КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШКӨН АДАМ САЛЯНОВА ЭМЕС, АТАМБАЕВ ЭКЕНИ АНЫК БИЛИНДИ

Бул апта башкы прокурорлуктан күйөөсүнүн иштеринен улам кетүүгө аргасыз болуп, чоӊ саясатка аттанган Аида Салянованын президент Алмазбек Атамбаевге тиш кайроосу менен уланды.

КООМЧУЛУК АЧЫК ЖООП АЛЫШЫ КЕРЕК
27-февраль күнү УКМК «Тазалык» ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жаткан күбөлөр экс-башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго кылмыш ишин жаптыруу үчүн 50 миӊ доллар беришкенин тастыкташты» деп билдирүү таратты. Абдыкапаровго карата «алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылып, ал Кыргызстандын аймагынан чыгып кетпөө жөнүндө тил кат жазып берген. «Күчтүү Кыргызстан» партиясынын төрагалыгын Саляновага өткөрүп берген Расул Умбеталиев: «Салянованын жолдошу Абдыкапаровго карата козголгон кылмыш иши – бул саясий буйрутма, куугунтукка алуу. Салянованын башкы прокурорлуктан отставкага кетүүсүнө анын күйөөсү себепчи болгон эмес. Башкы себеп анын президенттин чөйрөсүндөгү адамдарга жана азыркы саясатчыларга карата кылмыш иштерин козгоо боюнча бир катар документтерди даярдоосу болгон»,- деп 27-февраль күнү маалымат жыйын берди.
Президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси Фарид Ниязов мамлекет башчы өз чөйрөсүндөгү адамдарга карата Башкы прокуратурада чын эле кылмыш иштерин козгоо боюнча иш-аракеттер жүрдү беле, чын болсо эмнеге тийиштүү процедуралар жүргүзүлгөн эместигин териштирүүнү талап кылганын айтты. «Алмазбек Шаршенович бул тапшырманы башкы прокурор Индира Жолдубаевага берди. Президент Расул Умбеталиев айткан маалымат боюнча Башкы прокуратурада документтер барбы, эгерде бар болсо эмне үчүн алар тиешелүү текшерүү жана кылмыш иштери катары ишке ашкан жок деген суроого коомчулук жооп алышы керектигин баса белгиледи»,- деп Ниязов мамлекет башчынын бул маселе боюнча позициясын билдирди.

УМБЕТАЛИЕВ ӨЗ СӨЗҮН БУРМАЛАЙ БАШТАДЫ
Конкреттүү президенттин айланасындагы кайсы адамдар боюнча кеп кылгандыгын Умбеталиев Башкы прокуратурага айтып бере албады. Тайсалдата «мен Президенттик администрациянын өкүлдөрүн эмес, башкача мааниде айтканмын. Министр, вице-премьер өӊдүүлөрдүн кызматка дайындалышы боюнча жарлыкка президент кол коёт эмеспи. Демек, чиновниктер президенттин айланасындагы адамдар болуп саналат» деп алгач маалымат жыйынында бар деген документтерди көрсөтүүнүн ордуна өз сөзүн бурмалай баштады.
Бул окуя бир нерсени дагы бекемдеп койду. Алгач Аида Салянова өзүн республикада коррупция менен күрөшкөн, анын айынан коррупционерлердин курмандыгы болуп калган адам катары көрсөтүүгө аракет кылды. Кайсы бир деӊгээлде ал максатына жетти. Бирок журналисттерге берген маалымат жыйындагы сөзүндө коррупция менен күрөш президенттин эрки, колдоосу менен жүрүп келгенин өзү кайра далилдеп койду.
Эми минтип паракорлор менен күрөшүүчү имиджин бекемдөө аракети теӊирден тескери жагына кетти.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
Aman7
2015-03-10 12:52:06
ХХХХХ, Бул эмнени тушундурот? Ушунчалык корккудай эле, мен жаны катталганыма тушунбодум ХХХХХка.
0
Shamdagai2013
2015-03-11 10:26:50
Aman7,Эгер туура эмес же табиятка туура келбеген сын пикирлерди жассан,Админ жазган сын пикирини очуруп,ошондой XXXXXти жазып,сага эскертуу берет же БАН.
0
Aman7
2015-03-14 01:04:42
Shamdagai2013 рахмат сага тушундум эми
0
Bagysh
2015-03-10 13:44:37
Ушул биз кыргыздар эмнеге эки жуздуу калкпыз Аида Салянова иштеп жаткан кезинде тим эле аябай жакшы иштеп атат деп гезиттердин бетинде жайнап кеткен эле.Эми минтип жумушунан кеткен кезде ар ким ар кандай создорду айтышып жатат.Бир гана Салянованы эмес чиновниктердин кимиси жумушунан алынса болду ошол адамды сынтактап жатып калабыз.Эээ кыргыз элим.
0
shukurbek
2015-03-10 14:54:33
Bagysh,саясый иштердин арты менен жалпы Кыргыз элин эки жуздуу корсотуп коюу туура эмес. Ал эми эки жуздуу адамдар белгилуу жалпы калкка алар бийлик окулдору М:кечээ эле президенттикке татыктуу аял деп ырдап чыккан, Ал эми бугун башка пикир менен каралоо жолунда дегендей.
0
baba.
2015-03-10 14:40:48
Аа эми Атамбаев коррупция менен курошуп жатат дегенинерби.....Ким ишенет бул созунорго.Шайлоого жакын калдыда ээ.Алдын алып арыгын чаап суудай тунук корсотолу дегениго чамасы.Экоонун ортосунан кандай кара мышык отту экен.Президенттикке татыктуу аял деп айтпады беле Атамбаев.Тообо он козун сол козуно душман азыркы учурда.
0
alas
2015-03-12 21:42:10
baba., 100 % мен ишенбейм
0
admin_superstan
2015-03-10 15:14:55
shukurbek, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
Taranchy
2015-03-10 15:52:00
Азыркы учурда кимге ишенүүгө болот? Бийликке жулкунган саясатчыларгабы же элге ар кандай маалымат тараткан, жалданма журналисттергеби? Кандай ойлойсуңар?
0
kanijol
2015-03-10 22:22:48
Taranchy,аллахка жана озуно ишен болду жакын тууганынада ишенбе буларга ишенгендердин кобу жок азыр
0
alas
2015-03-12 21:43:33
Taranchy, бир гана аллахга
0
toichubek1984
2015-03-10 16:44:17
ээ дагы ушуларбы башкы прокурорлука 11 класстын жакшы окуган окуучусун эле койуп албапсынар адашыпсынарда
0
zman53
2015-03-10 17:37:27
Тазалык ишканасында иштеген адамдардан 50000 $ эмес,50000 сом чыкпайт го дейм.
0
aidai13
2015-03-10 23:52:10
iwtewet bular jakwy iwtewet toktogul raionuna eki ai murun asfalt towowkon azyr oiulup bolboi kalgan lu4we tim ele koiuwsa bolmok eken
0
Jiide.8792
2015-03-11 02:07:27
Мен кыргызмын бирок кыргызстандын депутат мент сот прокуратура Айыл окмот Кароче ишин тушкон иштегилерден ушунчалык конум калды Больницага барсан акчан болсо жок болсон олуп кетесин не мынчалык мага мага деп турушат кыргызым бузулдубу же заманбы билбейм айтор ыйман кеттиби президентен президент алмашат жанакы эле кебете качан бир тузук болобу экен козум эмес ойумда жетпей баратат онолоруна Эх кайран кыргызым кор болдун шор болдун и, и, и, и, ииииййййййййй,,,аман болгулачы
0
Nurmuxammet
2015-03-11 13:39:00
Ден соолукта болгула
0
Jenish_kg1
2015-03-12 16:37:33
иииииииииийййййй тим эле баарын кыйынсынар..................... КЫРГЫЗЫМ булар байлык менен бийликти гана талашып жатышат......... Бирине да ишенбегиле!!!!!!!!!!!!
0
Bagysh
2015-03-12 17:39:01
Кыргызстан коз жаштарга ишенбейт.Аракеттерге ишенет.Атамбаев эмнени озгорттуп жиберди деги.Кыргызстан артка кетсе кетип жатат алдыга карай аракет жок.Кун сайын зордуктоо,ур токмокко алуу,уурулук.Же бир буларга каршы катуу мыйзам чыгара албайт.Адилеттуу иштеп жаткан эч ким жок.Атамбаев кеткенден кийин дал ушул Саляновага жабылган жалаа агада жабылат.
0
meerim94
2015-03-14 13:30:53
ушулкунго чейин онукмок ! элдин тапканын баарын жеп жыргатып койушкансып олтурушат кана Атамбаев эмне жумуш кылды эмнени кыйратты онуктуробузонуккон мамлекет деп тее жогоруда туруп суйлой беришет! ачкалыктан элдер кыйналганын билседа жеп олтура беришет! акыретте озуножооп бере алар экенби ошол саясатчылар! элге жооп берген киши боло беришет ! качан саясатчыларга акыл кирет!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!11
0
afer93
2015-03-15 12:35:59
Булар А.Салянованы келе жаткан шайлоого кандидатурасын коёт деп алдын ала каралашууда
0
admin_superstan
2015-03-16 10:58:45
afer93, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан