Мындан 2 жыл мурун Лейлек районунда 16 жаштагы өспүрүм кыз белгисиз адамдар тарабынан зордукталып, кийин уул төрөгөн. Жабырлануучу аны милиция кызматкерлери зордуктаганын айтат. Кылмыш ишин тергөөдө милиция кызматкерлерине каршы жетишерлик далил табылган эмес.
Бүбүсара Рыскулова: «МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИМИН, ЭЧ НЕРСЕ КЫЛА АЛБАЙСЫӉ ДЕГЕН...»Лейлек РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан зордукталып, кийин төрөгөн деп айтылып жаткан жабырлануучу кыз менен байланышууга мүмкүн болбоду. Ага моралдык, юридикалык жактан жардам көрсөтүп жаткан «Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Исфана шаарынын тургуну бизге арыз менен кайрылган. Жабырлануучулардын айтуусунда, 2012-жылдын октябрь айында Лейлек районундагы айылдардын биринин тургуну, 15 жаштагы өспүрүм кыз апасына таарынып үйүнөн чыгып кетип, кечинде үйүнө келбей калат. Апасы кыжалат болуп, милиция бөлүмүнө «кызым жок» деп арыз жазган. Кызы коӊшу айылда жашаган эжесиникине кеткендиктен, милиция кызматкерлери издегенче эле кайра үйүнө келип калат. Апасынын жазган арызы Лейлек РИИБинде катталып калгандыктан 2012-жылдын 4-ноябрында Талант Жалилов аттуу милиция кызматкери арыз ээсинин үйүнө барып, «арызды каттоодон алуу үчүн кызыӊыз кайда, эмне кылып жүргөндүгү туурасында сурашым керек» деп кызды өзү менен кошо алып кетет. Ал кызматкер кызды аэропорт тарапка алып барып зордуктап, «апаӊа же бирөө-жарымга айтсаӊ өлтүрөм. Мен милиция кызматкеримин, эч нерсе кыла албайсыӊ» деп коркутуп, кыздын айылдашын кезиктирип калып, ага «муну үйүнө жеткирип кой» деп кетип калыптыр. Кыз окуя тууралуу эч кимге айтпай түнт болуп жүрө берет.
Ошол эле жылдын 19-ноябрында Жалилов жабырлануучу кыздын апасына телефон чалып, «кызыӊыз туурасындагы арыз каттоодон чыкпай калган эле, жиберип коюӊуз» дегендиктен, эне кызын 20-ноябрда Лейлек РИИБине жөнөтөт. Жалилов ал кызды унаасына салып алып «Саякат» деген мейманканага алып барып, күч колдонуп дагы зордуктаптыр.
«АРЫЗДЫ ТАКСИСТ ЗОРДУКТАДЫ ДЕП ЖАЗАСЫӉ ДЕПТИР»
– Жалилов кызды ар кандай шылтоо менен улам чакырып алып, Мураткан Муратов аттуу кесиптеши экөө «сен өзүӊ жеӊил ойлуу кызсыӊ» деп мазакташып, зордукташыптыр. Кыз бир таксиге отуруп үйүнө кеткен экен. Эч кимге айтпай жүрө берип кыздын боюнда болуп калган. Мектеп, айыл ичинде ал жөнүндө ар кандай сөздөр жүрө баштаганда гана эмне болгондугун айтып берген. Энеси милиция кызматкерлеринин үстүнөн Лейлек РИИБине арыз менен кайрылат. Жалилов менен Муратов кызды коркутуп, «арызды "мени үйгө жеткирген таксист зордуктады" деп жазасыӊ, болбосо өлтүрүп салабыз» деп таксистке каршы арыз жазууга мажбур кылышат. Айыпталып жаткан таксист беттешүүгө келип, «мен сенин колуӊду да кармаган эмесмин. Эмнеге мени айыптап жатасыӊ?» десе, кыз ыйлап «мени коркутуп жаздырышты» дептир. Ал таксист жигиттин жактоочусу Жогорку Сотко келгенде жолугуп сүйлөштүм. Муратов таксистке «50 000 сом бересиӊ, болбосо сени камайм» десе, ал жигит эптеп 25 000 сом таап бериптир.
«ДНКны ТЕКШЕРҮҮДӨ БАЛА 99 ПАЙЫЗ ЖАЛИЛОВДУН УУЛУ БОЛУП ЧЫКТЫ»
– 2013-жылы 22-августта Баткен облустук төрөт үйүндө кыздан кан кетип, аябай кыйналганда операция жолу менен төрөтүшөт. Ошол учурда бизге, акыйкатчыга кайрылышкан. Баарыбыз биргеликте 26-сентябрда Бонецкий лабораториясында баланын ДНКсын текшертсек, 99 пайыз Жалиловдун уулу болуп чыкты. Ал делодо тиркелип турат.
Өспүрүм кызды зордуктаган милиция кызматкерлеринин иши менен таанышып чыксак, ал жерде «зордуктоо» деген беренени кошушпаптыр. 2014-жылдын 9-октябрында Кадамжай райондук соту "зордуктоо боюнча далилдер жетишсиз" деп таап, аларды «кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренеси менен күнөөлөп, бирин 2, экинчисин 1 жылга эркинен ажыраткан экен. Жакында эле Жогорку Сот карап чыгып, Ош облустук сотуна кайра кароого жиберди.
Жабырлануучуларга жардам керек. Журналисттер, акыйкатчылар, жактоочулар бул иш боюнча сотко катышып, аларга жардам беришиӊерди суранат элем. Кыздын атасы каза болуп калган экен. Апасы 2-топтогу майып. Эжеси турмуш куруп, өзү менен өзү. Агасы Орусияда иштейт. Кыз моралдык колдоого аябай муктаж болуп турган учуру. Бизге эки ирет келип, жашап кетти. Акыл-эси, жүрүм-туруму жакшы, келбети татынакай, «келин кылып алсам» деп кыялдана турган кыз. Зордукталгандан кийин депрессияга кабылып, окубай да калыптыр. Турмуш шартына байланыштуу кийин баласынан баш тартыптыр. Наристе учурда кимдин колунда экени туурасында менин так маалыматым жок. Биздин укугубузду коргойт деген кызматкерлер ушундай ишке барып жатышса, сот аларды такыр башка берене менен соттоп, жоопкерчиликтен жеӊил куткарып койгон. Алар эркиндикке чыгып дагы башка бирөөнү зордуктабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Аларга адилеттүү жаза бериш керек болчу.
«АЛ КЫЗ ҮЙҮНӨН БИР ТОП ЖОЛУ КАЧКАН ЭКЕН»
Жабырлануучу тарап райондук соттун өкүмүнө каршы болуп, Баткен облустук сотуна доо арыз менен кайрылышкан. Баткен облустук соту аны кайрадан Кадамжай райондук сотуна «кайра карап чыгууга» жиберген. Жабырлануучулар жергиликтүү сотторго ишеним жок экенин билдирип, Жогорку Сотко кайрылышкан. Жогорку Сот Ош облустук сотуна жиберген. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматкери Дамира Юсупова окуя боюнча буларга токтолду:
– 2012-жылы Исфана шаарынын тургуну Лейлек РИИБине «кызым жоголуп кетти, таап бергиле» деп арыз жазган. Аны кызматкерлер таап келишкен. Кыз атасы жок тарбияланып, жеӊил ойлуу болуп, ага чейин да бир топ ирет үйүнөн качып кетип жүргөн экен. 2013-жылы 6 айлык боюнда бар кезде «Лейлек
РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери мени зордуктаган, боюмда болуп калды» деп арыз жазган. Ошол эле замат кыз айыптаган кызматкерлер жумушунан убактылуу четтетилип, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бирок кыз жеӊил ойлуу болгону үчүн ал ким тарабынан зордукталганы экспертизада так аныкталган эмес. Муратов Мураткан Эшанович 2014-жылы, ал эми Жалилов Талант Манапович 2015-жылы 14-январда жумуштан айдалган. «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жабырлануучу кыздын айтуусуна таянып эле маалымат берип жатат. Сот аларды "зордуктоого айыптуу" деп тапмайынча "үч жолу зордуктаган" деп айтууга эрте. Балким, ал кыз догурунуп жаткан чыгар. Кылмыштарга айыпталып жаткан мурунку милиция кызматкерлери учурда Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта.
Өспүрүм кыз төрөгөн бала чындап эле аны зордуктады деп айыпталып жаткан милиция кызматкеринин уулу экендиги ДНКдан далилденсе, эмне үчүн сот ага маани берген эмес? Ошондой эле милиция кызматы эмнеге таянып, ал өспүрүм кызды "жеӊил ойлуу" деп атап жатат? Бул иш кантип аяктайт, сот жыйынтыктарына биз да көз салып турмакчыбыз.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg