КТРКнын баш директорлугунан Султан Жумагулов түшүнүксүз жагдайда отставкага кеткенден бери бул кызмат ордун Байкоочу кеӊештин төрагалыгын аркалап келген Илим Карыпбеков убактылуу ээлеп келет. Азырынча КТРКнын баш директору болууга чамынган талапкерлер аталган телеканалдын Нарын облусу боюнча кабарчысы Бөлөкбай Шеримбеков, Алмаз Сапаров жана «ОшТВ» телеканалынын экс-директору Сюита Соурбаева болуп жатат. «Жаӊы муун» кыймылынан Тимур Саралаев да талапкерлигин көрсөтөрү белгилүү болду. Арыздарды кабыл алуу 10-мартка чейин уланат. КТРКнын башкы директорунун милдетин убактылуу аркалап жаткан Илим Карыпбеков бул орунга башкы талапкер болот өӊдүү.
Мирлан Өмүралиев,
SUPER.KG
politika@super.kg