Кыргыз тасмаларында, клиптеринде роль жараткан узун чачтуу Рахматулла Табалдиев аттуу актёр бар. Экрандан көргөн киши аны зулум, жүрөгү таш киши катары сыпатташы мүмкүн. Анткени ал көпчүлүк учурда терс каармандын образын ачып берет. Бирок жашоодо ак көӊүл актёрдун бейнесине чогуу үӊүлөлү.
«АРТИСТ БОЛОМ ДЕП ЧАПАН КИЙИП БИЙЛЕЧҮМҮН»
– Мен 1962-жылы 27-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Тилла-Сай айылында төрөлгөм. Чыт курсак кездеги издерим да ошол айылда калды. 13 бир тууганбыз. Атам сол колу менен комуз чертсе, апам ооз комузда ойноп, кошок кошуп, жакшы ырдачу. Айылда той-топур болгондо апамды "ырдап бер" деп көп чакырышчу. Ырдай турган жакка барганда дайыма мени ээрчитип алчу. Апам ырдап бүткөн соӊ «эми балам ырдап берет» десе тартынбай эле ырдай берчүмүн. Айылга концерттер барганда короо-жайды тазалап, мал-жанды эрте жайгарууга ашыгып шыпылдап калчумун. Атам кыраакы киши болчу. Мал жем-чөп жеген акырдын ичине тыйын таштап койчу. Мал келгенче акырды тазалап жатып атам таштаган тыйындарды таап алып, концертке билет алчумун. Концертке барганда атам мени артисттерге «ушул балам артист болом дейт, дымагын байкап көргүлөчү» деп көрсөтчү. Ал кезде биз чапан кийчүбүз. Чапаным менен айланып бийлеп бергенимде «ой, бул бала артист болот» деп калышчу.
Айылыбыздагы Ленин атындагы орто мектепте 8-класска чейин окудум. 9-класстан тартып Өзгөн шаарына келип «Ариет» деген ансамблге кирип, 11- классты ошол жерден аяктадым.
«ЭСТЕБЕС ТУРСУНАЛИЕВДИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ЭЛ АРТИСТИ ДЕП...»
– Мектепти аяктагандан кийин аскердик милдетимди Ленинграддан өтөп келип, бир жылдай айылда иштедим. Чыгармачылык угут жайыма койбой Бишкекке келип, филармониянын алдындагы 2 жылдык студиянын алып баруучулук жагына тапшырдым. Көп деле окуган жокмун. Ал кезде артисттер айыл-айылды кыдырып концерт беришчү. Мени "алып баруучу болосуӊ" деп текст окутуп көрдү. "Эстебес Турсуналиевди чакырып көрчү" дешсе, «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген Эл артисти» деп чакырсам баары кыраан каткырып калышты. «Жөн эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти деп чакыр» деп мени алып баруучу катары алышты.
«МОСКВАДАН БИЛИМ АЛАМ ДЕГЕН ТИЛЕГИМ ИШКЕ АШТЫ»
– Билим алууну көздөп Москвадагы Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайына тапшырууну ойлондум. "Экзамен башталарда чалып коюӊуз" деп Галина Ибраева деген эжеге табыштап кеттим. Ат-Башыда концерт коюп жүргөнбүз, ал эже "эртеӊ экзамен башталат" деп чалды. Учак менен учуп келип эртеси сынакка кирсем, 20дан ашык калыс отуруптур. Чыӊгыз Айтматовдун «Гүлсарат» повестиндеги Танабайды ойноп берсем, баары жактырышты.
Студент кезимде «Мосфильм» тарткан «Эрмак» аттуу фильмге тартылдым. Ошол эле жылы Одессанын режиссёрлору тарткан тасмада монгол ханынын образын жараттым. Бул кино Волга дарыясынын жээгинде тартылды. Тартуу иштери башталардын алдында атама телефон чалып "кандай ат минейин?" деп сурасам, «балам, ак боз ат мин, акжолтой болсун» деген кеӊешин берди. Тартуу башталганда ак боз ат жок, издеп жатып бир орус кызынын ак боз атын алдык. Атты аларым менен минип эле чаап жөнөдүм. Артымдан бир топ атчан кууп келе жатат. Атты буруп токтотсом «эй, сен ат мине аласыӊбы? Биз ат ала качып кетти дептирбиз» дешти.
Москвадан билим алып келгенден кийин Арсен Өмүралиев атындагы театрга ишке орноштум. "Найман эне кошогу", "Министрдин кызынын махабаты", "Бейиштин кушу", "Гаишниктер" жана башка бир нече тасмаларга тартылгам.
«ЖУБАЙЫМ КАЗАК КЫЗЫ, АНЫ МЕНЕН ПОЕЗДДЕН ТААНЫШКАМ»
– «Эрмак» аттуу фильмге тартылып, Барнаул шаарынан келе жаткам. Тасманын эпизоддору кыштын күнү тартылып ооруп калдым. Айылга келип дарыландым да, кайра окуума сапар тарттым. Бишкек-Москва поездинде баратканымда Казакстандын Актөбө аймагынан бир казак жигити түшүп, экөөбүз бир купеде отуруп калдык. Тигил жигит арак ичип мас болуп калды. Мас экенин көрүшүп жолдогу тентектер аны сабап, тепкилеп, акчасын, кийимин тартып алышты. Боорум ооруп тигини кайра үйүнө салып жиберүү үчүн бир станциядан түшүрүп, кайтып бараткан поездге отургузуп коюу үчүн ал жакты аралап жүргөм. Аӊгыча мен бара жаткан поезд ордунан козголуп, кайра токтоп калды. Жан талаша чуркап келсем Жумагүл аттуу казак кызы стоп-кранды басып, поезди токтоткон экен. Ошол казак кызы менен таанышып, кыз-жигит болуп төрт жылдан кийин баш коштук. Учурда бир уул, бир кызым бар.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg