КЕЛДИБЕКОВ КАЙРА КЕТЕБИ?

Чет элден дарыланып келген Жогорку Кеӊештин экс-спикери Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Тактап айтканда, ал үй камагында болот. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 20-февраль күнү чыгарды. Буга чейин прокуратура Келдибековду №1-СИЗОго камакка алуу өтүнүчү менен кайрылган болчу, бирок өтүнүч канааттандырылбады.
Үй камагына чыккан депутат кечки саат 20:00дөн таӊкы саат 8:00гө чейин үйүндө болушу кажет. Буга катар ага бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүгө, митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Сотто эл өкүлүнүн жактоочусу Азимбек
Бекназаров
Ахматбек Келдибеков өзүнө тагылып жаткан айыптар менен тааныша элек болгондуктан убакыт бөлүп берүүнү өтүндү. «Мага коюлган күнөөлөрдүн бирин да моюнума албайм, алар мага түшүнүксүз»,- деди сотто Келдибеков. Жыйынтыгында соттук иш 3-мартка жылдырылды.
Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген. Анын коомдук жактоочусу Мамбетжунус Абылов Келдибеков дарыланууну улантуу үчүн кайрадан чет жерге кетиши керектигин, муну тастыктаган тийиштүү медициналык аныктамалар бар экенин айтты. Мындай даярдык сот процессинин жүрүшүндө Келдибековго жагымсыз кырдаал пайда болсо ал ушундай шылтоо менен Кыргызстандан чыга качат деген ойлорду жаратууда.


Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Bakulya79
2015-03-02 15:39:08
Ооруп эле олуп баратыптырбы.мыйзам чегинде жооп берсин.башкаларга да сабак болсун.
-2
Kg.lady
2015-03-02 16:40:37
Кезинде аттай болуп эле чет олколордо, сауна, билярд, кафелерде жургондо ооруганга деле чололору тийбегенда байкуш чиновниктер! Бардык чондорду карасан камакка алынгандале ден соолугу начарлап ооруканага тушуп калышат. Булардын органдарыда инкубатырдан чыкканда окшошуп. )))
-2
Nuranna_93_kg
2015-03-03 03:44:32
Ызылдабай тургулачы!"Мага коюлган куноолордун бирин да моюнума албайм алар мага тушунуксуз" деп жатпайбы.Ак болгону учун айтып жатат,мына калын эл кубо!Ушундай эл учун кызмат кылган адамдарды саясий куугунтукка алышты Мырзакматовду баш кылып.
0
bakyt_2015
2015-03-04 13:23:06
Ким эле ооба мен куноолуумун, жеп койдум эле демек эле. Ууру тойгончо жеп, олгончо карганат дейт.Бекназарову тагылган айып менен тааныша элек убакыт бергиле дейт.Бул эмне деген доопоростук,же башка элдин баары жинди озун эле акылдуу сезип аткандагысыбы. Таза болсо Садыр Жапаровду сотко берип,жалаа жапканы учун соттотуп озунун ак экенин далилдебейби.Мына жонокой эле мисал.Биздин соттор да кызык эмне эле созуп атат тушунбойм.
0
Taalaibek.
2015-03-07 07:51:55
Камай албайт окшойт. Себеби эптеп жылды узартып жатышат. Жакында жазасы бутот деп жатышат.
0
chon-alai90
2015-03-08 15:08:33
ак болсо не камалат экен анын эч кандай кылмышы жок да саясий кугуунтук.ак ийилет бирок сынбайт.
0
№ 643, 27-февраль-5-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан