Назиктикти, аруулукту, сулуулукту даӊазалаган жаз мезгили менен кошо 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы да кирип келди. "Аял-эне, аял-жар, аял-жашоо" деген сөздөргө татыктуу аялзатынын майрамы менен куттуктап, ырчылар Замир Арыкбаев жана Эрнест Бөрүбаевден майрамдык даамдардын рецепттери назарыӊыздарда.Замир Арыкбаевден «АК ОРДО» салаты
Керектүү азыктар (1 порция үчүн):
Уйдун тили – 100 грамм
Картошка – 100 грамм
Жумуртка – 1 даана
Сыр (голландия сорту) – 50 грамм
Помидор – 1 даана (кичинекей)
Болгар калемпири – 1 кесим
Зайтун мөмөсү – 4 даана
Сарымсак – 1 тишче
Майонез – 1 аш кашык
Соя соусу – 1,5 чай кашыкПетрушка – 3-4 тал
Салат жалбырагы – 3-4 даана
Туз татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Тарелкага салат жалбырактарын төшөп, бетине тууралган тилди тегиз кылып салабыз. Үстүнө картошканы тегиздеп жайгаштырып, андан кийин сүргүчтөн өткөзүлгөн сырды себелейбиз. Ичке таякчаларга алгач зайтун мөмөлөрүн, андан соӊ кесилген жумурткаларды сайып, салаттын 4 бурчуна жайгаштырабыз. Тилимдерге бөлүнгөн помидорлор идиштин бурчтарынан орун алат. Салаттын ортосуна болгар калемпирин коюп, петрушка менен кооздоп коёбуз. Салат даяр!«ЭТ ТАНДОО КЫЙЫН ЭМЕС»
Замир Арыкбаевди салат даярдатып эле жөн койбой, маекке да тарттык:
– Замир, салатты шыпылдап, бат эле даярдап койгонуӊузга караганда үйдө да тамак-аш жасай коёт окшойсуз?
– Кээде келинчегиме кол-кабыш кыла коюп жүрүп үйрөнөт экенсиӊ. Мисалы, үйгө чакырылгандардан көп адам келип калса же айттырбай конок келсе, албетте, жардамдашасыӊ да.
– Кандай тамак түрлөрүн билесиз?
– Чынын айтсам, мага тамактан мурун салат даярдоо оӊой. Анткени бышып даяр тургандарды туурап, аралаштырып, кооздоп коюш анчалык кыйын эмес. Кой союлганда «Жүрөк менен бадыраӊ» салатын жасай салуу опоӊой. Жүрөктү бышырып, ага бадыраӊ, пияз, жумуртка, майонезди аралаштырып, үстүн ашкөк менен кооздоп саласыӊ. Даамдуу да болот. Негизи эт кошулган салаттар тоюмдуу келет.
– Эт жөнүндө сөз болуп калды. Аны тандаган жактан мыктысызбы?
– Эт тандоо негизи кыйын деле эмес. Жаӊы эт алуу үчүн базарга баруу кажет. Анткени дүкөндөгүлөргө көпкө сакталсын үчүн химиялык каражаттарды кошот деп уккам. Жаӊы союлган эттен кызыл түстөгү маӊыз чыгып турат. Манжа менен басып көргөндө пайда болгон чуӊкурча бат эле түзөлөт. Ал эми бузулуп бара жаткан эттен жагымсыз жыт чыгып, өӊү кочкул кызыл болуп калары көпчүлүккө маалым. Карыган малдын этинин майы саргыч тартып турат. Эти кеч бышат, катуу да болот.
Эрнест Бөрүбаевден «БӨЙРӨКТӨН ШЫЙРАК» тамагы
Керектүү азыктар:
Уйдун же койдун эти – 1 килограмм
Пияз – 2 даана
Нан – 2 даана
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Ашкөк – 1 боо
Ысык суу – 150 грамм
Туз татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
«Бөйрөктөн шыйрак» даяр болду. Тамагыӊыздар таттуу болсун!
"ГАСТРОЛДОП КАЙДА БАРБАЙЛЫ АЛ ЖЕРДИН АШКАНАСЫН ӨТКӨРҮП АЛАБЫЗ"
– Эрнест мырза, 8-Март айымдардын майрамында кимдерди куттуктайын деп жатасыз?
– Бул күнү апалардын, эже-карындаштардын, жеӊелердин маанайы мыкты деӊгээлде болуусу үчүн биз, мырзалар, болгон күчүбүздү жумшайт эмеспизби. Мен да бул күндү апамды,карындашымды даамдуу тамагым менен кубантайын деп, «Бөйрөктөн шыйрак» тамагын даярдап жатам.
– Эмне үчүн «Бөйрөктөн шыйрак» деп атап койдуӊуз?
– Куудулдардын жүргөн жери күлкү эмеспи. Биз гастролго чыкканда кайсы жерге барбайлы ошол жердин ашканасын өзүбүз ээлеп алабыз. Бирөөсү тамак жасайт, башкасы идиш жууйт. Түштүк жергесинде концерт коюп жүрүп жаӊы союлган койдун боор, бөйрөк, жүрөгүнөн тамак жасап, аны «Бөйрөктөн шыйрак» деп атап койгонбуз. 2-3 жылдан кийин барсак биздин тамагыбыз алардын менюсунан өз ордун таап калыптыр.
– Эркектин казан-аякка аралашпай эле койгону жакшы дешет...
– Чындыгында эркектер аялдарга караганда даамдуу жасайбыз. Бирок биз тамак жасасак аялдар «сен аябай даамдуу жасайсыӊ» деп ашкананы бизге өткөрүп салышат. Ошондуктан майрам күндөрү гана тамак жасаганга аракет кылабыз.
Канымжан Усупбекова,
Турсунай Алымкулова
kenesh@super.kg