Кыш бир аз узак болуп, жаз кечиге баштаганда эле малчылардын жүрөк оорусу болгон тоют маселеси башталат. «Кыштын камын жазда көр» демекчи, мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарыбыз үчүн малга тоют камдоо боюнча түмөндөгөн кеӊештерди сунуштоого болот. Тоют өндүрүмүндө мал азыгынын эӊ башкыларынын бири болуп беде саналат. Андыктан бедени кантип өстүрсө сапаттуу тоют жыйылат, аны саткандан түшкөн киреше канча болот, кызыгып көрдүк.
СССР мезгилинде Кыргызстандан өндүрүлгөн эт союздун курамындагы мамлекеттердин баарына таралып, сапат жагынан да атак алып турган. Бул үчүн дыйкандар даярдаган тоют абдан маанилүү болгон. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Эт" эт өндүрүүчүлөрү жана аны кайра иштетүүчүлөр ассоциациясынын (юридикалык жактардын бирикмеси) берген маалыматы боюнча, 2013-жылы Кыргызстанда 200 миӊ тоннанын айланасында эт өндүрүлгөн. Анын 80 миӊге жакын тоннасы бажы каттамынан өткөрүлүп, өлкөдөн сыртка чыгарылса, ошол эле учурда сырттан кайра 80 миӊ тоннага жакын эттин ар башка түрлөрү алынып келинген. Мурда эт өндүрүү боюнча Нарын облусу биринчи орунда турса, азыр ал жакта мал көп болгону менен семиз, эттүү жандыктар аз болгондуктан, эт да аз өндүрүлүп 4-орунга түшүп калган. Ал эми 1-орунда Чүй, 2-орунда Ош, 3-орунда Жалал-Абад облустары турат.
«Окутуу, кеӊеш берүү жана инновация борбору» коомдук фондунун долбоорлор боюнча координатору Алымкул
Карбозов беденин уругун тандоо, аны өстүрүү, сапаттуу тоют жыйноонун жолдору менен бөлүштү:«БЕДЕНИН КАЛОРИЯЛУУЛУГУ ЖЕМГЕ ТЕТЕ»
– Беде көп жылдык тоют болуп эсептелет. Айрымдар аны көк беде десе, кай бирлери кара беде деп атап жүрүшөт. Беде менен катар кызыл гүлдүү, кеӊири жайылган тоют – эспарцет да өстүрүлөт. Ал климаты суук жерлерге ылайыкташкан. Ал эми бедени деле суук жерлерге өстүрө берсе болот, бирок бир жылда эки, жакшылап бакса үч чабык менен жыйнап алышат.
Урук тандоо: Беденин уругу менен сорго деген өсүмдүктүн уругу укмуштай окшош болот. Анын көрүнүшү таруу сыяктуу, бирок топуксуз чөп. Алгач бедени чаап алып, уругун калбырдан өткөрүшөт. Андан соӊ магниттен өткөрүү ыкмасын колдонушат. Металл аппаратка урукту салганда беденики оор болуп калып калат, ал эми соргонун уругу жеӊил болгондуктан, магнитке жабышып кетет. Магниттен өткөрүү ыкмасынан кийин беденин уругуна металлдын майы жугуп кара түскө келет. Ошондуктан базардан сатып аларда кочкул жашыл же кара беденин уругун талап кылыӊыздар. Беденин уругу өӊү кара болуп калгандан кийин, айрым шылуундар соргонун уругун алып, көмүргө боёп туруп аралаштырып жиберишет дейт. Андыктан урукту уучтап, колго ушалап көрүү керек. Эгер колго көө болуп дароо эле жугуп калса, анда ал сорго. Эгер колго көпкө ушалагандын натыйжасында гана майланышып карасы жукса, анда ал беденин уругу.
Бир гектар аянтка таза беденин уругунан 20 килограмм кетет. Сапаттуу уруктун 1 килограммы 300-350 сом болот. 170-200 сомдун айланасында деле тапса болот, бирок андайлар жакшы чыкпай калат.
Өстүрүү: Өсүмдүктүн бийиктиги 80-140 сантиметрге чейин жетет. Айдалган жерге кылкандуу дан өсүмдүктөрү менен аралаштырып себиш керек. Биринчи жылы беде тоют бербейт. Ал жылы дыйкан арпаны гана чаап алат. Экинчи жылдан тартып өсүп, эӊ узак дегенде 6-8 жылга чейин чөп алса болот.
Сугаруу: Беде 7-8 сантиметр көтөрүлгөндөн кийин суу жаюу керек. Ошол боюнча 1-чабыкты чаап алууга болот. Жерден бедени 6 сантиметр калтырып чабуу керек. Эгерде түбүнөн чаап салсак, сабактын ортосундагы көңдөйгө суу толуп калып, тамыр дем ала албай, чөп чыкпай калат. 2-чабыкты деле чөп жерден 6-7 сантиметр көтөрүлгөндөн кийин сугарууга болот. Ар бир чабыктын ортосунда бирден, күн ысык жана кар түшпөгөн жерлерде 2 жолу сугарууга болот.
Оруп-жыюу: Беде себилген талаага көз жүгүртүӊүз. Анын 15-20 пайызы сыя көк гүл ачып, калган бөлүгү гүлүн ача элек болсо, чаап алууга даяр. Малга пайдалуу азыктын баары беденин сабак, жалбырагына топтолуп турган чагы ушул.
Чабылган чөптөн бир тутам алып, кир сыккандай бурап көрүӊүз. Эгер буралган тутам жай, акырындык менен калыбына келип, анча-мынчасы үзүлүп кетсе анда чөмөлө же түк кылып жыйып алууга даяр. Эгер суу боюнча жыйнап салсаӊыз, күзгө жетпей чирип кетет. Ал эми жаандын алдында калтырып, аны кайра кургатып, чөмөлөгө үйүп, ары-бери сүйрөй берсе ал саргарып, сапаты кетет. Мындай чөптү кымбат баада да сата албайсыз.
Өз маалында чаап албагандын да чыгашасы көп. Мында дыйкан гектарына көбүрөөк центнер алышы мүмкүн. Бирок ал сөӊгөк болуп калат дагы, өтө бышып кетип, азыктуулугу төмөндөйт. Мал анын жумшак жерлерин тандап жеп, сөӊгөгүн шакелге чыгарып салат.
Жаш беденин курамында 23,6 пайыз протеин болгондуктан, анын калориялуулугу жемге тете. Беде абадан азотту алып, жерге өткөргөн өзгөчө өсүмдүк. 6-7 жыл удаа беде чыккан жерге дан же картошка, кызылча, сабиз сыяктуу жашылчаларды эгип, мол түшүм алууга мүмкүн. Ага химиялык жер семирткичтерди сээп убара болбой эле пайдаланууга болот.
Жыл сайын малына тоют камдап, андан ашканын кардарларга сатып киреше тапкан дыйкандар азыр абдан көп. Алардын бири Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын тургуну Арстанбек Асанакунов:
«ЖАЗГА МААЛ ЧӨП КЫМБАТТАЙТ»
– Беш гектар жерим бар. Анын 3 гектарына көк беде сепкем. Нарындын шартында сепкенден кийин 7-8 жылга чейин чаап ала берсе болот. Бирок жыл өткөн сайын түшүмдүүлүгү азая берет.
Биринчи чабыкты июнь айынын 25инен баштап чаба баштайбыз. 1 гектардан 10 тонна тоют жыйып алууга болот. Экинчи чабык деле ушундай көлөмдө жыйынтык берет. Аны августтун аягы, сентябрь айы чаап бүтөбүз. Ал эми үчүнчү чабыкты баары эле ала алышпайт. Суу жетиштүү болсо, жапыз, көлөмү аз, бирок жаш бедени октябрь айында чаап алса болот.
Былтыр биринчи чабыктагы бир түк чөптү 150-200 сомдон саттык. Мен 300дөй түктү сатып жибердим. 600 түктү үйдөгү малга деп жыйып койгом. Жаз келди, малы көптөр чөп издеп, «өзүӊөн ашса, мага сат» деп кезекке туруп жатышат. Беденин 1 түгү 250 сомго чыкты.
Быйыл чөптү жыйнап алууга кеткен кызмат акыларынан сырткары 50-60 миӊ сомго чейин каражат таптым. Атайын чөп менен иштеп, жакшылап багып, кайра сатыш үчүн өстүргөндөр да бар. Алар тапкан каражатына мал курашат же күзгү тойлорго, үйүн оӊдоп-түзөөгө кетиришет. Айрымдар үй эмеректерин жаӊылап алышат. Чөптүн түгүн арзан алып, кайра жазында кымбат сатып бизнес кылгандар да бар. Айтор, техника жетиштүү болсо, айыл жеринде бедеден өтөр кирешелүү бизнес жок.
Ал эми Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну Нурбек Акматов болсо жерди ижарага алып беде өстүрүп сатат.
«ӨЗГӨЧӨ ДЕЛЕ КАМ КӨРЧҮ ӨСҮМДҮК ЭМЕС»
– Эки гектар жерди ижарага алгам. Бир сезондо 3 жолу чаап алам. 2 гектар жерге болжолдуу түрдө айдап себүүдөн сырткары 1 жылдык кирешени төмөнкүчө эсептесек болот:
Ижара акысы – 32 000 сом
Чаптырганга – 9000 сом
Боологонго – 16Х1000=16 000
3 жолку чабыктан – 1000 даана түк (1 түк орточо 100 сом)
Жалпы киреше – 100 000 сом
100 000 - 57 000 = 43 000
Таза киреше – 43 000 сом
Бедени бир сээп туруп, 6-7 жыл катары менен сугарып коюп эле түшүм ала бересиӊ. Ал үчүн суу жетиштүү болуп, маалынан кеч калтырбай чаап алып туруш керек.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg