцикл айдап жүрчүбүз да. Ал жактан келе жатканда «айылга барып картошка, пияз айдайм, үй салам» деп план койгонду үйрөндүм.
– Эр ортону элүүгө чыгып калдыӊыз, өмүр өр таяп калганда арт жакты кылчайып караганда эмнелер эске түшөт?
– 50 жашка толгонум менен, «мен элүүгө чыктым» деген сезим болгон жок. Мен оптимистмин, «өмүр өтүп баратат, буга жетпедим, тигини ала албадым, карып баратам» деп кейибейм. 50 жашка чыктым деп калпак, чепкен кийгим келбейт. Баягы эле Кубикмин. Артка кылчайып караганда биз жаш кезде көргөн кинолор, сүрөттөр эске түшөт. Ал кино, сүрөттөргө үӊүлгөнүмдө көзүмдөн жаш агып кетет. Анткени менин көчөнү чаӊдата чуркаган чыт курсак курагым, кой кайтарып, пахта терген учурум, жалын жаштыгым көз алдыма тартылат.
– Куттуу куракты кандай кылып белгилегени турасыз?
– 7-марттан баштап Нооруз майрамына чейин түштүктү түрө кыдырып концерт бергени турам. Бул менин 50 жашка чыккандагы чыгармачыл турнемдин башталышы. Мындан тышкары жай мезгилинде Кыргызстанды кыдырып концерт берейин деп турам. Артисттер кайсы мезгилде кайсы жакка концерт бериш керектигин, кандай учурда кайсы аймакта эмне бышарын, элде качан акча болорун билебиз да (күлүп). Жыйынтыктап сентябрда филармонияда 2 күн чыгармачыл кечемди тартуулоону пландап жатам. Убакытка уттурбайын деп эстрадалык топ менен азыртадан репетиция кылуудамын. Оркестрдин коштоосунда 15 ыр даярдап жатам.
– Чыгармачылыгыӊыздын гүлдөгөн учуру кайсы жылдарга туура келди?
– Чыгармачылыкка аралашкан ар бир артисттин гүлдөп турган доору болот. Менин Кубик болуп элге алынганым 2000-2006-жылдарга туура келет. Кайсы жерге концерт бербейин эл агылып келип, 6 күн катары менен ырдаган учурларыбыз болду.
Жайында Ысык-Көлдө концерт берип жүргөм. Тоӊдун бир айылына күндүз концерт берип, залга эл батпай калган. Маданият үйүнүн жетекчиси «мен күндүз эл келбейт деп ойлогом, биринчи жолу чак түштө концертке ушунча эл келди» деп таӊ калган. Кудайга шүгүр, үй салдым, машина алдым, бутка турдум. Мени ушул күнгө чейин Кубик деген ат багып келе жатат. – Ошол гастроль учурунда артисттер арасында унутулгус окуялар көп эле болсо керек?
– 1990-жылы бизди Бишкекке Болотбек Макетаев «Көктөм» деген телеберүүгө чакырып калды. Биз Жалал-Абаддан Ташкент аркылуу 5 бала, 3 кыз болуп поезд менен келдик. «Бүгүн мейманканага жетишпей калдыӊар, вокзалдын мейманканасында түнөйсүӊөр» деди. Көп кабаттуу мейманканага барабыз го деп ойлоп жатканбыз. Бизди темир жолдо турган вагонго алып келип, «ушул жерге жата бергиле» деди. Кечинде тамактанып алып жатканбыз. Бир маалда уктап жатсак эле вагон жылып баратат. Баарыбыз ойгонуп, терезесинен башыбызды чыгарып кыйкырып баратабыз, кыздар ыйлап алышкан. «Биз эртеӊ телевидениеге тартылабыз» деп кыйкырып бара жатканыбызда вагон токтоп калды. Күзөтүүчү келип «силерди кайра алып барып коёбуз. Азыр поезд келет, темир жолду бошотуп жатабыз» деди. Түнү менен ары-бери темир жолдо кылдыраган вагондо өткөргөн күнүбүз эсимден кетпейт.
– Сөзүбүздү жеке жашооӊузга бурсак. Куда күтүп, кайната болдуӊуз. Кандай сезимдер болду?
– Биздин үй-бүлө үчүн өзгөчө сезим болду. Куда күтүп, күйөө балалуу болуу жашоодогу милдеттердин бири эмеспи. Балдарыма бир тууган кошулса, жеӊеӊ экөөбүзгө сыйлашып, сырдашчу жакын адамдар табылды. Жакшылыгыӊ, ийгилигиӊ болсо, куда-кудагыйыӊа чалып бөлүшүп калат экенсиӊ. Ар бир ата-эне баласын бактылуу болсо, барган жеринен бак айтып, агарып-көгөрсө деп тилейт. Балдарыбыз бактылуу жашап бизди неберелүү кылышса, мындан өткөн бакыт барбы?
– Жаз келе жатат. Быйыл дагы дыйканчылык менен алектенейин деп жатасызбы?
– Өткөн жылы жер иштеткен жокмун. Анткени бир нерсеге байланып каласыӊ. Отоо чөбүн бүтсөӊ чабыгы башталат, анысын бүтсөӊ түшүмүн жыйноо башталат. 2013-жылы жайында досторум «көлгө келип 3 күн эс алып кет» деп чакырышкан, убакыттын аздыгынан бара алган жокпуз. Былтыр тойго даярдык көрүп, ак мээнет менен тапкан каражатка чет мамлекетке эс алып келдик. Быйыл дагы 50 жылдыгыма даярдык көрөбүз деп жер иштеткенди пландаган жокпуз. 

"Бала кезимде аскер кызматкери болом дечү элем".

"Быйылкы чыгармачылык турнемде уулум менен кызым да кошо чыгышат".

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кубик Калыков: "Өзүмө ишенген убакыт өттү"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mirana9395
2015-03-03 13:41:37
ишинизге ийгилик,элуу жаш курагыныз менен ден соолукта болуну.з
0
Jamalym
2015-03-03 23:09:09
Чыгармачылык ийгилик!Омурунуз узун болсун!
0
Elnuram090
2015-03-04 06:13:33
Уулу жакшынакай жигитко киного тартылган эмес беле адашпасам салам бишкектин биринчисинде тартылган балагоо же адаштымбы
0
rozka
2015-03-06 12:58:58
Чыгармачылыгынызга ийгилик !! Балдарыныз ыймандуу бактылуу болушсун
0
hakker
2015-03-07 22:33:15
Кубик акем Базар-Коргондон болот.Узак жашап женем менен бактылуу омур сурунуз.Коп адамга жакшылык кылганын билемин...
0
№ 643, 27-февраль-5-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан