3-март күнү Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту Кыргызстандын «Центерра Голд Инк» компаниясындагы 20,5 миллион канадалык долларга бааланган 6,5 миллион акциясын арестке алган чечим чыгарды. Чечим латвиялык ишкер Валерий Белокондун доо-арызы боюнча кабыл алынган. Эске салсак, 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт Белоконго тиешелүү «Манас» банкын акчалардын изин жашырууга шектеп улутташтырган болчу. Анын үстүнө, Валерий Белоконь Максим Бакиевдин жакын кишилеринин бири болгондугу да көп айтылган.
Ал эми өткөн аптада «Кумтөрдү» реструктуризациялоо боюнча макулдашуунун акыркы долбоорун алып келүү үчүн Жогорку Кеӊеш өкмөткө 1 ай убакыт берди. Талкууда депутаттар «өкмөт 1 айдан кийин макулдашуунун акыркы долбоорун алып келүүгө жетишпесе, анда ал отставкага кетиши керек» деп кесе айтып жатышты. Атүгүл айрым эл өкүлдөрү «Кумтөргө» чекит коё албай жатканыбыз үчүн биз да таркашыбыз зарыл» дегенге чейин барышты. Кантсе да 1 айда Оторбаев баштаган министрлер «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөрүн аягына чыгарышы керек болот.
Мирлан Өмүралиев,
SUPER.KG
politika@super.kg