25-февраль күнү Алманбет Анапияевдин жан сакчысы жана анын өлүмүнө жалгыз күбөмүн деген Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөсү интернетке тарады. Гезит басууга кетердин алдында ачыкка чыккан көрсөтмөнүн урунттуу учурларын сунуштайбыз. Анапияев тууралуу кенен материалды 12-беттен окуй аласыздар.
«ЧҮПҮРӨККӨ ОРОЛГОН БИР НЕРСЕНИ КӨТӨРҮП ЧЫГЫШТЫ»
1989-жылкы, Ош облусунун Озгур айылынан болгон Гүлжигит Абилазизов: «Минск шаарынын Москвина көчөсүндө жайгашкан 8-үйдө Алманбет байке экөөбүз эле турчубуз. Мен жашаган 2 ай аралыгында Айбек деген бою узун, сакалчан киши келип-кетип жүрчү. 17-февраль күнү кечинде үйгө үч киши келди. Бири мен айткан Айбек, экинчиси башка улуттагы адам, чечен же дагестандык, үчүнчүсү 50 жаштын тегерегинде курсактуу, ак чач жана көз айнекчен киши экен. Мени Алманбет байке сыртка чыгып тур деди",- деп билдирди. Андан ары жан сакчы көрсөтмөсүндө жогорудагы үч киши бир канча убакыттан кийин чүпүрөккө оролгон бир нерсени көтөрүп чыгышканын айтып, үйгө өзү кирген соӊ Алманбет
Анапияевди таппай калганын билдирген. Гүлжигит Абилазизовдун айтымында, ал үйдөн кийим-кечесин жана чогултуп жүргөн акчасын алып чыгып такси менен Москвага келген. «Москвага кетпесем Минскте өлтүрүшмөк. Кыргызстанга барсам аяктан да өлтүрүшөт деп ойлоп, Москвада 2 күн баш катырдым. Анан акыры Кыргызстанга келип, милицияга болгонун айтып берейин дедим. Ички иштер министрлигинен мени коргоого алууну сурандым»,- дейт ал. Гүлжигит Абилазизов көрсөтмөдө айткан үч кишини Жаныш
Бакиев, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы, учурда издөөдө жүргөн Айбек Абдразаков жана Жаныш Бакиевдин жан жөкөрлөрүнүн бири Рустам Сайдуев деп тааныды. 26-февраль күнү Минскте Анапияевдин өлүмүнө шектүү катары Айбек Абдразаков кармалды деген маалымат тарады. Беларустун укук коргоо органдары бул маалыматты төгүндөп жатышат.
ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Гүлжигит Абилазизов Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча иште баалуу күбө катары атайын коргоодо.Алмазбек Атамбаев: «БЕЛАРУСТУН БИЙЛИГИ БАКИЕВДЕРДИН АЙБАНДЫК ЖАНА МЫКААЧЫЛЫГЫНА КӨЗҮ ЖЕТИШИ ҮЧҮН АЛАР ДАГЫ КИМДИ ӨЛТҮРҮШҮ КЕРЕК?»
Президент Алмазбек Атамбаев криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин өлүмүнө Беларуста баш паанек тапкан Бакиевдердин тиешеси бардыгы боюнча билдирүү жасады:
– Жаныш Бакиевдин мурдагы өзүнүн жакын адамынын үстүнөн Минск шаарында жүргүзгөн кандуу криминалдуу териштирүүсү Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларуста өздөрүн эч кандай жазага тартылбасын сезип, баш кесерлери менен кандуу жолун улантып жаткандыгын ырастап отурат. Бул туурасында кылмыштын күбөсүнүн көрсөтмөсү ачык-айкын далилдеп, Жаныш Бакиев жана жан жөкөрлөрү Анапияевди өлтүргөндүгүнөн эч шек туудурбайт.
Урматтуу Александр Григорьевич Лукашенко жана беларусь эли көркоолорду колтугуна катып алгандыгын акыры түшүнөт деп тереӊ ишенем.
Кыргызстандыктар Бакиевдердин буйругу менен Бишкектин борбордук аянтында карапайым адамдарды аттырган 2010-жылдын жазын эч качан унута албайт. Бул канкорлор адамдарды тирүүлөй өрттөгөнү, журналисттерди бычактаганы, бизнесмендердин колу-буттарын сындыргандыгы, курмандыктарынын кулагын, мурдун кесип таштаганы менен элдин эсинде.
Беларустун бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык маӊызына көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек?
Дээрлик беш жылдан бери Кыргызстан Минсктен эл аралык конвенцияларга ылайык, кылмышкерлерге издөө салуу, кылмыштык куугунтуктоо жана кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча милдеттерин аткаруусун талап кылып келет. Бирок Беларустун жетекчилиги Бишкектин мыйзамдуу талаптарын четке кагып келди. Ал эле эмес Беларуста бул бандиттердин жүргөнүн колдоп, улуттук паспорттор, мамлекеттик сыйлыктар берилип, мааракелери менен куттуктоолор болуп жатканын ырастаган маалыматтарды алып турдук. Беларустун жетекчилиги Кыргызстанда карапайым жарандарды өлтүргөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылган кылмышкерлерди мындан ары калкалабайт деп үмүттөнөм,- деди Атамбаев.
Ажонун билдирүүсү менен катар эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да расмий билдирүү таратты. Анда ведомство Беларустан Минск шаарындагы криминалдык авторитетти өлтүрүүгө аралашкан экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрүн кармап, Кыргызстанга өткөрүп берүүнү талап кылган.
Эльвира Караева
politika@super.kg