(Башталышы өткөн сандарда)
Мына менин тарыхым жана үч курбунун окуясы. Жылдар, мезгил учкан куштай өтүп жатты. Жаман жашадык деп айта албайм, Жаратканга шүгүр, жакшы эле жашадык. Менин Дастанга болгон махабатым өчкөн жок. Бирок ал мурункудай таза, мөлтүр, мен каалагандай аруу эмес эле. Балдарыбыз биринен сала бири чоӊоюп, өз жолдорун таап жатышты. Улуу балабыз Тилек юрист болду, кызыбыз Бермет котормочулук жаатын тандап, окуусун чет өлкөдөн улантууда. Ал эми кичинекейлерим бой жетти. Азыр балдарымды карап туруп бирде сүйүнүп, бирде апкаарып кетем. Адам атасынын эле көчүрмөсү, жүргөн-турганы да ошондой, «бизнесмен болом» деп эле айта берчү. Аманатым болсо сүрөтчү болгусу келерин көп айтканы менен, биз ага анчалык көӊүл бурчу эмеспиз. Бир күнү акырын келип шыбырады.
– Апа, мен сизге бир сюрприз жасадым. Бирок эч кимге айтпаӊыз.
Аябай кызыгып калдым. Ылдыйкы кабатыбыздан бир бөлмөнү бошотуп алып, кылдырап эле ошол жактан башы чыкчу эмес. Ошол бөлмөгө алып кирди.
Кирип келип таӊ кала туруп калдым. Дубалдын бетинде жалаӊ менин сүрөттөрүм илинип турган эле. Биринде күлүмсүрөп турганым, биринде ойлуу, экинчисинде жадырап-жайнап... Деги койчу, толкунданганымдан сүрөттөрдүн жанында көпкө тура бердим.
– Кандай экен, апа? Сизге биринчи көрсөттүм.
Байкасам кулунумдун көзү суроолуу жалдырап туруптур. Кучактап жыттап алдым. Ал ыйлап жаткан мени таӊ кала тиктеп турду.
– Апа?
– Аманат, эӊ мыкты, укмуш сүрөттөр экен. Балам, мынчалык талантыӊ бар экенин байкабай... Ка-ап, ошол тармакта эле окутмак экенмин.
– Эч нерсе эмес, апа, азыр деле кеч эмес. Сага жакса болду.
Балам кудум колуна жеӊиш тийгендей сүйүнүп турган экен. Ошол күндөн баштап мен анын сүрөтчүлүк талантын кош колдоп колдой баштадым. Ошондо жаӊы 17 жашка чыгып жаткан эле. Муну атабыз эч түшүнгөн жок.
– Кайдагы нерселерди чыгарасыӊ, эркек кишиге ошол да кесиппи? Токтот аныӊды,- деди угуп-укпай эле.
– Дастан, угуп турсаӊ, Аманаттын таланты бар.
– Ой, буларды сен жаман үйрөттүӊ, баары өз билгенин кылчу болду. Эми эртеӊки күнүнө ишенимдүү, жакшы кесип тандасын деп жатам. Сүрөтчүлөр «кел, сүрөтүмдү алып койчу» деп көчөдө эле жүрүшөт.
Дастандын айтканынан кайтпаган чорт мүнөзү бар эле, таптакыр көнбөй койду. Ошондо баламдын шагы сынды, аны көрүп мен кыйналдым. Бир күнү Аманат мага жардам берип отуруп акырын үн катты.
– Апа, бир нерсе сурайынбы?
– Сура, балам.
– Мени атам эмнеге жаман көрөт?
Жүрөгүм тыз дей түштү. Балапаным ызаланып, кабагы түйүлүп турган экен, эрксизден көзүмдү ала качтым.
– Жок, балам, атаӊдын болгон мүнөзү ушул эмеспи.
– Жо-ок, мен муну кичинемден эле сезчүмүн. Тилек байкеме, Бермет эжеме, ал тургай Адамга да мага жасагандай мамиле жасабайт. Экөөӊөрдүн ортоӊордо мага байланыштуу эмне
бар?
Мына, кайсы бир күнү сурайт деп жүрөгүмдүн тереӊинде коркуп келген суроо. Эмне дээримди билбей кайпактап калдым. Өх, чындыктан адам баласы кайда качып кутулган? Өмүр бою жүрөгүмдү жаралап келсе да, баары бир уулума ачык айтып беришим керек болчу. Бул менин энелик, аялдык парзым эле. Бирок кантип? Айтканга жеӊил болгону менен, баламдын келечеги кандай болот? Өзүн-өзү жек көрүп, турмуштан эрте көӊүлү калып калбайбы. Өзүмдү өзүм аябай даярдап, Аманат 18 жашка чыкканда баарын ачык айтып берем деп жүргөм. Бирок ага чейин эле билинип калды. Балапаныма мынчалык оор болорун билсем да, өзүн ушунчалык таштап жиберет деп ойлогон эмес элем. Көз алдымда балам соолуп бара жатты.
Баян ушул жерге келгенде көздөрүнөн жашы буурчактай агып, сүйлөй албай отуруп калды.
– Демек, ал азыр Назик төрөгөн бала экенин билет экен да?
– Билет.
– Мен Аманат менен сүйлөшсөм, таанышсам болобу?
– Кааласаӊыз сүйлөшсөӊүз болот. Эгер Аманатым каршы болбосо...
Аманат макул болду. Өз жашынан эрте чоӊойгон токтоо жигит экен. Окурман, сиз, биз күбө болуп келе жаткан окуя кичине наристенин көзү менен, наристелик чындыгы менен
таптакыр башкача сезилди.
– Билесизби, мага «сени башка аял төрөгөн» деп айтышты,- деп баштады кебин Аманат. – Бирок мен бул нерсени таптакыр башыма сыйдыра албайм. Кабыл алгым келбейт. Чындап ушунча жылдан бери апамдын көзү, апамдын деми менен жашагам. «Жашоодогу эӊ жакын адамыӊ ким?» десе атамды да, бир туугандарымды да айтпай, "апам" деп жооп бермекмин. Анан бир күнү эле ал адам мен үчүн жат экенин билүү ушунчалык оор болду. Бирок мен билгем, кичинемден таӊ кала, айрымдардын боору ооруп же жек көрүп караган көз караштарын сезчүмүн. Ал тургай бир туугандарымдын алдында да чоочун, жат адамдай элем. Чоӊдор бала эч нерсени сезбейт деп ойлошот, бирок мен баарын ички туюмум менен бул үй-бүлөгө жат экенимди сезчүмүн. Мисалы, Тилек байкем мени кичинемде таптакыр ойнотуп, эркелеткен жок. Адамды кучактап көтөрүп, бооруна кысып жакшы сөздөрдү айтып жатканда мен жанына барып отурсам, мени таптакыр байкачу эмес. Байкуш Бермет эжем апамды тартып боорукер окшойт, мага бир аз көӊүл бурчу. Бирок баары бир ал дагы Адамды жакшы көрөрүн билчү элем. А атам болсо...
Аманат ушул жерге келгенде көз жашына мууна түштү...
(Уландысы кийинки санда)
Жакында...
КУМАР АЗАБЫ
Кумар, азгырык, акча... Пенде жаралганы ушул нерселерден кыя өтө албаса керек. Акыл жана Адыл аттуу эки дос бири-бирине кас болушарын билишпеген чыгар.
Карта ойноп жатып никелешкен аялын да сайып жибергенин билбей калган Акыл сүйүктүүсүнөн ажырайт.
Күйөөсү кумарга сайып жиберген Сезим кандай кадамга барат? Бул таймашта тагдыр жеңеби же сүйүүбү? Учурдагы жаштардын көйгөйүн мыкты чагылдырган, чыныгы турмуштун негизинде жазылган чыгарманы күтүңүздөр. Чыгарманын ар бир бөлүмү сиздерди кайдигер калтырбайт. Күтүңүз, жакында...