Жыл жаӊырарда «Кыргызстан Бажы союзуна кошулары менен жеӊил унаалардын баасы кымбаттайт» деген каӊшаар кеп карапайым калкты, өзгөчө унаасы жокторду бир сыйра дүрбөлөӊгө салган. Бирок билермандардын «диагнозу» таптакыр тескери чыгып, азыркы тапта чет өлкөдөн жеӊил унаа ташыгандардын айрымдары пайда тапмак турсун, өз акчаларынын ордун тургуза албай жаткан чагы экен.
«УНАА ТАШЫГАН ФИРМАЛАРДЫН АЙЫНАН САТУУЧУЛАР ЖАПА ЧЕГИШТИ»
Миӊ укканча бир көргөн артык эмеспи. Биз Бишкек шаарынын четинде жайгашкан автобазарга барып, «аба ырайын» өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Максатыбыз – жеӊил унаалардын баалары кандай болууда, унаа алууга карапайым калктын чама-чаркы жетеби деген суроолорубузга жооп алуу. Базарда алуучулардан унаа көп. Короого батпай калган жетим козудан бетер базардын ичинде орун жок, сыртта, жолдун жээгинде токтогон унаалар жыкжыйма. Сыртынан караган кишиге соода кызуу жүрүп жаткандай сезилет, жакын барып кулак төшөсөӊ, «рассрочкага бересиӊби?», «алмаштыралы, үстүнө акча кошуп берем» деген эле кишилер. Соода кандай болуп жатканын билүү үчүн сатуучулардын бирин кепке тарттык. Өзүн Альфан Матаипов деп тааныштырган каарман буларга токтолду:
– Көп жылдан бери Япониядан оӊ рулдуу жеӊил унааларды ташып келип сатам. Акыркы 2 айдан бери унаалардын баасы түшүп кетти. Унаанын арзандашына рублдун курсунун түшкөнү себеп болууда деп ойлоп жатабыз (ред. сатуучулардын айтымында, унаа сатып алгандардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштеп жаткан мигранттар болчу). «Качан рублдун курсу көтөрүлгөндө унаа да кымбаттайт» дешүүдө.
Мындан тышкары чет өлкөдөн Кыргызстанга өтө көп машина ташылганы да баанын төмөндөшүнө алып келди. Мисалга алсак, Тойота Виш үлгүсүндөгү унаанын баасы 2 ай мурун болжол менен 6200 доллар болсо, азыр 5000 долларга деле тапса болот. Азыркы баа карапайым калктын чөнтөгүнө кыйынчылык туудурбайт. Унаа сатып пайда табам деп, тескерисинче, күйгөндөр көп болууда. Унааларды өз баасына сатсак сүйүнүп жатабыз. Азыр менин 15ке жакын машинам өтпөй турат. Элде болсо кризис. Өкмөт бир ай мурун «заказ кылган унааларыӊарды киргизип алгыла» деп эскерткен. Бирок бул жакта машина ташыган ар кандай менчик фирмалар бар. Кээ бирөөлөрү тез эле жеткиришет, айрымдары 2-3 айга чейин создуктуруп жиберишет. Алар кечиктирип алып келип калгандыктан, унааны заказ кылган ээлери күйүп жатышат да. Кардарлар «быйыл Бажы союзуна кошулабыз» деген маалда жылдагыга салыштырмалуу көп болгон, жаӊы жылдан кийин азайды.
«КЭЭ БИРӨӨЛӨР ҮЙЛӨРҮН КҮРӨӨГӨ КОЮП, КҮЙҮП КЕТИШТИ»
Дагы бир сатуучу Азис Туратбековдун кебине кулак төшөдүк:
– 7 жылдан бери Европа өлкөлөрүнөн машина ташыйм. Азыр чет өлкөдөн унаа ташыгандар жок. Себеби бажы төлөмү кымбаттады. Жаӊы жылдан мурун алып келген унааларыбызды сатып түгөтө албай жатабыз. Мисалы, менин 10го жакын машинам базарда турат. Базарда унаа койгон ордун да кымбаттатып жиберишти. Кээ бирөөлөр үйүн күрөөгө коюп машина алып келип күйүп кетишти. Бажы төлөмү кымбаттап, унааларын чыгара албай калгандар да бар. Элдин баары эле машина сатып алды окшойт, соода аз. Биздин кардарлар көбүнчө казактар болчу. Алар да эми Орусиядан алышып, бизге келбей калышты.
«ЖУМАСЫНА 100-150 УНАА САТЫЛУУДА»
Базардын жүрүшүн ал жакта иштегендерден артык эч ким билбесе керек деген ой менен Назир Коконбаев аттуу күзөтчүгө кайрылдык:
– Базарда күзөтчү болуп иштеп жатканыма жарым жылдай болду. Бул жакта 5 миӊге чукул машина турат. Машина ташыгандар жаӊы жылга чейин көп унаа алып келишкен болчу, андан кийин ташыбай деле калышты. Мурда унаанын өтүмү жакшы эле, азыр жумасына болгону 100-150гө жакын машина сатылууда. Дем алыш күндөрү унаа көбөйүп, базарга батпай, сырттагы жолго чейин коюп жатышат. Базардын ичине унаа киргизгендер болжолдуу түрдө жумасына 400 сом төлөшөт. Сырттагылар төлөбөйт.
«УНААЛАРДЫН БААЛАРЫ АРЗАН ЭКЕН»
Унаалардын баасынын түшүшү сатуучуларды санаага салса, алуучуларды кубантары айдан ачык эмеспи. Унаа алчулардын бири Кутман Арыкбаев базар баасы тууралуу ой бөлүшө кетти:
– Өзүм Тогуз-Торо районунан келдим. Унаа алайын дегем, азыр караштырып жүрөм. Базарда унаалар арзан, карапайым калкка ыӊгайлуу баа экен. Бирок азыр элде деле акча көп эмес, ошондуктан алуучулар аз. Өз оюмду айтсам, биздин акчага, жолдорубуздун абалына Япониядан чыккан унаалар ылайыктуу.
«УНАА ЗАКАЗ КЫЛГАНДАР АЗАЙДЫ»
Япониядан чыккан унааларды сатуучу компаниялардын биринин менеджери Адылбек Жумашевге кайрылып, азыркы абал тууралуу оюн уктук:
– Биздин фирма Япониядан унаа ташыйт. Жаӊы жылдан кийин унаа заказ кылгандар азайды. Ага чейин унаа алдыргандардын саны арбын болчу. Ошол кезде көп адамдар насыя алышып, унаа заказ кылышкан эле. Угушумча, унаа ташыгандар 1500гө жакын унааны бажы төлөмүн төлөй албай, терминалдан чыгара албай калышты. Азыр деле 500дөй унаа бажы кызматынын унаа токтотуучу жайында токтоп турат. Ал эми көп унаа алып келип алгандар азыр унааларды өз акчаларына сатса кубанып жатышат. Ошондуктан бизге заказ кылгандардын саны да азайды. Эми биздин фирма Кыргызстанга автотетиктерди ташысакпы деп жатабыз. Мындан тышкары бул жакта отуруп алып Грузия, Орусия сыяктуу өлкөлөргө унааларды Япониядан түз сатып жатабыз.
БАЖЫ КЫЗМАТЫ ЭМНЕНИ ЖАШЫРУУДА?
Учурда бажы төлөмдөрү төлөнбөй, «камакта» жаткан унаалардын саны канча? Алардын тагдыры эмне болот? Бажы алымы көбөйгөндөн кийин чет өлкөдөн кирген унаалар азайдыбы же көбөйдүбү деген сыяктуу жөнөкөй суроолорубузга жооп алуу максатында Мамлекеттик бажы кызматына кайрылып, 2 жума бою бир да кызматкеринен жооп ала албадык. Кабылдамасына чалсак, «жетекчиге кайрылгыла» дейт, жетекчисине чалсак Медина аттуу катчысы алгач «бул боюнча басма сөз кызматы менен макулдашкыла» деди. Басма сөз кызматынын жападан жалгыз кызматкери Нурия аттуу айымга байланышканыбызда, ал «жетекчиден уруксат алайын, сиздерге өзүм чалып коём» деген боюнча дайыны жок. 2 жума бою Нурия айымдын жумуш телефонуна да, кол телефонуна да чалып алдыра албай койгондуктан кабылдамасына чалсак, катчы кыз «Нурия эже жумушунда болуш керек болчу, ордунда жок бекен?» деп кайра бизден сурайт. Өз алдыбызча бажы төлөмдөрү төлөнчү жайда токтотулуп турган жайга барсак, ал жердин кызматкерлери да өз алдынча жооп бере алышпайт экен. Алардын бири токтоп турган унаалар күн сайын четинен суюлуп жатканын, автоташуучулар айткан 1500гө чукул унаанын 250гө чукулу калганын айтты. Жөнөкөй эле суроолорго жооп берүү ушунчалык оорбу же бул жерде жашыра турган маселелер барбы, айтор, табышмак...
Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
koom@super.kg