Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири Алманбет Анапияевдин жансыз денеси Беларустун Минск шаарында табылганы тууралуу маалыматтар 19-февраль күнү таркады. Минскте мууздалып өлтүрүлгөн адам чын эле Алманбет Анапияев экендигин расмий түрдө Беларустун тергөө комитети 25-февралда тастыктады. Анапияев менен байланышы бар чөйрөдөгүлөр «агасы Минскке кетти, Ошко алып келет. Сөөгү Чоӊ Алайга коюлат» деп, сөөк алынып келчү каттамды күтүп, кулак түрүп турган кездери.
МУУЗДАЛГАН ДЕНЕ...
Анын жансыз денесинин табылышы боюнча эки башка маалымат айтылууда. Биринчи маалыматтар боюнча, дене Беларустун борборундагы батирлердин биринен табылган. Жанында Орусиянын жараны Шакиров Алмазбек Мийзамовичке таандык паспорт болгон, бирок паспортко Алманбет Анапияевдин сүрөтү чапталган. Бул версия боюнча аны уктап жаткан кезинде өлтүрүшкөн.
Экинчи маалыматта, Алманбет Анапияевдин жансыз денеси Минск шаарынын Карл Либкнехт көчөсүндө Мерседес унаасынын жүк салуучу жайынан колу байланган абалда табылган.
ӨЛҮМҮНӨ КИМДЕР КЫЗЫКДАР ЭЛЕ?
Бул боюнча да ар түрдүү жоромолдор бар. Айрым маалымат булактары Анапияевдин өлүмүнө Жаныш Бакиевдин тиешеси бар болушу мүмкүн экендигин айтып, «Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүдө ал Анапияевди колдонгон, эми болсо из жашыруу үчүн анын көзүн тазалады» деп чыгышты.
Буга катар эле, «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен тирешүүдөн улам Азиз Батукаевдин адамдары Анапияевди өлтүрүшү мүмкүн экендиги да айтылды.
Беларустун укук коргоо органдары тараткан сүрөт-маалыматтардан улам Анапияевди өлтүрөрдөн мурун бир топ эле кыйноого алышканы көрүнүп турат. «Мындай деӊгээлдеги криминалдык авторитетти колго түшүрүү оӊойго турмак эмес. Жанындагылары сатып кетти» деген пикирлер көп айтылууда. Расмий тастыктала элек маалыматтарга караганда, анын жанында Гүлжигит Абилазизов аттуу жан сакчысы болгон. Учурда ал көрсөтмө берип жатканын ички иштер министри Мелис Турганбаев тастыктады. Аталган жаран бул иште шектүү катары өтүп жатат деп айтылууда.
Эске салсак, Алманбет Анапияев 1973-жылы 17-августта Ош облусундагы Чоӊ-Алай районунун Жекенди айылында туулган. Ал маркум депутат Баяман Эркинбаевдин жакын адамдарынын бири болгон. Депутаттын өлүмүнөн соӊ ал түптөп кеткен «Алыш» бел боо күрөшү федерациясынын ишин өнүктүрүп, 2010-жылы анын президенти болуп шайланган. 2010-жылы Июнь окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, Дубайда жашап жүргөн. Ал качан, эмне максатта Беларуска келгени ачыктала элек.
Бул адамга карата кыргыз коомчулугунда бири-биринен кескин айырмаланган пикирлер бар. Билимдүү, өз алдынча ой жорумдай алгандар демократиялык коомдо бирөөнүн эмгегин тартып алууга, адамдын өмүрүн алууга да эч кимдин укугу жок экенин, жазалоо, тартипке чакыруу мыйзамдардын негизинде, тиешелүү органдар аркылуу жүргүзүлүшү керектигин жакшы түшүнүп, Анапияевди ушундай иштер менен алектенген кылмыштуу топтун өкүлү, уюштуруучусу катары билет. «Спортко көӊүл бөлүп, каражат берчү, кайрымдуулук кылчу» деп аны азамат жигит катары көрүшкөндөр да бар.
Маалыматтарга караганда, Алманбет Анапияевдин 3 уул, бир кызы бар.
БИЙЛИК МЕНЕН КРИМДҮЙНӨ АРАЛАШКАН ЖЫЛДАР
Акаевдин бийлигинин акыркы жылдарында кримчөйрөнүн иш-аракети активдешип, бакиевдик бийликтин 5 жылында бул көрүнүш күчөп гана жүрүп отурду. Алсак, бул жылдар аралыгында Жогорку Кеӊештин депутаттары Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Руслан Шаботоев, Санжар Кадыралиев, спортчулардан Раатбек Санатбаев, Үсөн Кудайбергенов, саясатчы, мамлекеттик ишмер Медет Садыркулов, анын жанындагы эки шериги, журналист Геннадий Павлюк өлтүрүлгөн.
Бул жылдары өлкөлөр аралык баӊги бизнеси, адам сатуу, курал сатуу, карактоо, тоноо, коркутуп тартып алуу өӊдүү иштер менен алектенип, ири каржылык агымды көзөмөлгө алып турган кримчөйрө ачыкка чыгып, саясатка аралаша баштады. Спорт тармагына колдоо көрсөтүү, айрым кайрымдуулук иштери аларга саясатка тикелей түрдө аралашууга жакшы жол ачып берди. Андыктан бүгүнкү күндө Рыспек Акматбаевди, Алманбет Анапияевди «элин сүйгөн азамат уул» катары көкөлөткөн адамдар табылат.
КҮБӨНҮН КӨЗҮН ТАЗАЛАП САЛЫШКАН
2009-жылдын 13-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Кой-Таш айылына жакын жерден күйүп кеткен Ауди жана Лексус автоунаалары табылган. Лексустагы күйүп кеткен 3 адам президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, айдоочусу К.Сулайманов жана Эл аралык стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору С.Слепченко экени аныкталган. Аудинин айдоочусу тирүү калган бул окуя кадимки жол кырсыгы катары тергелип, айдоочу Өмүрбек Осмонов 12 жылга соттолгон болчу. 2010-жылы 7-апрелдеги революциядан улам бакиевдик бийлик кулады. Андан 10 күндөн кийин, тактап айтканда, 2010-жылдын 17-апрелинде Осмоновдун жансыз денеси табылган. 2011-жылдын 1-майында Т.Чолпонбаев аттуу адамдын Осмоновдун өлүмүнө тиешеси бардыгы ИИМ тарабынан жарыяланган. ИИМ тараткан кабарда, Чолпонбаев «бул иш Алманбет Анапияевдин көрсөтмөсү менен жасалды» дегени айтылган.
ИИМдин маалыматы боюнча Медет Садыркуловду кыйнап өлтүрүүгө ошол кезде ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын башчысы Айбек Абдразаков катышкан. Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу кармалган Гүлжигит аттуу жаран "Анапияевди Айбек Абдразаков менен Жаныш Бакиевдин жан сакчысы Рустам Сайдуев өлтүрдү" деп көрсөтмө берип жаткандыгы айтылууда. Мунун канчалык чындыгы бар азырынча белгисиз. Чыныгы буйрутмачылар үчүн "Алманбетти бакиевдер өлтүрттү" деген сөздөрдүн таралышы керек болушу да мүмкүн.
АТАЙЫН КЫЗМАТТАР ТАРАБЫНАН ИЗДӨӨДӨ ЭЛЕ
2011-жылы Кыргызстандын ИИМи тарабынан Алманбет Анапияевге эл аралык издөө жарыяланган. ИИМ Алманбет Анапияевди «адам уурдоо», «каракчылык», «адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» беренелери боюнча шектүү катары издеп келген.
Алманбет Анапияев ИИМдин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстандын «эӊ гумандуу» соттору тарабынан мыйзамдуу түрдө акталган «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин жакын пикирлеши, уюшкан кылмыштуу топтун көрүнүктүү лидерлеринин бири. 2011-жылы АКШнын Каржы министрлиги, мамлекеттик департаменти жана башкы прокурору менен биргеликте эл аралык 4 уюшкан кылмыштуу топко тиешелүү адамдарды атап, аларга каршы санкция киргизилген. Ал топтордун бирин АКШда Brothers' Circle – «Братский круг» деп аташат. АКШнын Каржы министрлиги мурунку СССРдин аймагынан чыккандардан куралган бул кылмыштуу топ Европа, Жакынкы Чыгыш, Африка жана Латын Америкасында иш жүргүзөт деп эсептейт.
Мына ушул кылмыштуу топтун негизги өкүлдөрүнүн бири катары кыргызстандык Камчы Көлбаев 2011-жылы АКШнын "кара тизмесине" түшсө, тизме көбөйүп отуруп 2012-жылдын аягында 15 адамга жеткен. Бул "кара тизмеге" аталган жылдын 20-декабрында Алманбет Анапияев менен Адилет Касенов киргизилген. АКШ аталган кылмыштуу топтун каржылык схемасын жок кылууга алып келчү баалуу маалымат үчүн 1 миллион доллар сыйлык берилерин да жарыялаган.
«ТҮШТҮКТҮН "СМОТРЯЩИЙИ" БОЛГОМ...»
2011-жылы журналист, учурда президент Алмазбек Атамбаевдин пресс катчысы болуп иштеп жаткан Жанар Акаевдин Дубайда жашырынып жүргөн Алманбет Анапияев менен болгон маеги «Супер-Инфого» жарыяланган эле. Өзүнүн кримдүйнөгө тиешеси бар-жоктугу тууралуу ал мындай деген:
– Кылмыштуу топтун лидери болгудай мен «вор в законе» эмесмин. «Смотрящий», «положенец» да эмесмин. Мен болгону Камчы Көлбаевдин жакын досумун. Камчы Көлбаевдин досу болсоӊ эле кылмыштуу дүйнөнүн өкүлү болуп каласыӊ деген мыйзам барбы? Камчы Көлбаев – «вор», аны элдин баары билет. Аны менен дос эмесмин дебейм, жакын достордонбуз, үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Түштүктүн «смотрящийи» дегениӊиз туура. 2006-жылы Суусамырда өтө чоӊ жыйын болгон. Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Ташкенттен келишип Камчыны «мыйзамдагы ууру» болду деп белгилешкен. Ошол жыйында «түштүктү Алмамбет карап берсин, элди реалдуу карайт, акты ак, караны кара дейт» деп көпчүлүк мени шайлап жиберишкенде баш тарткан эмесмин. Бирок 2008-жылы аны өткөрүп берип, ФИЛАга мүчө болуп, "Алыш" бел боо күрөш федерациясын өнүктүрүүгө, кыргыз спортун көтөрүүгө бел байладым. Азыр түштүктү ким карайт, ким «смотрящий» экенин элдин баары билет. Эми аны мен Манаска салыштырбайм, чоӊ баатыр деле эмес. Бирок Кыргызстандын жарымы болгондон кийин ал жакта да тартип болушу зарыл. Жаман-жакшыны ошол көзөмөлдөп турушу керек.
«ЭЛДИН УУЛУ» ДЕП АТАШ ТАЛАШТУУ МАСЕЛЕ...
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу Ооганстан-Тажикстан-Кыргызстан-Орусия баӊгизат коридорун көзөмөлдөйт деп шектелет. ИИМдин маалыматына таянсак, 2014-жылы Кыргызстанда расмий түрдө баӊги затына көз каранды катары каттоого алынгандардын саны 9024 киши, ал эми ВИЧ инфекциясына кабылгандардын саны 2014-жылдын 1-ноябрына карата 5586 адамды түзгөн. Булар расмий көрсөткүчтөр. Каттоого түшө электер 10-20 эсе, балким, андан да көп. Мындай каргашага кабылган адамдардын ар биринин айланасында жакыны үчүн көз жаш төгүп жаткан ата-эне, үй-бүлө бар. Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев, Адилет Касенов өӊдүүлөр мына ушундай адамдын жашоосун алааматка айлантуудан акча таап, байлык топтогон кылмыштуу топту уюштурган деп шектелет. Андыктан мындай жолдор менен табылган акчанын кичинекей бөлүгүн кайрымдуулукка жумшап жакшы көрүнгөндөрдү «элдин уулу» аташ талаштуу маселе.
Айбек Нурадилов
koom@super.kg