ҮЙГӨ БАСТЫРЫП КИРГЕН АДАМГА ОК АТУУГА УРУКСАТ БЕРИЛДИ

Турак жайга мыйзамсыз түрдө бастырып кирип келген адамдын өлүмү үчүн кылмыштык жоопкерчиликти жойгон мыйзамга толуктоолор киргизилип, 2-март күнү президент Алмазбек Атамбаев кол койду. «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды парламент 14-январда кабыл алган болчу.
Мыйзам долбооруна ылайык, коргонуу зарылдыгы тууралуу 36-берене жаӊы редакцияда баяндалат жана турак жайдын кол тийгистигин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган 137-беренеге өзгөртүүлөр киргизилет. Тактап айтканда, адамдын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салган кишиге коргонуу учурунда зыян келтирилсе же кокустуктан улам кол салуучу өлүп калса да бул окуя коргонуу чектеринен аша чабуу болуп каралбайт. Куралдуу кол салган адамдан коргонууда ок чыгаруу же башка сактануу үчүн пайдаланылган каражаттарды колдонуу кылмыштык жоопкерчиликке тартылууга алып келбейт.
Бул мыйзам долбооруна байланыштуу Жогорку Кеӊештин 3-чакырылышында депутат болуп жүрүп атып өлтүрүлгөн Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы Эльвира Сурабалдиева башынан өткөн коркунучтуу күндөрүн эске салып, интернет баракчасында төмөнкүдөй пикири менен бөлүштү: «2005-жылдын 24-мартында кечинде атамдын үйүндө жалгыз калган кезим. Ошол күнү 10 чакты чоочун, тапанча жана мылтык менен куралданган адамдар киришип, атамды издешти. Аны таппай, үйдү тоноп, бүт көӊтөрүшүп, аягында мага да кол салышкан. Эми болсо чоочун адам чакыртпай туруп үйүӊүздүн босогосун аттаардан мурун эки ойлонуп көрөр. Жаӊы мыйзам боюнча, «күтүлбөгөн конокту» куралдуу тосуп алууга уруксат берилиптир. Баштан өткөн соӊ бул мыйзамдын зарылдыгын жакшы түшүнөм».

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
taku0214
2015-03-10 02:08:34
бул мыйзам байлар менен чиновниктерге арналып жазылган. жонокой адамдар курал сатып алалбайт. жана да карапайым адамдардын уйуно каракчы кирбейт.
+2
SherhaN
2015-03-10 09:13:50
taku0214, таамай айттын баракелде! карапайым адамда кайдагы мылтык
+2
kana9151
2015-03-10 14:50:59
уйуно каракчы эмес бир зөөкүр бастырып кирсе мне кыласын? же ага түшүндүрөсүнбү мен бай, чиновник эмесмин деп? болбогон нерселерди жаза берет экенсинер да
0
lolo
2015-03-10 16:15:07
Menim4e en jakwy kylyptyr.Zorduktoolor,urular azayat,kan4alagan jaw baldar kordolup jatat emi tyiylar.
0
lolo
2015-03-10 16:16:30
kana9151 silerge kowulam, tuura aityptyrsynar
0
Chtc
2015-03-11 12:38:08
Азыркы заманда болбогон акча үчүн деле тоноп, өлтүрүп кетип жатышат.Бул мыйзам карапайым адамдарга деле керек.
0
Nurmuxammet
2015-03-11 13:43:25
Адам омуру короо жайдан, мал мулктон кымбат, мен бул мыйзамга каршымын!
0
zhykyo
2015-03-11 20:36:48
Куралы жоктор балта айры уболук менен кубалайбы
+1
Emilyno
2015-03-11 21:40:40
Бул мыйзам кучуно кирсе депутаттар бирибирин атып салышпаса эле болду бирин биржи коноко чакырымыш болуп ээ
0
Mir83
2015-03-12 13:46:09
Аябай кулкулуу мыйзам болуптур. Чиновниктерге кудай бериптир да.
0
Adambol
2015-03-13 13:05:39
чиновниктер озулоруно мыйзам чыгарыптыр да
0
nurlan10000kg
2015-03-13 13:12:02
свой дом свой крепость мен кошулам абдан жакшы мыйзам. себеби сени атып олтургондон короо сен атканын жакшы сен олсон аткан адамды табабы таппайбы кудай билет
0
nurlan10000kg
2015-03-13 13:14:20
Бул мыйзам сенин уйуно киреип келген адамга. ананда сенин иуйуно бастырып келгенин далилдеп берсен сени коргойт а сен озунду когогонунду далилдей албасан ?
0
nurlan10000kg
2015-03-13 13:18:35
диазбек сен атып койгондон кийин далилдешин керек болот.
0
osor
2015-03-14 04:56:24
Озуну озу коргосун деп мыйзам чыгарса, силер тескерисин кыласынар.
0
sadolin
2015-03-14 22:10:35
Бул жакшы эле го. Чиновниктерге эле эмес,жалпыга. Бардыгын мыйзам чегинде каралат да. Тергоо органы бар.Жогоруда айтылган кантип болсун конокко чакырып атып салса,тергоого албай ишти жаап коёт бекен . Бизде деле мыйзам бар.
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан