Клиникалык өлүм – бул адамдын кыска убакытка өлүп кайра тирилүүсү, тагыраак айтканда, биологиялык өлүм менен өмүрдүн ортосундагы өткөөл мезгил. Клиникалык өлүмгө кабылган адамдын жүрөгүнүн согуусу, дем алуусу токтоп, тирүүлүктүн бир дагы белгиси байкалбай калат. Мына ушундай өлүмгө туш болуп кайрадан тирилген мекендешибиз Таластын Талды-Булак айылында жашайт.
«УУЛУМ АЧЫК ТУРГАН ТРАНСФОРМАТОРГО КИРИП КЕТИПТИР»Бул дүйнөдө эне үчүн баласынан айрылуудан өткөн тозок жок болсо керек. Так ошол тозокту жон териси менен сезип, бирок артында кубанычтын көз жашын төккөн эне Жыпар Сатылганова менен баарлаштык:
– Бул окуя 2001-жылы Талас районундагы Талды-Булак айылында болгон. Уулум Бекзат анда 3 жашта эле. Айылдагы туугандарыбыздын бири келин алып, ал жакка уулумду да жетелей баргам. Коноктор менен алаксып үйдүн ичинде отурганбыз, уулум эшикте балдарга кошулуп ойноп жүргөн. Аӊгыча бир келин «балаӊыз токко жабышып калыптыр» деп чуркап келди. Көрсө, жанындагы ойноп жүргөн балдар уулумдун топусун жакын жерде тегереги тосулбай, ачык турган трансформаторго ыргытып жиберишиптир. Бекзат болсо топусун алам деп анын ичине кирип токко урунган экен. Бактыга жараша, бир жеӊебиз көрүп калыптыр. Ал «ток урбасын деп кийиминен кармап көрсөм ток тарткан жок, алып ыргытып жибердим» дейт. Бардыгыбыз эшикке чуркап чыксак, балам жерде сулк жатыптыр. Андайда убакытты санаганга деле дарманыӊ келбей калат да. Болжолу балам 10 мүнөттөн ашык эс-учун жоготуп дем албай жатты. Биз ызы-чуу болуп жатканда ары жактан бир байке чуркап келип «топуракка көмүп жибергиле» деди. Ошол жерде тургандар үйүлүп турган топуракты казып көмө салышты. Мен балам өлүп калды окшойт деп жүрөгүм оозума кептелип, четте ыйлап жаттым. Уулум топуракка 10 мүнөттөй көмүлүп жаткан соӊ элдер «ыйлаба, балаӊ тирүү экен» дешти. Басып барсам алгач баламдын курсагы кыймылдады, анан «апа» деп ыйлап жиберди. Эми ошондогу кубанганымды сөз менен айтып жеткире албайм. Дароо ооруканага алып барсак дарыгерлер жакшынакай эле дешти.
«БАЛА 20 МҮНӨТТӨН АШЫК ӨЛҮП ЖАТКАН»Бул окуянын күбөсү Бактыбек Колалиевге жолугуп, анын сөзүн да уктук:
– Ошондо мен үйлөнүп жаткам. Короодо кошуналардын, туугандарыбыздын кичинекей балдары ойноп жүрүшкөн. Сыртка чыксам «бир бала өлүп жатат» деп калышты. Чуркап барсам Чомой аттуу агабыздын баласы экен. Биз дароо аны чечиндирип, жаныбызда турган топуракка баланы моюнуна чейин көмө салдык. 20 мүнөттөн ашык убакыт баланын жүрөгү сокпой, дем албай жатты. Биз болбой калды, бала өлдү деп үмүтүбүздү үзүп койгонбуз. Бир кезде эле ал «апа» деп кыйкырып жиберди. Ток адамдын денесинен чыкканда бир жерин тешип кетет экен. Баланын колу, анан төбөсү айрылып кеткен. Тосулбай турган трансформаторду ошол окуядан соӊ гана курчоого алышкан.
«КАНТИП ӨЛГӨНҮМ ЭСИМДЕ ЖОК»
«Көйнөкчөн төрөлгөн», тагыраак айтканда, өлүп тирилген Бекзат Бакаевге жолугуп, чай кайнамга кепке тарттык:
– Үйдөгүлөр «кичинекейиӊде токко урунуп өлүп кайра тирилгенсиӊ» деп айтышат, бирок менин эсимде жок. Кичинемде ток ургандын залакасы деле байкалган жок, ден соолугум жакшы эле. Болгону колумда, башымда ток ургандан калган тырыктар бар. 9-классты бүткөн соӊ өз каалоом менен электрик болоюн деп Бишкектеги №20-кесиптик лицейге тапшырдым. Ата-энем да менин тандоомду колдошуп, учурда 1-курста окуп жатам. Ошондо мени куткарып калышкан адамдарга ыраазымын.
Адистин кеӊеши
«42 ВОЛЬТТОН ЖОГОРКУ ЭЛЕКТР ТОГУ АДАМ ӨМҮРҮНӨ КООПТУУ»Токко урунуунун кантип алдын алуу керек? Кокус токко урунуп калса эмне кылуу зарыл? Бул өӊдүү суроолорубузга «Түндүкэлектр» ААКсынын техника жана коопсуздук бөлүмүнүн башкы инженери Жолдош Нусупов жооп берди:
Асхат Субанбеков
koom@super.kg