"ЖОЛДОШУМ ИНИМЕ 17 ЖОЛУ БЫЧАК САЙЫП ӨЛТҮРДҮ"

Өткөн жылдын октябрь айында Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаӊы конушунда Нурсултан Раимкулов аттуу 19 жаштагы жигитти белгисиз кылмышкер 17 жолу бычак сайып өлтүргөн. Бул кылмышка шектелип маркумдун бир тууган жездеси, Кочкор районунун Шамшы айылында 1986-жылы туулган Шаршенбек Сыдыкбек уулу кармалган.

Мырзабек Токтосунов, Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери: «АЙЫПТАЛУУЧУ АЗЫР СИЗОдо»
– 19-октябрга караган түнү Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо конушунун тургундарынан адам өлтүрүү боюнча маалымат келген. Кызматкерлер айтылган дарек боюнча барганда 19 жаштагы Кочкор районунун тургуну Нурсултан Раимкуловдун бычактан жараат алып каза болгон жансыз денеси табылган. Анын көкүрөгүнө 7 жолу, арка тарабына 10 жолу бычак сайылыптыр. Бул кылмышка шектелип Шаршенбек Сыдыкбек уулу кармалып, кылмышын моюнуна алган. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганда сотко өткөрүлүп берилген. Айыпталуучу учурда СИЗОдо кармалууда.

«УУЛУМ КӨЗ АЛДЫМА ЭЛЕСТЕП ЖАТАТ»
Маркум Нурсултан Кочкор районундагы карапайым үй-бүлөнүн эӊ кенжеси экен. «Көп нерседен үмүттөндүргөн кенже уулубуздун жанын күйөө балабыз алып тынды» деп атасы Таалай Раимкулов мырза көз жашын төгүп отурган чагы:
– Кызыбыз Перизат менен күйөө балабыздын 3 баласы бар, жакшы эле жашашчу. Булардын тынч түтүн булатышына кудаларыбыз жолтоо болушту окшойт. Экөө 2013-жылдан бери таарынышып жүрүп, 2014-жылы апрелде ажырашышкан. Күйөө балабыз балдарына алимент деле төлөгөн жок. Нурсултан эжеси менен бирге жашап, иштеп анын балдарын багышып жаткан.
Шаршенбек үйгө келип балдары менен көрүшүп турчу. "Экөөнүн ортосунда 3 бала бар, кайра жарашып бирге жашап калышар" деп калчубуз. Акырында минтип үйгө чейин бастырып кирип, балабызды өлтүрүп кетти. Ошол күндөн бери уйку жок, уулумдун баскан турганы көз алдыма элестейт. Кочкордогу үйдө кийип жүргөн футболкасы бар экен, апасы экөөбүз ошону целлофан баштыкка салып сактап койгонбуз, бирибизден өтүп бирибиз жыттай беребиз. Кудаларыбыз «силердин балаӊар жерге кирип кетти, биздики түрмөдө кыйналып жатат» деп сотто бизди кекетип сүйлөшөт. Биз анын өмүр бою камалуусун талап кылабыз. Эгер сот аны актай турган болсо элдик жазалоого барабыз. Азыр 3 уулум "биз өч алабыз" дешүүдө, "мыйзамды сыйлагыла" деп аларды араӊ эле кармап отурам.

Маркумдун эжеси, кылмышка шектүүнүн мурунку жубайы Перизат Раимкулова: «ИНИӉ КЕЛБЕСЕ СЕНИ ӨЛТҮРӨМ ДЕДИ»
– Ошол каргашалуу түнү уктап жатсам эшик ачылып, үйгө бирөө киргендей болду. Ал убакта Нурсултан достору менен гитара чертип көчөдө эле. Карасам мурунку жолдошум колуна бычак кармап босогодо туруптур. Столдо турган бычакты да колуна алып, «Нурсултанды таап бер, болбосо сени өлтүрөм» деди. Мен туруп кийиндим да, экөөбүз дарбазанын сыртына чыктык. «Саат 24:07 болуп калыптыр, иниӊди 15 мүнөт күтөм, эгер келбесе сени өлтүрөм да, анан аны да өлтүрөм» деп бычактарды бири-бирине кайрап турду. Нурсултанга телефон чалып чакырдым. Ал келгенде жолдошум бычагын жашырып, унчукпай эле туруп калган. Иним «бул жакка эмнеге келдиӊ? Эртеӊ менен сүйлөшөсүӊ деп айтпадымбы» деди. Анан мага карап, «сиз кире бериӊиз, биз жөн жай эле сүйлөшөбүз» деди. Бир короодо 6 үй-бүлө батирде турчубуз. Чуркап кирип кошуналардан жардам сурап кыйкырдым. Алар да уктай элек экен, чогулуп бат эле сыртка чыктык. Көчөгө чыксак эч ким жок, иним болсо жерде сулайып жатыптыр.
Инимдин алды тарабына 7, артына 10 жолу бычак сайыптыр. Далысына катар-катар сайып ойногондой. Нурсултан ага караганда сөөк-сактуу, бойлуу жигит болчу. Аз убакыттын ичинде жалгыз өзү инимди мындай мыкаачылык менен өлтүрө алмак эмес.

«КЕЛИНИМДИН КӨРСӨТПӨГӨН КЫЛЫГЫ КАЛГАН ЖОК»
Шаарбүбү Султанова, кылмышка шектүү Шаршенбектин апасы:
– Шаршенбек 6 кыздан кийин тиленип жүрүп көргөн уулум болчу. Перизатты классташым аркылуу таап, уулум менен сүйлөштүргөнбүз. Экөө тил табышып, бапырап биринчи жолу келин алдык. Тыпылдап жакшы оокат кылып жаткан келиним бир айга жетпей өзгөрүп кетти. Анын көрсөтпөгөн кылыгы калган жок. Бир жыл өтпөй уулумду шаарга ээрчитип кетти. Жумуштары жүрүшпөй, батиринин акысын да төлөй албай кайра айылга барып, 2 жыл кой багышты. Анан эле күч күйөө кылып төркүнүнө алып кетип калды. «Уулумду төркүнүнө алып барып көмүр ташытып иштеткени эмнеси» деп аябай капаландым. Кийин Кочкор айылында жашап жатышкан, неберелеримди көргөнү барсам дагы шаарга келе беришиптир. Муздаткыч жана башка буюмдарды алам деп келин банктан насыя алган. Анын бир айынын эле акчасын төлөп, калганын биз төлөдүк.
Көп нерсеге келин себепкер болгондуктан мен ага асылчумун, аны моюнума алам, экөөнү ажыраштырдык. Баламдын телефонуна келинден кайра-кайра сөгүнгөн жаман билдирүүлөр келе берчү экен. Келиним уулума «Нурсултан жазды» деп жалган айтып жүрүп инисин өлтүртүп, өзүн түрмөгө отургузуп тынды.
4-март күнү Ленин райондук сотунда бул кылмыш иши каралып, жыйынтыгында кайра териштирүү үчүн иш райондук прокуратурага жөнөтүлдү.

"Жаӊы турмуш курган күнүбүз. Жолдошум мындай мыкаачылыкка барарын ошондо сезсемчи."

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жездеси кайнисин 17 жолу бычак менен сайып өлтүргөн
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (64)
raxatka
2015-03-12 22:26:12
келин куноолудой сезилип жатат
0
jipara86
2015-03-13 18:26:42
Кыздар!!!Силер турмушка чыгаардан алдын жакшы ойлонуп(куйондун уйундо же озунордун сатып алган уйунордо )жашагыла.Эч качан озумдун жериме элиме,уйумо алып келем деп ойлобогула.Эрди эр кылган кара жер кылганда АЯЛ.болот.Балдарынардын келечегине балта чаппагыла.
0
Meruet84
2015-03-14 11:27:17
Келинин жаман болсо уулунан кор , куйоо балан жаман болсо кызынан кор дейт .Мусулманчылыкта жаман аял уч адамга себепкер деген :атасы , агасы , баласы .Азыркы болуп жаткан журок ушун алган окуяларды мен ушундай айтылган создор мн байланыштырам
0
pchelka7770
2015-03-15 13:05:26
Эжеси чындыкты жашырып аткандай , инисинин олумуно куноолу. Коруп туруп инисин олумго чакырып берди. Башка батирде жашагандар бар экен. Ошолорду жардамга чакырса болот болчу да.
0
i_am_simple
2015-03-15 17:03:36
17 жолу бычак сайылган баланы 45 минут уйдо кармап олтура берген,эмнеге сразу больницага алып барбады?
0
i_am_simple
2015-03-15 17:05:06
бизде тез жардам кызматкерлери жок,алардын атын эле укбасан заты жок!
0
chanel11
2015-03-15 20:46:24
ЭЖЕСИ да чыр-чатак турмушуна жапжаш инисин аралаштырып эмне кылат .олгон озунун шору деген ушул да ал бала учун эми бир гана ата-энеси кыйналат эжесине баарибир да дагы бир зоокурду таап жашай берет .суйлошкон кызы тез эле суйуктуусун таап алгандай.
0
chanel11
2015-03-15 20:48:43
ал баланын дагы бир туган иниси бар бекен эгер эжеси дагы азыркы баланын тубуно жетсе дагы бироосуно белек кылып коюшат эле
0
chanel11
2015-03-15 20:53:15
суйлошкон кызы бир туугандарды тейлеп журо берет да.ал кызгада да тан калдын олорун кутуп тургандай кантииип журогуно баты .же эр болсо болду окшшойт .эркек атту жан болсо .хххххххх
0
Afina
2015-03-15 22:18:26
Кудааайййй..... бир тууганынан да озунун жанын биринчи ойлогон киши болот экен эээ... чакырбайм андан коро мени олтур дебейт беле. Жок эле дегенде кирбей койсо болмок бир эмес эки бычак колунда турганын коруп туруп. Балага боорум ооруп турат. Жаткан жерин жайлуу болсун.
0
Taalaibek.
2015-03-16 07:30:59
Кыздын кырк чачы улуу.
0
diana8888
2015-03-19 17:04:49
Эжеси инисин жалгыз таштабоо керек эле кочого,мен эжесин куноолоймун,жаткан жерин жайлуу болсун.
0
tram-lam
2015-03-24 18:26:44
Эжеси: "уктубу укпадыбы билбейм" деп кайдигер суйлоп коет го, оз иниси эмес кочодогу бейтааныш адамга да мындай мамиле кылынбайт да! Мыйзам боюнча куноосу жок болсо да, абийир сотунан качып кутула албайт. Оз иниси учун любой адам жанын бергенге жон эле даяр болсо керек, ушул "эжесин" тушуно албай койдум.
0
perizat87
2015-03-24 18:50:44
Lazygirl Sydykbek uulu Sharshenbektinda enesinin jalgyz balasy emes ele daagy bir balasy bar 92 Duishonbek enesine ayabai ishenip atkansynargo!
0
admin_superstan
2015-03-25 10:46:58
perizat87, сайттын башка колдонуучусун мазактоого, жеке айтышууларга жол жок! 2 күн БАН!
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан