ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (9-марттан 15-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Натыйжалуу иштөө үчүн энергия топтооӊуз керек. Андыктан бул аптаны эс алууга арнап, жумуштан бир-эки күнгө сурансаӊыз, кийин жемишин татасыз. Принципиалдуулугуӊузга басым жасайм деп жатып сүйүү жаатында каатчылыкка туш келүүӊүз мүмкүн. Андыктан махабат маселесинде абай болуп, түгөйүӊүздүн көӊүлүн тапканга аракет жасаӊыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумушта өзүӊүздүн эмес, кесиптештердин чечимине кошулууӊуз керек. Антсем лидер болбой калам деп санааркабай эле коюӊуз, анткени кесиптештерге көрсөткөн ишенимиӊиз менен өзүӊүзгө аброй топтой аласыз. Дем алыш күндөрүн күтө бербей, балдарыӊызга жумуштан кийин болсо да убакыт бөлүп, сабактарын көзөмөлдөп, алар менен чогуу эс алыӊыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө сиз ишенип жүргөн адамдын эки жүздүүлүгүнө туш болосуз. Бул кадам сизди келечекте адамдарды жакшылап таанып-билүүгө үйрөтөт. Шаршембиде эмоцияӊызды көзөмөлдөй билиӊиз, катуу айтам деп ошого жараша жооп угуп шагыӊыз сынып калышы мүмкүн. Бейшемби-жума окууда ийгиликтерди жаратчу убак. Дем алыш күндөрү үйдөн сырт жерде эс алууӊуз күтүлөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Досторуӊуз жумушта жаралган кыйынчылыктан сизди көтөрмөлөп кетишет. «Кеӊешип кескен бармак оорубайт» демекчи, баарын ичке каткан сапатыӊызды таштап, жакындарыӊыз менен кеӊешип иш кылууну унутпаӊыз. Аптада моралдык да, физикалык да жактан чарчайсыз. Андыктан нервиӊизди ордуна келтирүү үчүн дем алыш күндөрүн таза абада, табият коюнунда өткөрүү сунушталат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Көп акча табам дегендердин ою бул аптада ишке ашпайт. Акчанын артынан түшкүчө ден соолугуӊузду чыӊдоого көӊүл бөлүӊүз. Аптанын ортосунда жактырган адамыӊызды махабат торуна чалууга мүмкүнчүлүк болот, пайдаланып калыӊыз. Ишемби, жекшемби – чарба иштерине көӊүл бөлүп, аны иретке келтирүүгө ылайыктуу күндөр.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакында көӊүлүӊүзгө да, чөнтөгүӊүзгө да төп келчү сунуш аласыз. Андыктан илим-билим багажыӊызды кеӊейтип, алдын ала даярдана бериӊиз. Үй-бүлөдөгү майда-чүйдөгө көӊүл бурбай жүрө берсеӊиз, ал чоӊ маселеге айланып кетүүсү мүмкүн. Андыктан айтылган убадаларды кеч болсо да аткарууга аракет жасаӊыз.
Дем алыш күндөрүн үйдө тынч өткөрөсүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Баарын таразага салып, анан чечим чыгарам деп жатып ордуӊузду тарттырып жибербеӊиз. Бул апта сизден ыкчамдыкты талап кылат. Жумушта бут тосууларга моюн сунбай, алдыны
көздөй умтула бериӊиз. Жеӊиш сиздики болот. Сүйүү жаатында мындан да жакшысына жолугам деп тандап жүрүп куру жалак калуу коркунучу бар. Тандаган тазга жолугарын унутпаӊыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө кызуу кандуулукка алдырып жакындар менен жаман-жакшы айтышып калышыӊыз мүмкүн. Сабырдуу болуӊуз. Өзүӊүзгө ишенбөөчүлүк сапатыӊыздан улам көп нерседен куру каласыз. Андыктан жакшы сапаттарыӊызды иргеп, өзүӊүздү өзүӊүз баалап, жашоого позитивдүү маанайда карасаӊыз, баары өз ордуна келет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башында өз ишин кыйратпай, ал аз келгенсип башкаларга да тоскоол болгон жалкоо адамдардан оолак болуӊуз. Жеке жашоодо сиз көптөн күткөн түгөйүӊүзгө жолугасыз. Балким, бул эместир деп эки анжы ойлобой, колун бек кармай бериӊиз, ал сиздин адам. Ишемби, жекшемби күндөрүн дүкөн аралап, өзүӊүзгө жаккан кийим-кече, буюм сатып алуу менен өткөрөсүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жумушта акыл кампаӊызды, тажрыйбаӊызды сыноочу учур келет. Абалдан татыктуу чыгып кетсеӊиз, карьералык өсүш болмокчу. Аптанын ортосунда ден соолугуӊузга байланыштуу врачтын кабылдамасында болушуӊуз мүмкүн. Сүйүктүүӊүзгө ашыкча көӊүл бөлүп тажатуудан алыс болуӊуз. Андан көрө ишембиде кинотеатрга чакырып, романтикалуу кеч тартуулаӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жетекчиликтин көзүнө көрүнүш үчүн эмес, иштен натыйжа чыгарыш үчүн аракет кылыӊыз. Аракет кылсаӊ берекет болору анык эмеспи. Шаршембиде досторуӊузга көӊүл бөлүп, алардын курчоосунда эс алууӊуз күтүлөт. Аптанын аягында жактырган адамыӊыздан сиз көптөн күткөн жоопту алып, кубанасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бардыгы өз нугунда, тынч өтүп жаткан жашооӊузга өзгөртүү киргизүү өз колуӊузда. Бирок өзгөртөт элем деп ашыкча өз билемдик кылуу жумушта терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Үй-бүлө мүчөлөрүнө көӊүл буруп, алардын ийгиликтеринен, муктаждыктарынан кабардар болуӊуз. Колуӊуздан келсе көмөктөшүп, жакындарыӊыздын ишеничине киргениӊиз туура.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан