Сексуалдык кулчулукка кабылган кыз: «ДУБАЙДА МЕНИ АУКЦИОНГО КОЮШТУ»

Дубай деген сөздү уксак эле көз алдыбызга өнүккөн шаар элестейт эмеспи. Ал жактын калкы ыймандуу, кылмыштуулук жок болуш керек деп ойлойсуӊ. Бирок «беш кол теӊ эмес» демекчи, ал шаарда да оӊой оокатты көздөгөндөр аз эмес. Жакында эле Дубайга бирөөлөр аркылуу алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылган кыз бошотулуп, мекенине кайтып келгендиги буга далил.

«АЙЛЫГЫӉ 2 МИӉ ДОЛЛАР БОЛОТ ДЕГЕН»
«Акча деген азгырык экен, менин тагдырымды башка кыздар да кайталашын каалабайм» деген 25 жаштагы Айпери аттуу каарманыбыз кандайча бул окуяга дуушар болгонун баяндап жатты:
– Нарын облусунан болом. Бишкектеги сулуулук салондорунун биринде чачтарач болуп иштечүмүн. 2014-жылы жайында Замир деген жигит менен тааныштым. Замир башка улуттан эле, интернатта чоӊойгондуктан кыргыз достору ага ушинтип ат коюп алышыптыр. Бир күнү «Дубайда бир эжем сулуулук салонун иштетет. Сенин ишиӊди сүрөткө тартып интернет аркылуу ага жибергем, көрүп жактырды. Дубайга барып иштеп келбейсиӊби» деп калды. Мен 2 айга чукул ойлондум. Ал ортодо Дубайдан Замирдин эжеси телефон чалып, «Атым Анна, өзүм азербайжан кызымын, күйөөм араб, бул жакта 17 жылдан бери жашайм. Сенин ишиӊди көрдүм, мага аябай жакты. Келип иште, айлыгыӊ 2 миӊ доллардан жогору болот, тамагыӊ, жашаган жериӊ бекер. Намаз окуйм, мага ишене бер» деди. «Англис тилин билбейм, ата-энеме да айткан эмесмин, алар урушат го» десем, «Тилди бул жактагы кыздар менен сүйлөшүп жүрүп бат эле үйрөнөсүӊ. Кардарлар менен мен сүйлөшөм, а сен алардын чачын кыркып берсеӊ эле болду. Ата-энеӊе айтпай эле кой, сен келер замат аларга «кызыӊыздардын айлыгы» деп акча салсак, урушмак түгүл кубанып калышат» деди. Макул болдум. Кыялымда акча таап, ата-энеме жардам берип, ашканына үй алгым келди.
Ата-энеме билдирген жокмун. Аларга айткан күндө деле жиберишмек эмес. Дубайга жеткенде айтып, аларга сюрприз кылайын дегем. Сиӊдиме, анан тааныш 2 байкеге гана айттым. Үчөө «көрбөгөн адамга кантип ишенип барасыӊ?» деп аябай каршы болушту, бирок алардын кеӊешине кулак салган жокмун. Ошентип тиги эже мага 100 доллар салып, ага чет өлкөгө чыгуучу паспорт жасаттым. Андан соӊ ал дагы акча салып, ага виза ачтырып, 2015-жылдын 5-январында Дубайга учтум. Мени Анна өзү тосуп алды, хиджаб кийген аял экен. Ал мени көп кабаттуу мейманканалардын бирине алып барды. 2 күн жакшы өттү. 3-күнү гана Анна «мен сени Замирден көп акчага сатып алгам. Эми менден кутулушуӊ керек. Эгер кардарларды жакшы тейлесеӊ жарым жылда кутуласыӊ, болбосо андан да көп иштешиӊ мүмкүн. Эгер макул болсоӊ телефонуӊду өзүӊө берем, ата-энеӊ чалса, «бул жакта баары жакшы» деп айтып турасыӊ» деп документтеримди, телефонумду алып, 3 күн бөлмөгө камап тамак бербей койду. Ал жакта Орусиядан, Украинадан келген кыздар топ-топ болуп көп жерде иштешет экен. Арасынан эже-сиӊди кыргыз кыздарын да көрдүм. Ал эми биздин топто 10го чукул кыз бар эле. Баары тиги аялды «мама» дешет экен. Мага окшоп алданып келгендерден бирөө бар болчу, калгандары өз эрки менен келишиптир.

«МЕНИ АУКЦИОНГО КОЮШТУ»
– Айла жок, акыры макул болдум. Эӊ негизгиси, телефонумду алсам Wi-Fi бар жерден тааныштарыма жазам деп ойлодум. Алар мага кыска көйнөк кийгизип, жакын арадагы өздөрү иштеген ресторанга алып барышты. Анна өзү барбайт, жардамчыларын жиберет. Ресторандын ичинде кыска кийинип тизилип турат экенсиӊ, анан эркектер каалаганын тандап кетишет экен. Мени бир америкалык менен арабга аукционго коюп, акыры америкалык алмакчы болду. «Барбайм» деп ал жерден ыйлап, ызы-чуу чыгардым. Аннанын жардамчылары мени кайра өзүбүз жашаган жерге алып келип, «эмнеге кардарларды качырасыӊ?» деп сабап, «мындан ары жакшы иштейсиӊби?» деп коркутушту. «Ооба» десем, «анда 1 жума кыздар кантип иштээрин үйрөн» деп башка кыздар менен чогуу жиберип турду. Бирок мен кардарларды тейлеген жокмун.
Ыӊгайы келип, интернеттен Бишкектеги тааныштарыма байланышып башымдан өткөнүн жазсам, алар Дубайдагы тааныштарына айтышыптыр. Мага интернеттен 3 байке жаза башташты. Аларга «мени бул жерден чыгарышпайт, кардар катары эле келип алып кеткиле» деп жаздым. 2-3 күндөн кийин бир байкелер келип мени ресторандан качырып чыгарышты, анан Жанат аттуу кыргыз эженикине келдик. Биз керектүү документтерди чогулткуча Жанат эженин телефонуна белгисиз адамдар чалып коркутушуп, үйүн бейтааныш кишилер акмалай башташыптыр. Анан интернет аркылуу байланышып жүрүшкөн Адилет, Азиз деген байкелерди чакырып, алар менен документ чогултуп 3 күн жүрдүм. Алар мага кийим-кече алып, учакка билет сатып беришти. Дубайдагы мекендештериме ыраазымын. Бишкекке 19-январда кайтып келип, милиция кызматкерлерине арыз жаздык. Учурда алар мени сатып жиберген Замирди издешүүдө. Анын интернет баракчасы өзгөрбөптүр, күндө кирип жатат. Телефон номери, сүрөттөрү бар, бирок милиция кызматкерлери дале табыша элек.

«КОНСУЛДУН АЙЫНАН БИЛЕТ КҮЙҮП КЕТТИ»
Каарманыбызды кулчулуктан куткарып, Кыргызстанга кайтуусуна жардам берген мекендештерибиздин бири Азиз Сулайманов менен байланышып, окуя тууралуу уктук:
– Тааныштарыбыздан «Бир кыргыз кыз алданып келип, кете албай калыптыр» дегенди угуп, Дубайда иштегендер чогулуп жардам берүүнү чечтик. Кызга жолуккан соӊ Адилет Жумаев деген досум экөөбүз документтери менен жүгүрө баштадык. Дубайдагы кыргыз консулдугу убактылуу паспорт жасап бермек, бирок ар кайсы шылтоону айтып жатып араӊ кабыл алышты. Өзүбүздүн жумушубузду таштап коюп 4 күн ал кыздын документтерин чогултуп жүрдүк. Үстүндө кийими жок экен, бир сыйра кийинттик. Анан 400 долларга билет сатып берип кызды салып жиберели деп келсек, «документтер жетишпейт» деп аэропорттон өткөрбөй коюшту. Ал жерде Бакыт аттуу консул жүргөнүн көрүп калдык, үй-бүлөсүн узатып келсе керек. Өзүбүз аэропортто иштейбиз. Жумушка кирген паспорт болот, аны үйгө таштап койгон элек, аэропорттун ичине кире албай сыртта турганбыз. Дароо аэропорттун ичинде жүргөн тааныш балдарга телефон чалып, «Айперини өткөрбөй жатышат. Консулга жолугуп айткылачы» дедик. Алар барып консулга жагдайды түшүндүрүшсө, «кайдагы бир кыз үчүн ызы-чуу кылып жаман болдуӊар го» дептир. Эми өзүӊүздөр ойлосоӊуздар, консулубуз ушинтип жатса, анда биз кайда барабыз? Анан миграция кызматындагыларга барып, «мурда ушул эле документтер менен өтчү, мындай жок эле го» десе, арабдар «Сен өзүӊ консул болуп туруп ушуну билбейсиӊби? Бул мурунтан эле келе жаткан систем» дешкенде «аа» деп башын чайкап кайра чыгып кетиптир. Ошентип консулдун шалаакылыгынан улам алган билетибиз күйүп кетти. 400 доллар талаада жаткан жок да, биз деле акча табалы деп иштеп жүрөбүз. Калган документтерин чогултууга да өзүбүз чуркап, айып жана башка чыгымдарынын бардыгын өзүбүз төлөп, кайра башка билет сатып алып Айперини узаттык. Адилет экөөбүз баш-аягы 1000 доллардан чыгардык. Менин оюмча, консулдуктун иштебегенинен улам мекендештерибиз жапа чегүүдө, ошондуктан кыргыз эли-жери үчүн күйгөн, патриот адамдар консулдукта иштешсе...

«ЖАБЫРЛАНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕРДИ ТОЛТУРУУДАН БАШ ТАРТКАН»
Бул маалыматты тактоо үчүн биз Бириккен Араб Эмиратындагы Кыргызстандын башкы консулдугуна байланышып, консул Бакыт Түнгатаровдон жооп алдык:
– Дубай шаарында 6 миӊге чукул кыргыз жарандары бар. Алардын 2 миӊден ашууну биздин консулдукка каттоого турушкан. Жарандарыбызга жардам берүү биздин негизги милдет, бардыгына мыйзам чегинде жардам көрсөтүлөт. Жогорудагы жараныбыз январь айында биздин жана Дубайда жашаган мекендештерибиздин жардамы аркылуу Бишкекке жөнөтүлгөн. Иш учурунда ар кандай кыйынчылыктар жана түшүнбөстүктөр болот. Туура, биринчи жолкусунда «кошумча маалымат керек» дешип чек арадан өткөрбөй коюшкан. Ал кызга билет алып берели деп эл аралык уюмга (Бишкектеги эл аралык миграция уюмунун филиалы) да кайрылып макулдук алганбыз. Ал уюмга кыздын атасы да кайрылган, тиешелүү документтерди толтуруу талап кылынгандыктан жабырлануучу ал сунушту кабыл алган эмес. Негизи, бул ишти иликтөө үчүн көп убакыт талап кылынат, бирок биздин сураныч менен алар кызга керектүү документтерди тездетип бүтүрүп беришти.
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы бул окуя боюнча арыз түшкөнүн, азырынча териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдап, жакында кененирээк маалымат берерин билдиришти.

Юристтин кеӊеши
«АДАМ ӨЗҮНӨ САК БОЛУШУ КЕРЕК»
Жогорудагы каарманыбыз эмне кылышы керек? «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси Азиз Токтосунов кеӊеш берет:
– Тилекке каршы, учурда сексуалдык кулчулук кулачын жаюуда. Чет өлкөгө иштегени бараткан айрым жарандарыбыз көпчүлүк учурда керектүү жагдайларга маани бербей, көз жумуп коюшат. Эгер адам өзүнө сак болбосо, жогорудагыдай окуяга дуушар болушу толугу менен мүмкүн. Ошондуктан жарандар чет өлкөгө чыгарда төмөнкүлөрдү эсинен чыгарбашы керек:
1. Жумуш берүүчү компания же адам жана сиз иштечү жумуш тууралуу кенен жана так маалымат алыӊыз.
2. Визаӊыз жарактуу болушу шарт.
3. Туугандарыӊызга кайда баратканыӊызды, ортомчулардын дарегин, телефон номурун маалымдаӊыз.
4. Паспортуӊузду эч кимге бербеӊиз.
5. Чет өлкөгө чыгарда ал өлкөдөгү Кыргызстандын элчилиги жана консулдугунун дарегин билип алыӊыз.
Жогорудагы каарманыбызга айтар кеӊешим, сиз укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, бул окуя боюнча кылмыш иши козголушун талап кылыӊыз. Эгерде кандайдыр бир себептерден улам укук коргоочулар сиздин арызыӊызды кабыл алуудан баш тартып же кайдигер мамиле кылып кылмыш ишин козгобой жатышса, анда алардын үстүнөн прокуратурага арызданыӊыз.
Ал эми консулдуктун кызматкерлери кызматтык милдеттерин так аткарышпаса, сиз Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, ал кызматкерлерди мыйзам чегинде жазалоону өтүнүӊүз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (102)
princessa
2015-03-13 13:17:48
25 жаштамын деп "озум билемдик" кылыптыр да; ата-энесине айтпай кантип журогу чыдап кетти? Эмнеси болсо да аман-эсен кайтып келиптир. Жардам Берген мекендештерибизге рахмат!
0
Mir83
2015-03-14 21:26:28
Эгер кыргыз жигиттерибиздин 70 пайызы ушул жигиттердей болгондо мамлекетибиздин келечегинен эч ким коркмок эмес..элибиз ар кайсы олкого барып кыйналбайт беле.
+1
sadolin
2015-03-14 21:55:46
Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт дейт. Кийинки жашоосун кудай туз кылсын. Ал деле оюнда жакшы кылам деди да.
0
kurguz...
2015-03-15 02:12:30
2мин долларды бишкектен деле табасын 2мин болбосун 50мин точна тапса болот жерди тырмак менен казсан!
0
damirbek.seiil
2015-03-15 15:11:00
Ата-Энене айтпай кеттинби кудайым сага корсоткон ошол кордукту дагы кобуроок кордук корбоптурсун.ырас болот чала болот сага.балаана барасынбы Дубайга ойлонбойсунбу чоп чон еле кыз екенсин.
0
alymbek01
2015-03-15 15:58:14
карындашым 5 убак намаз окуу.аларды аллах жазасын берсин.
0
i_am_simple
2015-03-15 22:48:53
озуно озун жасапсын ошол эле
0
Blackdillinger
2015-03-16 08:52:55
Мындан ары ар бир карындаш- эжелерибизге сабак болсо.. Дубай десе эле келе бербегиле бул жакка деп айтаар элем. Бул жакта деле кыргыз болуп туруп ар ким эле жардам бере бербейт.. Эгер кандайдыр бир суроонор болсо, мага кайрылсаныздар болот. Атым Адилет.. Менин номерим:00971564082724
+1
Blackdillinger
2015-03-16 08:57:27
Аллахтын жардамы менен, Кыргыз учун демибиздин акырына чейин тикебизден тик турганга даярбыз!!!
+1
Elika
2015-04-05 05:45:20
Менде да бир окуя болгон эле.Озубуздун кыргыз жарандарына алданып калышыма аз калган Аллах бир озу куткарып калган.
0
Elika
2015-04-05 05:54:49
Интернет аркылуу бир бала менен танышып калгамын.Ал бала айтты он бир жылдан бери Дубайда жашаймын апам Дубайда араб элине турмушка чыккан деп мактанып фотолорун жибере баштады.Анан эле бир кун арманып айтып баштады апам мени уйлон деп атат Кыргызстандан аяш атамдын кызыны чакыртыптыр суйлошуп кор деп бирок ал мага жаккан жок мен азыр уйлонбоймун деп менден жардам сурады.Кандай жардам десем ,менин кызым болуп апам менен суйлошуп койчу деди эле биринчиден мен эч качан жигиттин апасы менен -
0
Elika
2015-04-05 06:03:25
уландысы:-суйлошкон эмесмин уялам деп конбой койдум эле дос болсон макул дечи деп суранганыдан макул дедим.Эки уч сааттан кийин апасы чалды тушунуксуз бир номерден.Анан унчукпай угуп тура бердим аял озу суйлоп кетти экоон беш жылдан бери суйлошот экенсинер неге айтпадынар дейт,а мен эмне деп жооп беришимди билбей туруп калдым.Коп создорду айтты жакшы суйлоп.Ичимден ойлонуп калдым мынча акшы аял деп.Анан тиги дос болгон бала айтты мен Москвага барамын мага жол корсотуп койсон эле болду ->
0
Elika
2015-04-05 06:14:48
Уландысы;-Москвада квартирабыз бар деп.Мен айттым озун билесин мен сага жардам бералбайм десем мен сенден акча сураган жокмун просто эле жол корсотуп кой Москвага барган эмесмин деди эле макул дедим.Анан эле апасы чалып балам Москвага барамын деп жататго дейт мен аны чакырып жаткансып мага кыжырланып суйлоду эле мен чакырган жокмун мен билбейм десем ,ии макул барса барып келсин карашып кой сенден сураныч балам ал жака барган эмес деп мени кызым деп суйлогонудон энего барыбир деп макул дедим.->
0
Elika
2015-04-05 06:28:47
Уландысы;-телефонун беш жуз рублге суранып жатып суйлошуп алайын деп алдым азыр бул кетет анан связь очот.Кантип байланышабыз мени чыгарып кет деп жалдырады.А мен эмне кылышымды билбей калдым чынбы же калпбы деп.Бир аздан кийин апасы чалды мен Америкага жеттим балам жакшы жетип алдыбы деди эле жок жолдо ушундай болуптур десем ыйлады аябай телефондо ой журогум эле журогум деп анан мага балам бир нерсе болсо сен жооп бересин деди.Эмне дееримди билбей калсам анда сен баламды барып чыгарып келсен ->
0
alnaz
2015-05-01 01:04:01
Elika ой,анан эмне болду,жомогундун аягына чыкпапсын го...Ал эми патриот балдарга чон алкыш! Мына патриот деген ушундай болот.Россиядагы кыз сабагандарга окшобой.Кыргыз жигиттери ушулардай суктанаарлык болсонор баарынар ар дайым.
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан