Булуттан чыккан айга окшоп бир көрүнүп, кайра жок болууну адатка айланткан Абдумалик Шерматовду билбегендер жок болсо керек. Бул агабыз бир кезде мурдагы жубайы Динара Акулова менен "Кош жылдыз", кичинекей Гүлмира менен "Балалык" деген ырларды ырдап аты чыккан. Андан кийин жок болуп кетип, кайра концерт берем деп камынып жүргөн эле. Муну айткан себебим, мындан 9 жыл мурун бир нече күндүк концерт баштап алып, аягына чыкпай калган болчу.
Эми ырчы, актёр кайрадан пайда болуп, аялзатынын майрамына карата концерт тартуулайм деп турган чагы. Анын үстүнө 50 жашты дагы багындырып коюптур.
"Айымдар болбосо биз кимди сүйүп, кимди самайбыз? Биздин жашоонун гүлү аялзат. Мени канча аял сүйөрүн билесиӊер. 50 жылдык юбилейимди болсо концерттен кийин белгилүү ресторандардын биринде чыгармачыл досторумдун, жакындарымдын курчоосунда белгилейм. 50 жашка чыгыш оӊойбу, 8 кыз, 6 уул, 6 неберелүү болдум",-дейт Абдумалик мырза.