СӨЗ ЭРКИНДИГИ МУРУНКУДАЙ КЫСЫМГА АЛЫНА ЭЛЕК

4-март күнү «Жаӊы муун» кыймылы сөз эркиндигинин учурдагы абалына арналган тегерек стол өткөрдү. Ага саясий жана коомдук ишмерлер, медиа-эксперттер катышышты.
«Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүү тенденциясы байкалып жатат, бирок ал мурункудай күчтүү эмес. Бийлик дайыма эле ЖМКларга басым кылууга аракет кылып келген. Анткени аткаминерлер сын-пикирге туура реакция кылууну үйрөнүшө элек»,- деди белгилүү журналист Нарын Айып.
Жыйынтыгында сөз эркиндиги учурда Акаевдин, Бакиевдин мезгилине салыштырмалуу эркин абалда экендиги, бирок бийлиги барлар ЖМКларды, журналисттерди көзөмөлдөөгө дале аракет кылып жатышкандыгы белгиленди.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
eliza5566
2015-03-16 13:50:26
соз эркиндиги журналисттер учун табылгыс азык
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан