Исаков: "ЯПОНИЯДАН КЕЛЧҮ ГЕМОДИАЛИЗ АППАРАТТАРЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛСЕ ООРУКЧАНДАРГА КОЛДОО БОЛМОК»

Жогорку Кеӊештин депутаты Эсенгул Исаков 5-мартта Япония менен Кыргыз мамлекетинин кызматташтыгынын негизинде 10 гемодиализ аппаратын Бишкекке бекер алып келүү боюнча келишим 1 жыл мурда түзүлгөндүгүн айтты. Эл өкүлүнүн эсептөөсүндө 1 гемодиализ аппаратына бир күндө 3 адам дарыланса, бир жылда 10 гемодиализ аппаратына 10950 адам дарыланганы турат. «10 гемодиализ аппараты ишке киргизилсе бул карапайым адамдар бөйрөк оорусунан жабыркап, кезекке жетпей зарыгып турганда чоӊ колдоо болот эле»,- дейт депутат.
Э.Исаков бул багытта өкмөттүн кайдигерлигине бөйрөк оорусу менен жабыркагандар сын айтып жатканын белгилеп, бул маселени депутаттар көзөмөлдөп, гемодиализ аппараты көзүнөн учуп турган жарандардын көйгөйүн чечип берүүгө кесиптештерин чакырды.

Мирлан Өмүралиев,
SUPER.KG
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
beka1207
2015-03-09 11:43:03
Аябай жакшы болмок,только жогоруда айткандай 1950адам эмес,10950адам дарыланмак.
0
Эльвира Караева
2015-03-09 16:05:25
beka1207, оңдоо киргизилди. Рахмат.
0
Bakulya79
2015-03-09 15:21:22
жакшы кабар бул да болсо.
0
eliza5566
2015-03-15 18:09:29
кубанычтуу кабар экен ылайым ооругандар батыраак айыгып кетсин
0
№ 644, 6-март-12-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан