Укук коргоо органдары Ош шаарында жайгашкан «Ак-Буура» жана «Жетиген» мейманканаларында сойкулук кызматы көрсөтүлүп жүргөндүгү тууралуу маалыматты тастыкташты. Текшерүү учурунда «Ак-Буура» мейманканасы Жогорку Кеӊештин экс-депутаты, учурда «коррупция» беренеси боюнча айыпталып жаткан Урмат Аманбаева менен анын бир тууганы, учурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаевге таандык экендиги ачыкталган. Алар КСДПчы Турсунтай Салимов өӊдүү эле мейманкана ижарага берилгендигин жана анда сойкулук кызмат көрсөтүлгөнүнөн кабарсыз болгондугун айтып чыгышты. Бактыбек Аманбаев болсо «мунун баары ыплас оюндар жана эжеме карата уюштурулган кара пиар» деп билдирди.
Эске салсак, буга чейин ушундай эле жийиркеничтүү окуя Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынан депутат Турсунтай Салимовго байланыштуу болгон. Бишкек шаарында жайгашкан «Прадо» эс алуу борборунда сойкукана бар экендигин милиция кызматкерлери ачыкка чыгарышкан болчу. Эс алуу борборунун кожоюну Турсунтай Салимов экендиги маалым. Бирок ал аталган жайды ижарага бергенин, сойкукана уюштурганы үчүн ижарага алып иштетип жаткандар жоопкерчилик тартышы керектигин айтып кутулган.
Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg