Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Тултемир дагы камчысын көтөрүп калды эле Абил бий тыйып койду.
– Болду, көп урба эми. Сурап ала турганы бар мунун дагы...
Окуяны айтып Бекназарга киши чаптырды.
Тултемир карылардын жүйөө сөзүнө конок бербей чырылдап жатты:
– Биз дагы элбиз! Дан багарлардыбы? Чабабыз биз дагы! Эр өлтүрүш кандай экенин көрсөтөбүз биз дагы! Муну Бекназар тукурду. Бекназар аттырды...
Түш ооп калганда Тултемирдин жигиттеринин бири жүгүрүп келди.
– Келди Бекназар...
Тултемир камчысын бүктөй кармап ызырынып тура калды. Абил бий козголбоду. «Мейли, кайраты жетсе менин эшигимде Бекназарды башка эки чапсынчы!»
Бекназар Эшим менен экен. Бардык жини бетине чыккан, эки көзү кыпкызыл. Салам айтпай, алик да албай барып казыкка керилген Кулкишини издеп таап, башынан сүйөп суу беришти. Муздак суу тийгенде тириле түшкөн ал көзүн ачты.
– Ыя?.. Айттым го бий... Атып башыма урамбы Домбуну?!. Ой, Бекназар... Келдиӊби?..
– И? Кылгылыкты кылдырып коюп... Сабына коргошун уюткан камчысын бүктөй кармап, жол тороп келаткан Тултемирди көргөндө ачуудан жаагы карышып чыккан Бекназар өзүн да, чуркураган элди да унутуп, кылыч менен качырып калды:
– Ата-ганаӊ-дын!.. Хандын тагасы эмес, агасы болсо да өлтүргүм келсе өзүм өлтүрөт болчумун Домбуну! Ушул жерде, Абил бийдин эшигинде ушул сени өлтүрүп, баарын моюнума көтөрөйүнбү, ыя?!
Кылычын эки шилтеп эки өӊүрүн чаап таштады. Тултемир Абил бийдин үстүнө кире качты.
Абил бий Мадылга «дан багарларга жакын жерден тос» дегенде Бекназарга доо коёюн деген ою жок болчу. Шекти өзүнөн алыстатып гана койгусу келген. Домбу өлдү. Шектүү болуп дан багарлардын бири Кулкиши кармалып, Бекназар алдына келип отурат. Ойлогону эки эселеп ишке ашты. Эми эки тарапты басууга өттү. «Тууганбыз. Кыжылдашканды коюп Домбунун ариетине тик туралы» деди. Бекназар анын калыс сөзүнө ыраазычылык билдирди. Булар келишип кетти дегенчелик түр көрсөтүп Тултемир «өлгөндүн эле шору окшойт...» деп мыӊкылдай баштады эле Абил бийдин эки көзү тептегерек болуп ачууланып кетти.
– Тарт! Бейжайлыктын да эби бар да! Тууган жалгыз эле сеники беле?! Кайран Домбу ушул турган баарыбыздын тууганыбыз болчу. Кычы сүйлөгөндү коюп ариетине камдан. Катар туруп өкүрүп, эл көргөндөй ариетин кылып, тууганчылыгыбызды түзүк көрсөтүп көмөлү. Эси жок, күн түгөнбөйт, издейбиз өлүктү көмүп алган соӊ. Же эмне, өлүгүбүз капшытыбызда сасып жатсын, биз этегибизди үзө чабышып отуралыбы?!
Тултемир үӊкүйдү.
Сары күз эле... Кырк сыпай менен Насирдин бек капыстан Абил бийдин айылына келип калды. Ханзаада бу сапар кабагын түйүп, эч кимге бет багып тиктебей, чечилип сүйлөшпөй түнөрүп отурду. Амандык сурашкан соӊ:
– Абил бий!- деди катуу, - менин жантагам кайда? Айт, бий! Менин эзил кайран тагам көрүнбөйт.
– Ханзаада... Кайран Домбу сиздин тагаӊыз болсо, биздин жан күйөр тууганыбыз болчу. Жазмыш ошол белем, кайран Домбу бул дүйнөдөн жүз үйрүп бизди таштап кетти...
– Ошондойбу?! Бул дүйнөдөн өзү кечип кеттиби? Айтчы, бий!
Өзүнүн төрүндө, элдин көзүнчө минтип желкелөө Абил бийдин этин үркүттү.
– Жээнчер! Домбу тагаӊыз Кудайдан келген ажалдан өлдү. Кудуреттүү Кудай бирөөгө өлүмдү октон, бирөөгө оттон, бирөөгө жаздыктан жеткирем деген го. Жазмышы ошол экен,
тагаӊыз өчөшкөн бирөөнүн огунан себеп таап өлдү. Кудайдын каалоосуна не дегиӊ бар, жээнчер?
Хандын эрке баласы кубарып барып обдула бирдеме демекчи болду эле көзүн жумуп чарчап отурган кары кеӊешчи кол учун көтөрө басып койду. Ханзаада Абил бийдин үйүнө калбай, ал жигиттери үчүн көтөргөн үйгө аттанып кетти. Жөн кетпеди. «Күнөөкөрдү табасыӊар, болбосо...» деп кетти.
Туш-туштан Абил бийге айыл аксакалдары, уруу билермандары саламга келе башташты. Ханзаада менен кер-мур айтышып калганы эле болбосо кордук деле көрбөгөн бий адил кызматы үчүн акарат алган кишидей келгендерди муӊайып отуруп угуп узатып жатты. Алар көмөк көрсөтүшкө даяр келип жатышты. Акыры Бекназардын саламын айтып Эшим келди.
– Айтып бар баатырга... Бекназардай тирегим болбосо, менин карам чымчык үркүтөр беле! Сел токтотор кубатым, айбатым силерсиӊер...

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан