«Ар-намыстын» ана башчысы Феликс Кулов менен КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүү боюнча мыйзам долбоору депутаттар тарабынан колдоого алынган жок. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеӊешке өтүү үчүн партия шайлоого катышкандардын 5 пайыздан жогору добушуна ээ болушу керек эле. Кийин 2011-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилип босоголук чек 7 пайызга көтөрүлгөнү маалым.
Аталган мыйзам долбоору бир катар эл өкүлдөрүнүн каршылыгына дуушар болуп, айрымдар 10 пайыздык чектен бир да партия өтө албайт деген ойлорун да айтышты. «Өнүгүү-Прогресс» партиясын түптөп, шайлоого өз алдынча барууну мелжеп турган депутат Бакыт Төрөбаев «10 пайыздык босого жаш партияларга бөгөт болуп калат» деп чыкты. Ал эми мыйзамдын долбоорунун автору Феликс Кулов «эгер шайлоодо бир эле партия 10 пайыздык босогодон өтсө, андан кийинки көп добуш алган үч партия да мандатка ээ боло алат. Демек, парламент төрттөн кем эмес партиядан түзүлөт. 10 пайыздык босогодон өткөн партия парламентте 65 мандатка ээ болот, калган 55 мандатты үч партия бөлүп алышат. Эгер 10 пайыздык чектен 2 партия өтсө, алар 65 мандатты бөлүп алышат. Парламентте төрттөн кем эмес партиянын болушу – көп партиялуу системди өнүктүрүү жолу" деп түшүндүргөнү менен, аталган мыйзам долбоору биринчи окууда эле четке кагылды. 50 депутат мыйзам долбоорун колдосо, 49 эл өкүлү «каршы» деген добуштарын беришти.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg