Техника өнүккөн сайын улам жаӊы чыккан нерселер адамдардын кызыгуусун арттырып келет. Кожойкелердин оорун колдон, жеӊилин жерден алган ашкана техникалары да өнүгүүнүн алдыӊкы сабында. Пайдалуу жана кызыктуу ашкана гаджеттеринин бир нечеси тууралуу төмөндөгү макаладан маалымат алып, таанышып алыӊыз.
КАШЫК ТАППАЙ КАЛГАНДА...
Айрыкча кеӊсе кызматкерлери компьютердин маӊдайында отуруп, эптеп убакыт таап кофе даярдап келет дагы, аралаштырайын деп иш столун сыйпалап кашык таппай калат эмеспи. Ушундай учурлар үчүн жана кашыкка баргандан эринген жалкоолор үчүн «торнадо» кружкасын ырас эле ойлоп табышыптыр десек болот. Кружканын түбүндө батарейка менен иштеген дилдиреги бар. Кармагычынын бармак тушундагы баскычын басканда кружканын ичиндеги дилдирек иштеп, суюктукту айлантып, аралаштыра баштайт. Көбүрөөк иштетсеӊиз, кофенин же чайдын тезирээк муздашын да камсыздайт.
Бишкектеги орточо баасы – 350 сом
«АКЫЛДУУ» КРУЖКАКружканын артыкчылыгы – анын ичинде эмне суюктук болсо, анын температурасы сыртындагы сан мамычасы аркылуу көрсөтүлүп турат. Ошондой эле кружканын сыртындагы лампочкага көӊүл буруӊуз. Эгер ал кызыл болуп күйүп турса, демек, ичиндеги суюктук ысык, саргыч болуп турса анда жылуу, ал эми көк болуп күйүп турса, демек, ичиндеги суюктук муздап калган деп ойлой бериӊиз.
Орточо баасы – 1000 сом
ТЕРМОБАШТЫК ЖАНА ЧӨЙЧӨКТӨР ТОПТОМУЖаз келип, адамдар табият коюнунда эс алууну самап турган чагы. Буюрса, күн кылтыйса эле, баарыбыз жамыраган жазгы козудай болуп тоо тарапты көздөй эс алууга сапар алабыз. Албетте, күндүн шааниси муздак суусундуктар менен көркүнө чыгат эмеспи. Аларды муздак боюнча сактап алып жүрүү үчүн сизге термобаштык жардамга келет. Муздаткычтан каалаган суусундук же ширени алып чыгып термобаштыкка салыӊыз. Анын ичи атайын температураны бир нече саатка сактап туруучу материал менен капталып, көтөрүп жүрүүгө ылайыктуу келип, айнек идиштердин сынып калуу коркунучун алдын алат.
Ошондой эле жыйнаганга ылайыктуу жана сынып калат деп кооптонбой колдоно бергенге чөйчөктөр топтому абдан ыӊгайлуу. Бул топтомду талаа жеринде да колдонгонго болот. Түркүн түстүү чөйчөктөрдү бири-бирине кийиштирип, эӊ сырткы банкасына батырып салып коюуга ылайыкталган. Банкасынын бийиктиги 17 сантиметр.
Орточо баасы – 150-250 сом
Орточо баасы – 150 сом
КАМЫРДЫ ТЕКШИ ЖАЯМ ДЕСЕӉИЗ...Биринчи көргөндө бул үбөлүктү кадимки ата-бабабыз колдонуп келген илгерки ашкана буюму эле турбайбы деп ойлойсуз. Бирок башындагы бурамалары кызыгууну туудурат. Үбөлүктүн эки башындагы бурамага бекитилген беш түрлүү шакекчелер бар. Эгер калыӊ камыр жайыш керек болсо эӊ чоӊ, бешинчи шакекчени салып алып жаясыз. Шакекче үбөлүктүн тактайга текши тийишин камсыздап, натыйжада камырыӊыз бирдей калыӊдыкта жайылат. Эми каалооӊузга жараша улам ылайыктап, бирден шакекчени чыгарып салып камырыӊызды жукартып жайып ала берсеӊиз болот.
Орточо баасы – 1200 сом
АШКАНА КАЙЧЫСЫКайчыны жалгыз эле кездеме кесип, бычып-тигүүдө гана колдонот деген ойду бул буюм четке кагат. Кадимки тамакка кошчу көк чөптү тез аранын ичинде майдалап ийчү кайчыга эми ашканадан да орун берсеӊиз болот. Мунун артыкчылыгы, сиз көк чөп кескен кайчы менен убактыӊызды үнөмдөп жана бычак менен туурап жатканда колуӊузду кесип алуу коркунучунан арыласыз. Анын тиштери 5 катар мизден туруп, чөптү кескилегенде 5 эсе ылдамдыкта ишке ашат. Немис өндүрүүчүлөрү кайчыны жууш оӊой экенин айтышат. Крандан аккан сууга тосуп, кадимки кыл калем менен жууп койсо көйгөй чечилет.
Орточо баасы – 1500 сом
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg