ГЕЙШАНЫН БИР СААТТЫК КЫЗМАТЫ 700$

Силер билесиңерби?

Эркектерди тизе бүктүрүп, алардын дене кумарын кандырып, жан дүйнөсүнө майрам тартуулаган атайын кызматтагы аялдар бар. Алар – япон гейшалары. Эгерде сиз түгөйүңүзгө бакыт тартуулагыңыз келсе, алардын искусствосуна көз жүгүртүп, өзүңүзгө да сабак алыңыз.

БАШЫНДА...
Гейша деген түшүнүк 19-кылымдын башында пайда болгон дешет. Япон тилинен кыргызча которгондо “гей” – искусство, “ся” – адам деген түшүнүктү берет. Демек, гейшалар «искусство адамы» дегенди билдирет. Профессионал гейшалар 10 жашынан баштап тарбияланат. Сулуу, жаш кыздарды көпчүлүк учурда көчөдөн таап келишсе, айрым ата-энелер өздөрү кедейликтин айынан кыздарын гейшалыкка окууга беришчү. Тарбиячылар кыздарга жаш кезинен баштап эркектерге кандай жагымдуу маанай тартуулоону, ак сөөктөр менен кантип маектешүүнү, сыпайы отурууну, кимоно кийүүнү, бөлмөдөн арты менен дабышсыз жылып чыгууну үйрөтө турган. Гейша ар дайым кимоно кийип жүрүүсү керек. Чыныгы кимононун тигиши болбойт. Болгону, атайын белбоолор менен көйнөк формасына келтирилет.

КЕРЕМЕТТҮҮ ТҮН...
Гейшаны сойку деп түшүнгөндөр көп. Чынында Японияда сойкулар “юдзе” деп аталып, кызматы гейшалардыкынан таптакыр айырмаланат. Анткени гейша менен кумар кандыруу чанда гана боло турган көрүнүш. Адатта эркектер гейшалардан дене кумарын гана эмес, рухий байлык алып, алар менен маектешүүнү сүйүшөт. Интимдик катнашка барууда кардар гейшаны эмес, гейша кардарды тандоого акысы бар. Төшөк оюнун баштоодо эпчилдик менен эркектин жыныс мүчөсүнө атайын кийим кийгизүү, алардын салтына айланган. Бул оору жугузбоо үчүн колдонулат. Эркектин мүчөсүнө ылайыкталып жука териден жасалган атайын баштыкчалар ар кандай формада болот. Төшөк оюнун гейшалар эротикалык массаждан башташат.

Массаждын ыкмалары

  • Массаж киндиктен башталат.
  • Андан соң киндиктен ылдыйлап эркектин мүчөсүнө, жамбаштарына, буттарына жасалат.
  • Эркектин далысы, эмчеги, үрпү да унутта калбайт.
  • Андан соң эриндеринин жардамы менен каштарына, беттерине, эрдине, мурдуна массаж жасалат.
  • Массаждан кийин акырындык менен төшөк кумарына өтүшөт.

Төшөк кумарында гейшалардын жыныс кынынын тар болушу зор мааниге ээ. Көнүгүүнүн жардамы менен жыныс кынынын булчуңдарын башкара билип, эркектерге укмуштуудай рахат тартуулашат. Гейшалар төшөк оюну кезинде укмуштуудай фантазия менен эркектин эңсөөсүн кандырышат. Кызыгы, гейшалар төшөк кумарында эч кандай үн чыгарышпайт. Эмоциясын кыймылы, жүзүнүн жайнашы, көзүнүн кылгырышы менен билдиришет. Ошол эле учурда бир сөз же бир одоно кыймыл менен өзүнүн кадыр-баркын түшүрүшпөйт. Ошондуктан эркектер бул түнү өзүн сойкунун эмес, ханышанын коюнунда жаткандай сезишет.

ГЕЙШАНЫН СЫРЛАРЫНАН
Эркектерди өзүнө тартуу үчүн гейшалар төмөндөгүдөй ыкмаларды колдонушат:

  • Ар дайым жагымдуу жылмаюу. Анткени эркектер жылмайган аялды көргөндө өздөрүн эркин сезип, жеңилденет.
  • Эркектерди уга билүү, алардын каалоосу менен маанайын көз карашынан, жарым сөзүнөн түшүнүп, ошого жараша мамиле кылуу. Бул эркектин көңүлүн жай кылып, төшөк кумарын эңсөөгө жеткирет.
  • Гейшалардын бут кийими да өзгөчө болот. Жыгач кепич кийип, майда кадамдап басууга тийиш. Бул жыныс кынынын булчуңдарына таасир берип, жыныс кынынын тар болуусуна жеткирет.
  • Гейшанын сексуалдык сырларынын бири – “вумбилдинг” деп аталат. Мында көнүгүүлөрдүн жардамы менен аял жыныс кынын тарытып алууга жетишет. Көнүгүү төмөндөгүдөй жасалат.

Алгач жыныс булчуңдарын 5 секунд күч менен жыйрып, (ичке тартып) кайра коё берет. Жыйрып, кайра коё берүүнүн убактысын узартып отуруп, 30 секунд жыйрыганга чейин жетүү керек. Төрөт убагындагыдай катуу эмес акырын ыйынып, кайра жандыруу менен да жыныс кынынын булчуңдарын чыңдашат.

ГЕЙША ЖАНА БИЗНЕС
Японияда эркектердин 99 пайызы гейшалардын кызматына кызыкканы менен, бардыгы ал кызматтан пайдалана алышпайт. Гейша менен бир түн өткөрүү үчүн бир жылдык айлыгынын төрттөн бир бөлүгүн сарптоого туура келет. Болжол менен бир сааты 700 доллар. 20-кылымда 80 миңден ашык гейшалар болсо, учурда 20 миңге жетпеген эле гейшалар бар.


Эротикалуу приколдор

МЕН СЕНИ КҮТӨМ...

  • Бирөөнүн денесине жабышып, анын ысык демин сезгиң келеби? Анан албырып тердөөнүчү? Ыкмаларды алмаштыруу менен алга-артка кыймылдоонучу? Анда сени күтөм.

Сенин троллейбусуң.

  • Мен сени каалайм! Башыңды айландырып, сени төшөккө сүйрөгүм келет. Сенин алоолоп ысып, тердеп, апта бою онтооңду самайм. Сени менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм.

Сасык тумооң.

  • Сени аймалап, жамбаш-эмчегиңден бери эзгилегим келет. Алтургай сүртүп, “алигиңди” улам сүртүп, кызартууну каалайм. А сен мени кармаган бойдон албырып, тердесең...

Дене жышкычың.

  • Сенин кээде жылаңач бойдон мага жылмая тиктешиңди, жамбашыңды кыйшая көрсөтүп, кашыңды кагышыңды сагындым. “Алигиңди” да сырдуу тиктеп, кайра уялгандай колуң менен жаап алганыңчы?

Сенин күзгүң.

  • Эртеден бери сенин келишиңди чыдамсыздык менен күтүп жатам. Анткени келип мени оозуңа салып, ырахаттана узакка сорсоң. Мен ан сайын эрип, акырындап эзилип, оозуңду толтурсам. А сен кылк этип жутуп койсоң, чиркин...

Момпосуюң.

  • Үстүмө минип, жамбашың, “алигиң” менен жылытканыңды каалап жатам. Күшүлдөп-бышылдап кыймылыңды улам тездеткениң да кандай рахат. Акырында кумардан чыккан соң үстүмдөн шыпырылып түшкөнүңчү? Мунун баары мен эңсегендей...

Велосипедиң.


Кызык экен

МАШИНАДАГЫ ОЮН
Кээ бир өлкөлөрдө автомобилде секс менен алектенүү абдан жайылгандыктан, машина токтотуучу атайын жайлар бар. Андай жерге баргандар бири-бирине жолтоо болбошу үчүн ар бир орун тосулуп коюлган.
Машинада секс үчүн ыңгайлуу болуп арткы орундук эсептелет. Позалардан аял эркектин алдында отурган түрү ылайыктуу. Жайында төшөктүн кызматын машинанын копоту ойной алат. Болгону, ал үчүн алдыга салчу төшөктүн болушу зарыл.

КАМЧЫНЫН СЫРЫ
Илгери бир келинге абысыны үйрөтүп жатат дейт.

  • Эгер күйөөң атын мамыга байлап, камчысын ээр кашына илип койсо, анда чай ичкени эле келгени.
  • Эгер күйөөң камчысын жерге сүйрөп келатса, анда сенин ойношуң менен жолукканыңды билип калганы. Калыңыраак кийин.
  • Эгер күндүз эле камчысын куруна кыстарып келатса, анда төшөктү эңсеп келатканы. Дамбалыңды чече бер...

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
LIFE
2009-12-15 15:01:10
Бул жерде гейшалар тууралуу жакшы нерселер жазылыптыр. Бирок көпчүлүгү европалыктардын фантазиясынан улам келип чыккан түшүнүктөргө түздөн түз байланыштуу экендиги дароо эле байкалат. Гейшалардын сырларын айтып отуруу менен, жапон кыздарынын коомдогу ар түрдүү көз караштарга алып барууга себеп болуп жаткандай. Айрымдары силер жазгандай, чын эле гейшаны сойку катары элестеткендер бар. Бирок андай эмес.
0
LIFE
2009-12-15 15:03:06
Чындыгында, гейша болуу сиздердин макалаңыздардагыга бир аз жакын болсо да, башка нерсе. Алар ким менен төшөк кумарында болушу керек, канча мүлккө болот жана келечеги кандай болот, алардын коомдогу орду, таптагы кызматы боюнча жазылган эч кандай белгилер байкалбайт. Бул – абдан маанилүү. Ошондо гана кимонону кандай кийүү туура экендигин үйрөнүп, одори түрүндөн бий бийлеп, шямисэн сыяктуу айрым музыкалык инс
0
LIFE
2009-12-15 15:03:24
Ошондо гана кимонону кандай кийүү туура экендигин үйрөнүп, одори түрүндөн бий бийлеп, шямисэн сыяктуу айрым музыкалык инструментте ойноого милдеттүү болуп жана андан да көптү билиши керек болгон гейшанын жашоосун түшүнүүгө мүмкүн деп ойлойм.
0
new_hacker
2016-06-15 06:05:36
жаман
0
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан