КУМАР АЗАБЫ (сериал)

– Ары-бери өткөнүмдө жол боюндагы эски үйдүн алдында тамтыгы чыгып, жамаачы кылар жери жок, майланышкан чапанын жоолук менен курчаган абышкага көзүм түшөт. Дайыма көргөндүктөн көзүм көнүп калса керек. Карааны көрүнбөй калса эки жакты карап издей берем. Кайда кетти? Ооруп төшөгүнөн тура албай калдыбы? "Мээр көздө болот" деп коёт го. Жупуну карыяны жакын адамымдай көрүп, аяй берем. Бүгүн дагы жол боюндагы үйдү карап өттүм. Чыканактай болгон карыяны көзүм издегени менен, көрө алган жокмун.
Жумуштан адаттагыдан эрте бошоп, кайтып баратып кабар алып коюуну эп көрдүм. Чоочун киши, чоочун үйдү көздөй басып бараттым. Ички дүйнөм элеп-желеп болуп, жеткенче чыдамымды кетирди. Кунары кеткен эски там, чарыгына чалынган карыя бири-бирин толуктап турган сыяктуу. Бир буту кыска кишидей бир жакка жантайган эски эшик, бөлмөгө болор-болбос жарык берген кичине терезе, шыбагы көчүп, кышы жаанга жешилген эски дубал... Пайдубалы чөгүп жер менен жексен болгон бул үйдө тагдырдын оор жүгүн моюнуна арткан адам жашаганы дароо билинди. Кыйшайган каалганы тыкылдатып:
– Үйдө бирөө барбы?- дедим. Менин суроомо алсыз үн менен караӊгы бөлмөдөн бирөө жооп узатты.
– Акылсыӊбы?
– Ата, сизден кабар алайын деп...
– Келдиӊби?
– Жок, ата, мен Акыл эмесмин.
– Өх-х... - деп армандуу үшкүрүк чалган карыяга учурашууга ашыктым. Аралга чыгып күнгө какталган агындыдай купкуу колу менен колумду бекем кармады. Бул алсыз колдор көптөн бери жакын адамдарынын ысык алаканына тийбегени билинип турду. Алда байкуш карыя, турмуштан мынчалык азап тарткыдай эмнеӊден жаздыӊ экен? Колумду көпкө чейин кармап турду да, нуру өчкөн көздөрү менен мени карап:
– Кимсиӊ, кагылайын? Эмнеге келдиӊ? Бирөө жибердиби?
– Ата, мен жол боюнан өткөнүмдө күндө сизди көрчү элем. Кечээтен бери эшиктен көрүнбөгөнүӊүздөн кабар алганы кирдим.
Кымтылган төшөгүн желпип, башына жаздап алган эски чапанын желбегей жамынып отурду да:
– Кулунум, мени жарыкка алып чыкчы. Күндүн жүзүн көрөйүн,- деди. Карыяны сүйөп тургузуп, каӊырсыган жыты бар караӊгы бөлмөдөн сыртка алып чыктым. Адаттагыдай жолду карап отурду да, оор үшкүрдү. Бул үшкүрүк жөн гана үшкүрүк эмес эле. Аянычтуу дабыш денемди калтыратып, муздай түштүм. Чор баскан кол, эзели самын, суу тийбей майланышкан кийим, чөлдө өскөн чөптөй ар жерде эрбейген сакал-муруту анын ички азабынын сырткы сүрөттөлүшүн көрсөтүп турду. Карыянын кимдир бирөөнү күтүп жатканын, ал үмүтүн мен суу сепкендей өчүргөнүмө бушайман боло түштүм. Акыл деген ким? Эмне үчүн биринчи анын атын айтты? Демек, жол карап күткөнү ошол адам экен да. Ал жолду карап ойлуу отура берди. Сөз айтып суроо салууга батына албадым. Бир маалда:
– Уулум, эмнеге келдиӊ?- деди.
– Сиз көрүнбөгөнүӊүздөн кабар алганы келдим. Ооруп турасыз го? Кабар алчу жакыныӊыз жокпу?
Ушул суроо абышканын карт жарасын сыйрыгандай болду окшойт. Сабагынан үзүлгөнү калган алмадай болуп башын жерге салаӊдатты. Ийини кыймылдап, көзүнөн аккан жашын менден жашыргысы келгени менен, тып-тып этип жерге тамып жатты. Эмнеге бардым? Эмне үчүн сурадым? Азабына азап коштум...
– Ата, ыйлабаӊыз. Эпсиз суроо берсем кечирип коюӊуз.
– Эх, уулум, кайдагы жакынды айтасыӊ? Жакыным болсо үӊкүрдөй кепеде жалгыз жатмак белем? Урмат-сый көрүп, небере жыттаар маалымда дүйнөнүн макулугу болуп, ийинине кирип-чыккан көр чычканга окшоп ушунда отурат белем?
Мен жана үйгө киргенимде «Акыл, келдиӊби?» деп жаткан жеринен тура калбады беле. Акылдын ким экенине кызыгып, ошол ой кылт эте берди. Кыргызда атадан жалгыз болсо да уруусу таштап, айылы чанып кеткен жат көрүнүш эмеспи. Жок дегенде атадан тараган туугандары, энеден тараган тайлары болсо керек же тамыры куураган, жети атасын билбеген жетесиз немеби? Башыма заматта бир канча ой туулуп, түрдүү жоромолдор жарала түштү. Негедир кызыгуум артып, азапка малынган шордуу жашоосунан кабар алгым келди.
– Ата, мен сиздин карт жараӊызды сыйрып, өткөн тагдырыӊызды эсиӊизге салганы келгеним жок. Бирок мындай көр турмуштун азабына батканыӊыз ойлондуруп жатат. Акыл деген ким?
Жанатан бери сызылып чыккан жашын алсыз манжалары менен сүртүп, башын саал көтөрдү да, бир нерсе айтчудай эрдин кыбыратты. Бирок айткан жок. Өӊү өзгөрүлүп, кабагы салынып, каштары кошулчудай тырышып чыкты. Титирек баскан тулку-боюн токтото алчудай түрү жок. Өзүм дагы коркуп кеттим. Колумду далысына коюп, кечириӊиз деген ишарат көрсөттүм. Муздак суу менен бетин чайып, чыны менен суу берсем тиштенип жатып араӊ жутту. Кан басымы көтөрүлүп, азыр бир балээнин башынан чыкчудай болуп жаттым. Эмне кыларымды билбей селейип, нес болуп катып калдым. Мага оозунан көбүк чыгып, о дүйнөгө узай турган акыбалда тургандай туюлду. Качанкы эски санаасына менин оӊду-солду берилген суроолорум карыяны бычак мизине жаткызгандай болду окшойт. Ажал менен алышып жаткан адамды ошондо биринчи көрүшүм.
– Ата, эсиӊизге келиӊиз, азыр «Тез жардам» чакырам,- деп алапайымды таппай калдым.
– Өтүп кетет, балам, коркпо. Чакырбай эле кой.
Менин коркуп кеткенимди билди окшойт. Өзүн колго алып, титирегени басыла түштү. – Балам, суу алып келчи.
Муздак сууга бетин алсыз колдору менен өзү чайып жатты. Үйгө кетейин дегеним менен, аны мындай акыбалда калтырып кете албадым. Бул үйдө кайдагы газ, кайдагы электр меши бар дейсиз? Кемегеге кара чайнекти асып чай кайнаттым. Үстөл үстүндө каткан нандан башка эч нерсе жок.
– Балам, нандан ал.
Мен караӊгы тамда жатамын,
Сан түркүн ойго батамын.
Каткан нанды кемирген,
Тагдырыма капамын,- деп ыр окуп койду да, нанды кайнак сууга салып, кызыл ээги менен мүлжүп отурду. Менде болсо баягы эле бүдөмүк суроо. Ошол суроого жооп ала албай
бушайманмын. Карыя өзүнө келе калганда кайра суроо узаттым.
– Балдарыӊыз жокпу?
– Бар, бирок кайда жүргөнүнөн кабарым жок. Кудайдан тилеп алган жалгыз уулумду бир көрүп өлсөм дегенде эки көзүм төрт.
– Качантан бери келе элек?
– 10 жылдын жүзү болду. 10 жыл куруттай санап, уктаарда сак уктап, таӊ эрте келер жолун күтүп жүрөм.
– Каякка кетти эле?
– Кайда жүргөнүн билсем барбайт белем, чунагым.
Ортобузду жымжырттык аралап, ойго батып тунжурай түштүм.
Тынччылык заманда бала атасынан безип, канынан бүткөн туягын күткөндөн артык азап барбы? Бул тээ артта калган кан жуткан согуштан да оор соккудай туюлду. Атасынан безип, өлүү-тирүүсүнөн дайыны жок Акыл сындуу улан-кыздар ким менен, эмне үчүн күрөшүп жүрөт болду экен? Төрүнөн көрү жакын, эчкинин жашындай жашы калган бул атадай карыялар бейпил заманда максатсыз багыт алган балдарын күтүп жашаганына башым катып, дал болдум. Ата дале жолду карап отурат. Ичиндеги арман чалган кымгуут капасын билгим келди.
– Кайра-кайра суроо салсам суракка алган тергөөчүдөй жаман көрбөӊүз. Сиздин мындай оор турмушка тушугуп, үмүт менен азап ортосунда алышкан жашооӊузду өз оозуӊуздан угайын дедим.
– Ичтеги муӊумду, көөдөнгө толгон бугумду ушул эски дубалдарга гана айтып келгем. Чын эле билгиӊ келсе, кеп башынан болсун,- деди карыя...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
sezim96
2015-03-09 11:00:33
Абдан кызыктуугоо менимчее эми дагы кутмой ыйлай туурган кундор башталды
0
sher89
2015-03-10 00:41:24
Дагы кутобузбу эми...
0
kazemir
2015-03-10 01:09:15
Кызыктуу башталдыго
+1
Ariet7
2015-03-10 02:41:29
ии байкуш чон ата ыйлагым келип кетти (((
+1
lapochka345
2015-03-10 02:49:03
Ухх боорум ооруп кетти
+1
martaprelmay2015
2015-03-10 03:12:33
:-( :-( :-( :-( :-( Эми эмне болот,боорум эзилип кетти,эч кимге каалабайм мындай карылыкты
+1
knk
2015-03-10 09:39:48
Акыл деп баласынын атын жакшы эле койгон экен. Атына заты жарашпай калган го сыягы. Же атадан да кетти бекен. Куто туралы
+1
altynaiB
2015-03-11 03:43:30
Чыгарманын темасы атанын тагдырынан алынган го чамасы. Жаштыкта жыргал жашоону жашап кумарга батып карыганда азап кунго туш келген адамдар да болот эмеспи ошондой гоо деп ойлоп кеттим. Жеке эле пикирим. Боорум ооруду куто туралы.
+1
luna_luna
2015-03-12 09:33:10
аябай эле коркомдоп жазыптыр
+1
ernis11998866
2015-03-14 15:37:16
Мындай чал кемпирлер азыр деле аз эмес россиядан балдар кыздарын куткон
+1
Swallow
2015-03-16 10:45:21
Байкуш карыяга боорум ооруп кетти (((
0
ILYAS181296
2015-03-16 16:38:51
Ушинтип карыга,кепеде жашаган адамды аяп жашоосуна кызыккан адам бар болду бекен
+1
nurgul
2015-03-17 17:24:30
Barda emnege jok deisiner
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан