ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (2-марттан 8-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта бою энергияӊыз ашып, бийиктикте болосуз. Мындай энергияны текке кетирбей, туура пайдаланууга аракет жасаӊыз. Жуманын аягын досторуӊуздун курчоосунда же жакындарыӊыздын жанында өткөргөнүӊүз оӊ. Түгөйлүү болсоӊуз, сүйүктүүӊүздүн айта албай жаткан оюн жакшылап угуӊуз. Бул сиздердин ортодогу мамиленин бекемделишин шарттайт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жылдыздар иш боюнча сапарга чыгарыӊызды эскертишет. Даярдыкты тыкыр иштеп чыгыӊыз. Антпесе унутуп калган буюм же шашып жасап койгон ишиӊиздин артынан убактыӊызды текке кетиресиз.
Сүйүктүүӊүз менен болгон конфликт күтүлүүдө. Ич ара сүйлөшүүлөрдү уруш менен баштап алсаӊыз да аягына чыгыӊыз. Натыйжасы сизди канааттандырарлык чечимдерге алып келет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чала тааныш адамдарга ишеним артпаӊыз. Мындай кырдаал жеке жашооӊузга да, ишиӊизге да тескери таасирин тийгизиши ыктымал. Айланадагыларга берген сөзүӊүздү иш жүзүндө далилдеп, ишке ашырыӊыз. Бул сиздин кызматтык потенциалыӊызды көтөрүп, «чынчыл адам» атка кондурат. Баштаган ишиӊизди аягына чыгарыӊыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта сизди бир нече тандоого туш кылат. Демек, кандай гана тандоо болбосун жакшылап ойлонуп, логика, билим багажыӊызга таяныӊыз. Бул сиздин күчтүү адам экениӊизди далилдөөгө себеп болмокчу. Тобокелчиликке баруу деле ашыктык кылбайт. Апта аягында акча жаатында маселе жаралышы ыктымал.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада баш айланткан ийгиликке ишене албай, убара болосуз. Иш жаатында жаӊы жумуш орду сунушталып, өзүӊүз каалаган кызматка ээ болушуӊуз күтүлүүдө. Сүйүү жаатында чыйралган мамиле чырт үзүлүп кетүү коркунучунда турат. Капаланбаӊыз, жаӊы таанышуулар же кайрадан элдешип жаӊы сезимдерди тутандыруу маселеси күтөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта туш тараптан түшкөн сунуштар, тууган-туушкандардын тапшырган иштерин аткаруу сыяктуу динамикалуу, бир жерде турууну талап кылбаган иштер менен башталат. Мунун баары сизге жүктөлө турган иштер болмокчу. Эмоцияӊызга эрк берип, жеӊилип калбаӊыз. Өзүӊүздөн чыгып кетип, жумушуӊуздун келечегине таасирин тийгизчү окуяга туш болуп калышыӊыз ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жылдыздар бул аптада сизди сабырдуу болууга чакырышат. Аптанын башында кыжырды кайната турган кырдаалдарга туш болосуз. Мындайда четке чыгып, «сеники чын» деген кенебестик мамиле сизге жеӊиш алып келмекчи. Эгер мындай кырдаалдарга даяр болбосоӊуз, 1 жумалык иш сапары, кызыктуу адамдар менен баарлашуу жуманын тез өтүшүн шарттап берет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Көптөн бери маани бербей жүрүп аягына чыкпай калган иштериӊиз тескери таасирин бере баштайт. Натыйжада пайда болгон оор жумуш же өнөктөштөрүӊүздүн сизге болгон ишениминин солгундашы жагымсыз абал жаратат. Маселени алдын алыш үчүн эптеп-септеп колдун учу менен иш кылбай, көӊүлдөнүп жасаӊыз. Апта соӊу жагымдуу көз ирмемдерге туш болосуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башында жаралган маселени чечем деп ар кай жакка чуркап жатып энергияӊыздын баарын коротуп салбаӊыз. Чымынды төө кылып көрмөй адатыӊыз сизге душман гана болмокчу. Оор басырыктуу болуп, жакын досторуӊузду жардамга чакырыӊыз. Сүйүктүүӊүздөн кеӊеш сурап алып, дүйнөнү өзгөртө турчу иштердин башын баштай бериӊиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Көп киреше табам деп белсенип иштөөгө умтуласыз. Бул үчүн ден соолукка оордук келе турган иштерди жасап калышыӊыз мүмкүн. Кырсыктардын алдын алып, коопсуздук эрежелерин туура аткаруудан эринбеӊиз. Иш көп болгондуктан эс алууга жетишпей калышыӊыз мүмкүн. Андыктан сүйүктүүӊүз, жакындарыӊыз менен бирге болуп, алардан жагымдуу энергия алганга аракет жасаӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сапарга чыгууга шарт болсо, бул нерсени жасаганыӊыз оӊ. Сизди тажатып жиберген чөйрө, маал-маалы менен кыжырыӊызга тие турган адамдардан арылууга ылайыктуу апта. Бирок адамдардын көӊүлүн оорутуп алуудан сак болуӊуз. Же эт эмес, же чел эмес болуп жүргөн адамыӊыз болсо, эгер сиз аны жактырсаӊыз, биринчи кадам жасоодон тартынбаӊыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Акча, мүлк, булардын баары экинчи планга чыга турган маал. Сиздин жан дүйнөӊүз азыктанууну, романтиканы жана адаттан сырткаркы нерселерди талап кылмакчы. Андыктан мелодрама жанрындагы тасма көрүп бир сыйра ыйлап алсаӊыз, жеӊилдеп каласыз. Эгер бул сиз үчүн күлкүлүү туюлуп жатса, анда жакын деп эсептеген адамыӊыз менен жан дүйнөӊүздү ачып сүйлөшүп алган деле жетиштүү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 643, 27-февраль-5-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан