Күйөөсүнө каршы кылмыш иши козголгонунан улам президентке таарынып, оппозицияны көздөй ыктаган Аида Салянова күтүлүп жаткан кадамды жасады. Башкача айтканда, 19-февралда «Күчтүү Кыргызстан» деген партиянын төрайымы болуп дайындалганы тууралуу маалыматтар пайда болду. Аталган партия Юстиция министрлигинде адегенде 2005-жылы «Жарык Кыргызстан» деп катталган. Кайрадан каттоодон өткөн партия «Күчтүү Кыргызстан» деп аталышын өзгөрттү. Ага төрагалык кылып келген энергетика маселелери боюнча эксперт Расул
Умбеталиев Аида Саляновага орунун бошотуп берип, эми экөөлөп шайлоонун камын көрө башташты. Кызматтан кетип, саясатка аралашкан адамдардын эми таштай турган кадамын Кыргызстанда оӊой гана жоромолдоого болот. Салянова да бул жагынан таӊ калтыра албады. Ал дагы мурункулардын изи менен кетип, күйөрмандарды чогултуу аракетин кичи мекени Нарын өрөөнүнөн баштады.
Журналисттерге берген маалымат жыйынында ал «Мага «Манас» орденин ал деп эч ким кайрылган жок, беришсе алмакмын» деген эле. 20-февраль күнү II даражадагы «Манас» орденин ал Президенттик администрация башчысы Данияр Нарымбаевдин колунан алды.
26-февралда Улуттук коопсуздук кызматы Аида Салянованын күйөөсү Бакыт
Абдыкапаровго "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", «алдамчылык» беренелери боюнча айып тагылганын жарыялады. Аида Салянова жолдошунун бул иште күбө катары гана өтүп жатканын айткан болчу. Буга чейин жарыяланган маалыматтарга караганда, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчилигине козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн 50 миӊ доллар алгандардын арасынан күбөлөр Бакыт Абдыкапаровдун бул ишке тиешеси бардыгын айтышкан.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg