Беттеш алдындагы спортчулардын психологиялык даярдыгы маанилүү маселе. Алар жеӊиш үчүн бардыгына даяр. Ар түрдүү ырым-жырымдарга ишенип, «бактылуу» тумарларын тагынып, шамандарды жалдаганга чейин барышат. Эмесе, спортчулардын ишениминдеги жеӊишке жеткирчү кадамдары тууралуу баян кылабыз.
«СЕН МЕССИДЕН МЫКТЫСЫӉ. МУНУ ЭМИ ОЮНДА ТАСТЫКТА!»Спортчуну финалдык беттешке даярдоо оӊой эмес. Алдыдагы оюнду утсаӊ чемпионсуӊ, утулсаӊ эч кимсиӊ. Демек, мындай учурда машыктыруучунун ролу чоӊ. Алар ыӊгайлуу учурда туура сөздү колдонуп, мыкты психолог боло алары турган иш.
Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондук-2014. Финалда Германия – Аргентина. Оюндун негизги убактысы 0:0 эсебин каттап, кошумча берилген убакыт өтүп жаткан маал. Германия курама командасынын насаатчысы Йоахим Лёв алмашууга 22 жаштагы Марио Гётцени чыгарууга камданып жатат. «Сен жадакалса Мессиден да мыктысыӊ! Муну эми дүйнөгө көрсөтчү мезгил келди». Бул жаш футболчу Гётцеге айтылган машыктыруучусунун сөзү эле.
«Дал ошол машыктыруучубуздун сөздөрү от ала албай жаткан унаага керектүү баскычты баскандай эле майнап берип, мени эки эсе күчтөнттү»,- деп билдирет немис футболчусу. Жыйынтыгында Марио Гётце оюндун бүтөрүнө 7 мүнөт калганда жеӊиштүү гол алып келип, чемпиондукту камсыз кылган.ШЫРГЫЙ МЕНЕН СЫРДАШКАН ЕЛЕНА ИСИНБАЕВА
Шыргый менен секирүүдөгү бир нече дүйнөлүк рекорддордун ээси Елена Исинбаеванын ар бир секирүүгө чыгар алдында өзгөчө ыкмасы бар. Ал 2003-жылы 4 метр 72 сантиметр бийиктикке секирип, алгачкы рекордду жараткан. Биринчи жолу эл дал ушул мелдештерде Еленанын шыргый менен сырдашканын байкашкан. Ал секирүү алдында бир канча секунд ордунда катып, өзүнчө шыбыранып, андан соӊ гана аткаруусун жасайт.
Бирок бул мелдештен соӊ Парижде өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта ийгилик жарата алган эмес. Кызыгы, мында Еленанын «сырдашуусун» байкашкан эмес. Ал эми кийинки жылы Афиныдагы Олимпиада оюндарында шыргый менен сырдашып, аталган оюндардын чемпиону аталууга жетишет. Ошол күндөн тарта бул кылыгы дайым уланып келет. «Шыргый менен эмне жөнүндө сырдашканым сыр бойдон эле калсын. Муну спорттук карьерам жыйынтыкталган соӊ гана айтам»,- деп билдирип келет орусиялык спортчу.
АЛЕКСАНДР ОВЕЧКИНДИН ТУМАРЫСолт-Лейк Сити-2002 Кышкы Олимпиада оюндарынын алдында Канада курамасынын хоккейчилери ийгиликке жоруп, оюндар ойнолчу муз аянтынын ортосуна күмүш тыйынды муз ичине тоӊдуруп коюшкан. Бул оюндардын жыйынтыгы Канаданын жеӊиши менен аяктап, 50 жыл күтүп келген Олимпиада чемпиону аталышат.
6 жылдан кийин ушул эле муз айдыӊда хоккей боюнча Дүйнөлүк чемпиондук өтүп, анда Орусия менен Канада кез келет. Бул оюнда жылдызы жанган орус чабуулчусу Александр Овечкин жеӊишти өз командасына алып берет. Оюн бүткөн соӊ ал баягы күмүш тыйынды издеп таап, конькиси менен чукуп алган. Ошондон тарта бул ийгилик тыйыны Александрдын алмашкыс тумарына айланган.
БАЙПАК АЛМАШТЫРБАГАН СЕРЕНА УИЛЬЯМС
Теннистеги мыктылардын гана сап башында эмес, ырымга ишенүү боюнча да биринчиликти бербеген дал ушул америкалык кара терилүү спортчу айым турат. Алсак, ал ар бир оюн алдында спорттук бут кийиминин боосун атайын өзгөчө байлап, кийген байпагын оюн бүткүчө эч алмаштырбайт.
Ал Австралия-2015 Ачык биринчилигинде Мария Шарапова менен болгон финалдык беттештин алдында бир канча жөрөлгөлөргө маани бергенин да айтып өттү. «Бул финалдык беттешке чыгарда бир канча мүнөт атайын караӊгы жайга барып, өзүм менен өзүм болгум келди. Үстүмө сүлгүнү жаап алып, өзүмө болгон ишеничти күчөтүп да алдым. Бул кылыгым кандай жардам бергенин өзүӊөр көрдүӊөр. Мындай жөрөлгөм эми көп жолу кайталанат шекилдүү»,- деп агынан жыгылган.
Бул жоругу чындыгында жардам бердиби, айтор, аталган оюнда Серена Уильямс атаандашына эч мүмкүнчүлүк бербей жеӊип алган.
ОЮН АЛДЫНДА КАНДАЙ ЫРЫМ КОЛДОНОСУЗ?Айдана Оторбаева, Кыргызстан курама командасынын футболчусу:
– Футболчулар арасында оюн талаасына оӊ бут менен кирүү кеӊири колдонулган ырым. Мен да ушуну колдоном. Сологой болсом да апам "футбол талаасына болгон биринчи кадамыӊ оӊ бут менен болсун" деп көп айтат. Апам эмнеге минтип айтат билбейм, бирок ушуну дайыма колдоном.Айперим Акишева, АКШдагы «Иглс» командасынын волейболчусу:
– Спортчулар ырым-жырымдарга көп ишенет деп уккам, бирок мен мындайга анча ишене бербейм. Менде оюндарда ырым-жырым колдонбой коюп ийгиликсиз ойноп калган учурлар болгон эмес. Андыктан эч бир жөрөлгө колдонбойм. Ар бир оюнда ийгиликтин болушу гана маанилүү экенин билем.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg