Шамарал Майчиев, Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча кеӊешинин төрагасы: «БИЗДИ БАШКАРУУГА АРАКЕТ КЫЛЫШАТ, БИРОК АГА ЖОЛ БЕРБЕЙБИЗ»

2011-жылы Сотторду тандоо боюнча кеӊеши түзүлгөн. Карапайым эл чоӊ үмүт арткан бул кеӊеш сатылма, кубулма, чечкинсиз сотторду креслосунан алып, чынчыл, адилет, билимдүү сотторду кызматка коюшу керек болгон. Эми ошол сотторду тандоо иши жыйынтыкталбай, созулуп эле бараткандай. Мындайда көп суроо туулат эмеспи. Андыктан биз Сотторду тандоо боюнча кеӊешинин төрагасы Шамарал Майчиевден коомчулукка кызык болгон айрым суроолорго жооп алып кайттык.

МАЙЧИЕВ ШАМАРАЛ ЮСУПОВИЧ

  • 1962-жылы Токмок шаарында туулган.
  • 1982-1987- жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетинде билим алган.
  • 1991-1998-жылдары жеке юридикалык фирмасын түзүп жетектеген.
  • 1998-жылдан тарта «Улуттук юридикалык корпорация» бирикмесинин башчысы.
  • 2011-жылдан бери Сотторду тандоо боюнча кеӊешинин төрагасы.
  • Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы.

– Сотторду тандоо боюнча кеӊешинин төрагалыгын жакында кайрадан аркалоого кириштиӊиз. Биринчи ирет кандай кемчиликтерди баштан өткөрдүӊүздөр?
– Азыр коомчулук Сотторду тандоо боюнча кеӊештин ишин ынтаа коюп байкап тургандыгы чындык. Биринчи курамда деле колдон келишинче так иштедик деп айта алам. Өзүӊөр жакшы билгендей, Конституцияга жана «Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча кеӊеши жөнүндө» мыйзамына ылайык, Сотторду тандоо боюнча кеӊешинин негизги милдеттери – Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо жана аларды андан ары шайлоого парламентке сунуштоосу үчүн президентке сунуш кылуу болуп саналат. Ошондой эле жергиликтүү сотторго да талапкерлерди тандоо жана тандалгандарды дайындоосу жана которуусу үчүн президентке сунуш кылуу милдетибиз болуп эсептелет.
Мурунку кеӊештин ишинде объективдүү жана субъективдүү бир катар себептерден улам айрым кыйынчылыктар болду. Кеӊештин иштешине, ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга ылайыктуу шарттар дароо эле түзүлө койгон жок. Отурумдарды өткөрүү үчүн туруктуу залыбыз жок болуп, талапкерлер жазуу ишин аткара турган бөлмөлөр, катчылык жана архив үчүн кабинет сыяктуу шарттарга кийин гана жетиштик. Өз басма сөз борборубуз, басма сөз катчыбыз дароо болбосо да, биздин иш ЖМКлардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн байкоосу менен коомчулуктун көз алдында ачык-айкын жүрүп жатты. Коомдун ар түрдүү катмарларынын жана айрым бийлик өкүлдөрүнүн кеӊештин ишине ар түрдүү формада кийлигишүү, кысым көрсөтүү аракеттери да болбой койгон жок. ЖМКларда кээде буйрутма материалдар да жарыяланып жатты.
– Деги эле канча бош орунга судья тандап алууӊуздар керек? Жакында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоого сынак жарыяладыӊыздар. Мурдагы сынактан азыркысы эмнеси менен айырмаланат?
– Анча-мынча статистикага көӊүл бура кетсек: Жалпы республика боюнча судьялардын орду – 447. Анын ичинен Жогорку Соттун Конституциялык палатасы – 11 орун; Жогорку Соттун судьялары – 35; Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунда 401 орун бар. Сынак 201 кызмат ордуна жарыяланган. Сынактык тандоого катышууга 615 киши арыз берген. Ал эми жакында боло турган Кыргызстандын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын бош кызмат орундарына сынакка катышууга 14 кишиден арыз түштү. Бош орун болгону үчөө. Демек, бир орунга 5 киши ат салышат десек болот. Сынактын талаптары да мурдагыдан кыйла күчөтүлгөн.
Мурда да сынак 3 турда өткөрүлүп, биринчисинде документтер сынагы, экинчисинде дил баян, эссе жазмай жана укук тармактары боюнча оозеки сынак, үчүнчүсүндө кесиптик маанилүү сапаттарына баа берүү болчу. Акыркы турда талапкердин тагдыры кеӊеш мүчөлөрүнүн добуш берүүсү менен чечиле турган. Азыр болсо эӊ башкы өзгөчөлүк –
субъективдүүлүккө жол бербөө үчүн мыйзамга киргизилген өзгөртүү боюнча кеӊеш мүчөлөрүнүн добуш берүүсү алынып салынды. Мурдагыдай эле 3 тур калтырылып, алардын ирети өзгөртүлдү жана талаптары күчөтүлдү. Эми 1-турда талапкер укук тармактары боюнча оозеки сынактан өтөт. Баштагыдай 10 суроо эмес, эми 20 суроо берилет. Ар бир туура жооп 1 баллдан эсептелет. 2-турда талапкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизделген укуктук темадагы дил баянды жалпы кеӊеш мүчөлөрүнүн көз алдында жазат. Бул жазуу ишин кайра оозеки баяндап, талапкер суроолорго да жооп берүүсү керек. Ал эми 3-тур – кесиптик маанилүү сапаттарына баа берүү да талапкердин профессионалдык-инсандык жактан кынтыксыздыгын сындан өткөрүүнү максат кылган татаал, күтүүсүз суроолорго жооп берүү болуп саналат. Ушундай катаал сыноодон татыктуу өткөн талапкерлер аларды андан ары шайлоого Жогорку Кеӊешке сунуштоосу үчүн президентке сунуш кылынат.
– Сиз Сотторду тандоо боюнча кеӊешинин төрагасы катары кеӊештин ишинин туура же туура эмес уюштурулушу республикабызда жүрүп жаткан, натыйжасын элибиз чыдамсыздык менен күтүп жаткан жалпы сот реформасына кандай таасир берет же берди деп ойлойсуз?
– Ооба, реформанын жүрүшү боюнча ар кандай, көбүнчө сын пикирлер айтылууда. Мына ошол сын айтуу мүмкүндүгү да биздин кеӊештин ачык-айкын иштешинин жемиши болду деп эсептейм. Кеӊештин иши тууралуу ачык, так, жеткиликтүү маалыматтар кеӊештин веб-сайтында жана ЖМКлар аркылуу дайыма өз убагында чагылдырылып турат. Тандоо иши ЖМКлардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн байкоосу менен коомчулуктун көз алдында ачык-айкын жүргүзүлөт. Отурумдарда видео жана аудио жазуу жүргүзүлүп, алар кийин интернетке жайгаштырылат. Ушундай тыкыр тандоонун аркасында азыр республиканын судьялар корпусунун 33 пайызы жаӊыланды. Дайындалган судьяларда гендердик баланс 45 пайызга сакталган. Улуттук жана аймактык теӊдештик да эске алынган. Биз эӊ башкысы идеалдагы судьянын профилин, образын тактап иштеп чыктык.
– А судьянын профили дегенди кандай түшүнсөк болот?
– Мыйзамдарда судья деген түшүнүккө жана бул кызматтын кесиптик келбет-профилине так аныктама берилген эмес. Талапкердин татыктуулугун аныктаган критерийлерди тактоо менен биз нагыз судья ким, кандай адис болушу керек экендигин тактап чыктык.
– Судьяларды тандоо процессинде кесипкөйлүктүн таламдарынан мурда саясий өӊүттөн басым жасалып жаткан жокпу?
– Ар кандай конкурс – бул конфликт, кызыкчылыктардын кагылышуусу. Анын үстүнө талапкерлер көп, бош орун болсо аз. Коомчулуктун ар кандай өкүлдөрү кеӊештин ишине кийлигишкиси, таасир эткиси келери турган иш. Бирок биз буга жол бербейбиз.
– Эми өзүӊүзгө келсек. Ата-энеӊиз, киндик кан тамган жериӊиз, ошондой эле бала кезиӊиздеги эсте калган кылык-жоруктарыӊыз жөнүндө айтып берсеӊиз...
– Чоӊ атам – Майчи ажы. 100гө чыгып, 1943-жылы каза болгон. Атам – Жусуп. Мен 5 жашка толгондо 1967-жылы дүйнө салды. Атам эсимде даана эле калды. Мени абдан жакшы көрүп, эркелетип турар эле. Энем Шекер турмуштук тарбия бере турган ар кандай окуяларды көп айтып берчү. Ата-энем жөнөкөй эле адамдар болчу. Тентектик деле эмес, мен 5 жашар кезимде бир күнү үйдө эч ким жокто өзүм билемдик иш кылганым эсимде. Биздин чакан чарбагыбыз бар эле. Жаз келип калган. Карасам жер жумшак, күрөк алып каза баштадым. Бир нече убакытта 10 чарчы метрдей казып койдум. Чарчап, өзүм сүйүнүп, апамды да сүйүнтөм деп отургам. Апам келгенде чуркап чыктым. Анан "апа, мен огород казып койдум" деп мактандым. Апамдын негедир ачуусу келди. "Балам, сен эч качан жерди казба, жерди караба. Сен китеп оку, билим ал, доктур бол!" деп күрөктү алып ары жакка катуу ыргытты. Анан мени кучактап, "балам, оку, билим-илимсиз жолуӊ ачылбайт. Билимдүү адамдардын убактысы келе жатат. Сен доктур, академик бол. Күрөктү колуӊдан көрбөйүн" деп башымдан сылап, таалим сөздөрүн айтты. Азыр өзүм бир үйдүн ээси, балдардын атасы болсом да ошол окуя эсимден такыр кетпейт. Келинчегим Салтанат технолог. Бир уул, бир кызым бар. Уулумдун аты Исраиль, студент. Кызымдын аты Ассират, мектеп окуучусу.
– Маегиӊизге рахмат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
_KipchaK_
2015-03-11 15:51:15
Калп айтып не кереги бар?
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан