«БИР СҮРӨТТҮН БАЯНЫ»

Жадырап жаздын келиши менен сулуулукту даӊазалаган асылзат айымдардын майрамы кошо келет эмеспи. «Супер-Инфо» гезити SUPER.KG порталы менен биргеликте 8-Март – Аялзатынын майрамынын урматына «Бир сүрөттүн баяны» фотосынагын уюштурган эле. Сынакка жубайынын, апасынын, келининин, кызынын, курбусунун сүрөттөрүн таасирдүү баяны менен жибергендер көп болду. Сынак болгондон кийин сөзсүз жеӊүүчү да болот. Эӊ көп добуш топтогон 5 катышуучу жеӊүүчү аталды.
Жеӊүүчү деп табылган Гүляйым Асанбекова, Назакат Жумабаева, Нарбегим Турусбекова, Арууке Сатывалдиева, Сумая Зуфаровалар редакцияга келишип, «Супер-Инфонун» дипломдоруна, белектерине, аны менен катар «Келдикенин» зер жасалгаларына ээ болушту. Кичинекей Сумая менен Аруукеге жумшак оюнчук белекке берилди. Назакат апа Баткенден келе албагандыгына байланыштуу белегин небереси алса, кичинекей Сумаяныкын эжеси алып кетти. Жеӊүүчүлөрдүн баарынын жүзүндө кубаныч, жаз мезгили сезилип турду.



БЕШ КАЙНЕЖЕ ЖАЛГЫЗ КЕЛИНИН КУТТУКТАЙТ!
Бардык эжелеримдин атынан сиӊдибиздей болуп калган келинибиз Гуляйымды майрамы менен куттуктап, ушул сөздөрдү ага чын жүрөгүбүздөн арнайбыз. Гуляйка!!! Биздин берекебиз! Атабыздын алтыны, энебиздин жыргалы, инибиздин бактысы! Сен келгенде үйүбүз нурга бөлөнүп, шаӊга толду. Босогобузду аттаарыӊ менен артыӊдан ырыс-кешик, бакыт-таалай кошо келди. Жаркырап күлүп, ийилип жүгүнүп, Жоомарттын колун жетелеп келдиӊ эле. Ошол жылмаюуӊ ууртуӊдан эч кетпей, бүгүнкү күндө да ак жоолугуӊ жарашып, үйүбүздүн куту болуп келе жатасыӊ. Тамашалап, "беш кайнежелүү келин болуу – бул эрдик" деп күлүп калчу элек. Келген сайын ысык чайын дайындап, "фирменный" чымчымаӊ менен жаркырап тосуп аласыӊ, бизге ошол эле чоӊ кубаныч. Атабыз менен энебиздин жөлөнөр-таянары, бөпөлөп багары кылып сени буюрганы үчүн, эрке инибиздин оорун колдон, жеӊилин жерден көтөрүп, жанында жандап жүргөн түбөлүк жубайы кылып сени буюрганы үчүн Жаратканга миллион шүгүр, миллион ыраазычылык! Сен бар үчүн биз, эжелериӊ, тээ мурун учуп кеткен уябыз жөнүндө кам санабай, ата-энебизге кам көрүп, үйдүн коломтосун жалындатып өчүрбөй, үй-бүлөбүздү бапестеп бага турган ишеничтүү бирөө бар деп санаабыз тынч. Ачык мүнөзүӊ, шайыр кыялыӊ үчүн сени өстүргөн ата-энеӊе рахмат! Баарыбызды сүйүнтүп, таттуубуз Аруукени тартууладыӊ. Кудайым кийинкисин да аман-эсен бооруӊа алууӊду насип этсин. Ар дайым дениӊ сак болуп, Мусакеевдердин назик, сулуу, бажырайган гүлү болуп жүрө бер. Сенин сүйгөн эжелериӊдин атынан

Бегайым

БЕШ КАЙНЕЖЕНИН КЕЛИНИ ГҮЛЯЙЫМ
– Конкурска катышканымды өзүм билген эмесмин. Кайнежем мени куттуктап, маанайымды көтөрүү максатында жазган экен. Мен окуп алып, толкундангандан ыйлагым келди. Бир четинен мактаганына кантип татыктуу болом деп корктум. Кайнежелерим, туугандарым добуш берели деп аябай аракет кылышты. Жеӊүүчү болгонумду укканда ата-энем сүйүнүп, апам бир сыйра ыйлап алды. Беш кайнеженин келини болуу мага сыймык. Алардын төркүнү жалгыз биз, ошондуктан кайнежелеримди күлүп-жайнап тосуп алып, сый көрсөткөнгө аракет кылам. Минтип калыӊ элдин алдында конкурска катышып жеӊүүчү аталып жаткандан кийин "супер келин" болом деп сөз берем.

КЕМПИРИМЕ ДАЙЫМА БЕЛЕККЕ ГҮЛ БЕРЕМ
– Алган жарым Назакат менен жашап жатканыма 56 жыл болду. Кудайга шүгүр, экөөбүз 5 баланы тарбиялап, 20 небере, 9 чөбөрөлүү болдук. Балдарымдын баары үйлүү-жайлуу болушту. Байбичем экөөбүз шаар менен айылдын ортосунда саякаттап, меймандап жүрөбүз. Бул да болсо бактылуу карылык.
Сүрөттү неберелерим Бишкекте сейилдеп жүргөнүбүздө тартып алышкан экен. Өзүмө да аябай жаккан. Сүрөттөгүдөй дайыма эле байбичеме жакшы маанай, гүл тартуулап келем. Карысак да жүрөк кургур картайбайт турбайбы...
Келе жаткан аялзатынын майрамы менен Назакатты, келин-кыздарымды куттуктайм! Бар болгула, аялзаты, силер бар, биз барбыз!

Курбанкул

"АБЫШКАМ РОМАНТИК" ДЕЙТ НАЗАКАТ АПА
– Рахмат, балдарым, майрамдын алдында "Супер-Инфонун" жамаатынан жакшы белек болду. Абышкам менден 7 жашка улуу болгону менен мага караганда тыӊ, жаштардын тили менен айтканда романтик. Көптөр мени жаш көрүнөсүӊ дешет, балким буга чалымдын жакшы мамилеси себептир. Буга чейин көп эле гүл тартуулап келген. Мен Лейлекте болгондугума байланыштуу кеӊсеӊерге бара алган жокмун. Белегимди неберем Ильяз алдым деп айтты. Силердин ишиӊерге ийгилик! Бул жакта «Супер-Инфону» жаш-кары дебей талашып окушат.

АПАМДЫН ҮЧ ЖОРУГУ
Апамдын аты Нарбегим, 74 жашта. Апамдын бизди жылмайткан, жүрөгүбүздү элжиреткен үч жоругу бар:
1. Апам кимдир бирөөдөн солидол деп аталчу күрөӊ түстөгү сасык жыттуу аралашма миӊдин бири деп угуп калыптыр. Ошондон баштап солидол менен жашап баштадык. Жыгылып тизебиз сыйрылса да, колубузду кайнак сууга күйгүзүп алсак да солидол даяр. Кийин солидолдон бака жалбыракка өттү. Башыбыз ооруса деле, бутубуз ооруса деле бака жалбыракты тарта салат. Азыр болсо кайнак суу менен ажырагыс дос. Анткени менен сегиз баланын бирин да оорукана дегенди көрсөтпөй, дары бербей чоӊойтконун дайыма айтып калат.
2. Апамды эч бир жаӊылык менен таӊ калтыра албайсыӊ. Анткени бизден биринчи угуп, кабардар болуп турат. Кыргызча жаӊылыктар телевизордун кайсы каналынан, саат канчада кетерин так билет. Ошол убакта апам телевизордун астында даяр.
3. Апам башында бирдик салынарда телефон өчүп турса же бирдик салынган жерден алыс болуп калса, акча түшпөй калат деп ойлочу. Ошого дайыма өзү салып жүрдү. Кокус биз бирдик сала турган болсок «ме, телефондорумду ала бар» дейт. Эми гана канча алыстыкта болсо да, көрсөтүлгөн номерди бирдик адашпай таап барарын түшүнүп калды. Сүрөткө Чаткалдагы Идирис пайгамбардын күмбөзүнө барганда түшкөн.
Жашоодо убакыттын өтүшү менен баары алмашат экен. Алгач эне баласынын ар бир кылыгына эбедейи эзилсе, андан соӊ эне баланын жүрөгүнө кубаныч тартуулап баштайт. Мөлтүр суудай таза энелер аман болсун!

Гүлмайрам Турусбекова

КАСИЕТТҮҮ АПА НАРБЕГИМ
– Айланайындар, силерге рахмат! Мага окшогон карыялардын батасы менен өркүндөп өскүлө. Ишиӊерге ийгилик, майрамдын алдында берген белегиӊерге ыраазымын. Сүрөтүмдү кызым силерге жөнөткөн экен. Минтип жеӊүүчү болуп отурам. Ошо кызым айткандай эле касиетим бар. Балдарды эмдеймин, неберелериме да учук, жара чыкса кармап койсом кетип калат. Бул өнөрүм кыздарыма да өткөн. Баарыӊардын ишиӊерге ийгилик. Баардык аялзатынын майрамы менен куттуктайм!

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Бир сүрөттүн баяны" фотосынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
azimova90
2015-03-09 15:39:43
Нарбегим апа женишиниз кут болсун.
0
Aruukeramazan
2015-03-10 03:57:37
Баарыныздарды куттуктайм. Аман болгула. Баса чымчыма дегени эмне
0
Boldukan86
2015-03-10 20:37:03
Жакшы жакшы.
0
jamek10
2015-03-16 02:40:25
урматтуу супер инфо саламатсынарбы? менин силерге суранычым келиндер менен кайнененин проблемаларын кантип чечуу жолдорун жазып чыксанар болмок анткени азыркы учурда кайнене менен келиндердин тушунбостугунон улам коп ажырашуулар болуп жатат чон сооп иш кылмаксынар рахмат чыдамсыздык менен кутом
0
admin_superstan
2015-03-16 10:56:30
jamek10, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
eliza5566
2015-03-16 02:59:56
jamek10 Келин менен кайнене эч качан ынак боло алышпайт экоо тен бир адамды(келин куйоосун апасынан кайнене болсо баласын келинден) бири-биринен кызганып, коро албай, жактырышпай журуп отушот. Экоо тен сыртынан сылык суйлогону менен ичинен душман.
0
momuntay
2015-03-26 18:40:48
Гулайымга добуш берген элем мен дагы. Бирок бардык женуучулорду куттуктайм.
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан