2014-жылы эӊ кымбат сатылган 0001 мамлекеттик унаа номурунун баасы 205 миӊ сомду түзгөн. Бул тууралуу Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борборунун башчысы С.Абдразаков билдирди.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев: «КЫЗАМЫККА каршы эмдөө алуудан 11 миӊ жаран баш тартты. Анын дээрлик жарымы билимдүү адамдар»,- деди. Мындан улам министр сапатын текшерүү үчүн бул эмдөөнү өзү да алмак болду.
Бишкек шаардык кеӊеши Тынчтык проспектисине ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымын ыйгаруу боюнча мэриянын демилгесин колдоду.
Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg