«АЛ МЕНИН ӨЗ ЭНЕМ»

Жаздын эрте келгенине кичинекей Медер абдан сүйүндү. Анткени чоӊ энеси кышындасы «суук тийип калат» деп аны сыртка көп чыгарчу эмес. Эми эшикке канча кааласа чыга берсе болот. Медер чоӊ энеси конокко кеткендигинен пайдаланып жок нерсени шылтоолоп ылай буту менен тынымсыз үйгө кирип кайра чыга берди. Заматта мизилдете жуулган таза бөлмө карала-торала болуп булганды. Ыпыр-сыпырга толуп кетти.
Үйдү булгап жаман буту менен кирген досун уяткарып коём деген ниетте:
– Медер, уялсаӊ боло! Чоӊ энеӊ эртеден кечке үй жыйнайт, кыйналат. Бирөөнүн эмгегин да баалаш керек го?!- деди Болот деген досу акыл айтып.
Аны Медер тоотуп да койгон жок. Кайра чиренип туруп:
– Эмне, ал мага жат бирөө бекен?! Өз энем!- деп полду тарс тепкенде өтүгүндөгү кара балчык талп этип кийизге түштү.
Медердин бул жоругун ким, кандай талдайт? Балдар, ал туура кылдыбы? Апалардын эмгегин силер баалайсыӊарбы?




Жапарали Осмонкулов

Султан Төрөбеков
balakai@super.kg

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 643, 27-февраль-5-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан