СПОРТ ТҮРҮНӨ АЙЛАНГАН САЛБУУРУН

Жаздын алгачкы күнүндө салбуурун боюнча биринчи жолу өлкө чемпиондугу өткөрүлдү. Анда республиканын 7 дубанынан келишкен мүнүшкөрлөр, тайганчылар жана жаачылар Бишкектеги ат майданда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

САЛБУУРУН – АТА-БАБАДАН КАЛГАН ӨНӨР
Атам замандан бери кыргыздар ат минип, жаа асынып, колуна куш, жанына тайгандарын ээрчитип аӊчылыкка чыгып келишкен. Мына ушундай ууга чыгуу салбуурун деп аталган. «Мээлей алып боо тагып, ит агытып куш салып. Илмек кылып жаа атып, салбуурундап жер чалып…» деген саптар «Манас» эпосунда да айтылат. Көчмөн элинин мал багуудан кийинки ишмердүүлүгү, же болбосо кесиби аӊчылык болгону белгилүү. Кыргыз эли муну кесип катары гана эмес, өзгөчө өнөр, искусство катары баалап келишкен.

«БУГА ЧЕЙИН ФЕСТИВАЛЬ ӨТҮП КЕЛСЕ, ЭМИ ЧЕМПИОНДУК»
Салбуурун боюнча жыл сайын эл аралык фестиваль өткөрүлүп келгени менен, быйылкы жылы гана алгачкы жолу өлкө чемпиондугу өткөрүлдү. Саамалыктын ачылыш аземинде Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Доорбай Миӊбаев буларга токтолду:
-Канчалаган кылымдар өтсө да, ата-бабадан келе жаткан өнөр унутулбай келет. Бул маданиятты өлкөбүздө гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанытууну максат кылышыбыз керек. Көп убакыттан бери салбуурун фестиваль сыяктуу гана өткөрүлүп келсе, бул жылдан баштап расмий түрдө чемпиондук өткөрүлүп баштамакчы. Ага өлкөнүн салттык аӊчылыкты бек кармагандардын бардыгы катыша алышат. Салбуурунду мындан ары да өркүндөтүү ар бир кыргыз үчүн милдет жана аманат болуп эсептелинет.

САЛБУУРУН УЛУТТУК СПОРТ ТҮРҮ КАТАРЫ
Аталган чемпиондук ата-бабадан калган маданиятты унутта калтырбай, аны аздектөө, өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатканын белгилейт салбуурун федерациясынын жетекчиси Алмаз Акунов:
-Кыргыз элинин улуттук маданиятын, өнөрүн жандандыруу, сактап калуу аракетинде салбуурун федерациясы түзүлгөн. Буга жааны алыстыкка атуу, бутага атуу, коёнго, түлкүгө, карышкырга тайган агытуу, бүркүт салуу оюндары кирет. Мелдеште үч өнөргө (куш салуу, жаа атуу, тайган жарыш) өзүнчө упай берилет жана анын жалпы жыйынтыгы боюнча жеӊүүчүлөр аныкталат.
Спорттогу метрологиянын негизинде ар бир оюнга эрежелер киргизилген. Алсак, куш салууда, үндөктөөдө куш канчалык алыстан ээсин таанып учуп келсе, ага ошончолук жогорку баа берилет. Ал эми коёнго, көгүчкөнгө же өрдөккө кушту салганда куш алыстанбы же жакын жерденби, иши кылып жаныбарга кол салып кармаса, ага өзүнчө упай ыйгарылат. Ошондой эле ар бир катышуучунун улуттук кийимчен болушуна да чоӊ маани берилет. Салбуурунду жакын арада өлкөбүздү алыска тааныткан улуттук спорт түрү катары тааныларына ишенем.

100дөн АШУУН КАТЫШУУЧУ
Аталган чемпиондукка катышуучулар өлкөнүн ар тарабынан келип, алардын саны 100дөн ашты. Алгач бүркүт салуу боюнча мелдеш башталды.
Бүркүт салуу – бүркүт бир канча аралыктан ээсинин белгиси, үнүнөн таанып баруусу керек. Аралык канчалык алыс болсо, ошончолук көбүрөөк упай берилет. Аралыгы боюнча эӊ алыстан ээсин тааныган Ысык-Көлдүн кулуну Кубат Эшмуканбетовдун «Молор» аттуу бүркүтү болду.
Ал эми кушту далбага ойнотууда Түгөл Абдыкадыровдун ителгиси мыкты болуп чыкты.
Далба ойнотуу – ителги, куш, ылаачынды үндөктөө жана таптоо үчүн колдонулуучу буюм. Ал көгүчкөн, кыргоол сыяктуу канаттуулардын канат-куйругунан жасалат.
– Түгөл мырза, кайдан келдиӊиз, мүнүшкөрлүк менен качантан бери алектенесиз?
– Мен Ысык-Көлдүн Чоӊ-Өрүктү айылынан келдим. Мүнүшкөрлүк менен 5 жылдан ашуун убакыттан бери алектенип келем. Куш салууда эӊ ири аралыкты менин ителгим басып өтүп, эӊ көп упай чогултту.
– Куштарды багуунун сырлары тууралуу айта кетпейсизби?
– Куштардын арасынан колго бат көнгөнү – бул ителги десем болот. Бирок баарына эле көнө бербейт. «Жүрөгү таза кишиге куш бат көнөт» деп да айтылып келет. Ителги башка куштардан айырмаланып алгыр болот. Бүркүт алган жаныбарын басып, ар кайсы жерин чокуп салат. Ал эми ителги учуп барып тээп түшүрүп, курмандыгына тийбей, ээсин күтүп турат. Ителгини жакшылап бакпаса, ээсин таштап учуп кетет.

МЕЛДЕШТИН ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ
Андан соӊ жаачылардын кезеги келип, көзгө атар мергендер өз ара жеӊүүчүнү аныкташты. Жаа менен атуу мелдеши жаш уландар, кыздар жана чоӊдор арасында болуп өттү. Чоӊдор арасында мелдеште эӊ көп упай чогулткан Темиркан Болотбек уулу табылды.
Күн соӊунда тайганчыларга кезек берилди. Биринчи күндүн мелдешинде иргелип алынган 6 тайган чуркоо боюнча 200 метр аралыкка жарышып, Таластан келген Нуржигит Козубековдун «Бурганак» аттуу тайганы жеӊүүчү аталды. Ал эми кыргыз тайган сынагында (таза кандуу кыргыз тайганын аныктоо) нарындык Кылымбек Аписовдун «Каракуш» аттуу тайганы биринчи болуп чыкты.
«Кыргыз тайгандары кызыл китепке киргизилген. Андыктан биз бул иттерди сыртка чыгарбаганга, башка жактын да тайгандарын алып келбегенге аракет кылабыз. Анткени таза кыргыз тайгандарын жоготуп алышыбыз мүмкүн. Тайган ити жоош келет. Мал да, үй да кайтарбайт. Иттер аӊчылыкка 6-7 айынан тарта чыгып, 8-9 жашка чейин алдуу-күчтүү болушат. Аӊчылыкка жөндөмдүү болгондуктан, үйрөтүүнү деле көп талап кылбайт. Кыргыз тайгандарынын өзгөчөлүгү – аӊчылыкта коркушпагандыгында»,- деп тайгандардын өзгөчөлүгү жөнүндө айта кетти Алмаз Акунов.

Тайгандардын арасынан нукура кыргыз тайганын аныктоо үчүн атайын сынак уюштурулду.

Жаа атууда Темир Болотбек уулу биринчиликти багынта алды.

Өлкөнүн ар тарабынан келген тайгандардын жарышында Таластын "Бурганак" аттуу тайганы биринчиликти багындырды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Erniet
2015-03-11 06:30:06
Азаматтар кыргыздын ушундац нукура өнөрүн өстүрө бергиле!
0
Tema_kG
2015-03-12 12:03:33
Абдан кызыгам! Бирок ар дайым эле ушундай жанылыктардан артта калып калам :( Коп-коптон болуп турса абдан жакшы болот эле...
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан