Кинотеатрлар сыртында түрдүү тасмалардын афишасы илинип турат. Улам бир жаӊы кино тартылып, ал өз күйөрмандарын табууда. «Соолуган гүлдөр-2» тасмасынын режиссёру Тынчтыкбек Бугучиев аталган кинону көргөн көрүүчү турмуштун анык чындыгын көрөт деген оюн ортого салды.
Режиссёру – Тынчтыкбек Бугучиев
Сценаристи – Тынчтыкбек Бугучиев
Жанры – Мистика
Оператору – Нурбек Мамбетисаев
Башкы ролдордо – Айнура Акылбекова, Канат Абдрахманов, Медер Жанбейишов, Ажара Рахманова, Ален Турдубаев, Айдар Жээнкулов.
Тасманын узактыгы – 1саат 26 мүнөт
– Бул фильмди эмне үчүн «Соолуган гүлдөр-2» деп атадыӊыз?
– Мындан 8 жыл мурун, экинчи курста окуп жүргөнүмдө досум Азат Жакыпов экөөбүз «Соолуган гүлдөр» тасмасын тартканбыз. Ал кезде кино тармагына сүӊгүп кире элек кезибиз. Бул тасмада айтайын деген негизги ой – адамды коом тарбиялабаса, бир адам тарбиялай албайт. Адамды адамдар басынтат, адамдар тарбиялайт деген ойду берейин дегенбиз. Тасма өз убагында көптөгөн күйөрмандарды топтой алды. Прокатка чыкканда көрүүчүлөрдүн аягы 3 айга чейин суюлган жок. Алардан «экинчисин улантып тартсаӊар жакшы болот эле» деген сунуштар түштү. Ошондуктан экинчи бөлүмүн тартууга белсендик.– Бул тасмаӊызды элдин сунушун эске алып эле тарттыӊызбы же кинодон акча жакшы түшөт деп каражат табууга басым жасадыӊызбы?
– Азыр акчадан качкандар болбосо керек (күлүп). Бирок биздин биринчи максат – «Соолуган гүлдөр» тасмасынын күйөрмандарынын өтүнүчүн аткаруу болду. 2-бөлүгүн жөн гана тартып койбостон, азыркы учурда актуалдуу болгон маселени көтөрдүк. Жаш өспүрүмдөргө болгон зордук-зомбулукту токтотуу, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу көйгөйлөрдү чагылдырдык. Коомубуздагы чектен чыккан адамдардын образын тасма аркылуу көрсөтүп, коомго андай адамдар керекпи деген суроону көрүүчүлөргө узаттык.
– Актёрлорду тандоодо эмнесине көӊүл бөлдүӊүз?
– Бул тасманын жанры өзгөчө болгондугуна байланыштуу, кылдаттык менен тандоого туура келди. Тасма тартууда дасыккан актёрлорду тартууга басым кылып, актёрдук билими барлар менен иштедим. Себеби алар менен иштөө ар дайым ырахат тартуулайт. – Кино тартылып бүттү. Тартардын алдында койгон максатыӊызга жеттиӊизби?
– Кудайга шүгүр, элге көргөзүлө баштады. Атамдын колукту алып берем деген акчасын киного жумшап койдум эле (күлүп). Эӊ негизгиси эми атамдан «сөгүш» укпашым керек. Кинодон көрөрмандар ырахат алып, тарбия алышса максатыма жеткен болом.
– Көрөрмандардан кандай сын-пикирлерди уктуӊуз?
– Сын укканга караганда ыраазычылык айтып, «жакшы» деген сөздөрдү көп угуп жатам. Телефон аркылуу да алкыш айткандар жок эмес. «Дешёвый кино экен» деп орусчалап урушкандары да жок эмес. Мен аларга, «демек, биздин жашоо дешёвый, биз болгону жашоого күзгү тосуп, кайра тасма аркылуу көргөзүп бердик» деп жооп бердим.
– Тасмаӊызды башка кинолордон эмнеси менен айырмаланат деп айта аласыз?
– Башка тасмадагыдай бул тасмада сүйүү жок, турмуш чындыгы чагылдырылган. Көрүүчүлөрдүн 70 пайызы ыйлап чыгып жатышат. Себеби тасмада жүрөккө жете турган турмуш чындыгындагы көрүнүштөр бар. «Кыргыз киносун көрүп ыйлайм деп ойлогон эмесмин» деп бет аарчысы менен көзүн аарчып чыккан көрүүчүлөрдү көрүп, «тасма жаман эмес тура» деп ичимден кудуӊдап калам.
– Кеп соӊунда сизге эки ооз эркин сөз...
– «Соолуган гүлдөр-2» тасмасы бардык муунга ылайыкташтырылып тартылган. Эӊ кызыгы, кинону көрүп жатканда аялзаты эле эмес, эркектер да ыйлашат. «Мен такыр ыйлабайм» деген досум келип, көзүнө жаш алганын көрдүм. Демек, тасма таасирдүү чыккан. Андыктан келип «Соолуган гүлдөр-2» тасмасын көрүп кетиӊиздер.
Султан Төрөбеков
star@super.kg