Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Турсун Тураева, Болот Бейшеналиевдин жубайы: «БИЗ ТААНЫШКАНДА БОЛОТТУН АЯЛЫ БАР БОЛЧУ, ОШОГО КАРАБАЙ 4 ЖЫЛ КҮТТҮМ»

№645 13-март-19-март, 2015-ж


Кыргыз кереметин керемет кылган дөө-шаалардын арасындагы Болот Бейшеналиев деген ысымды билбеген кыргыз кыргыз эмес десек аша чапкандык болбос. «Ак Мөөрдөгү» Болотту, «Биринчи мугалимдеги» Дүйшөндү, «Махабат дастанындагы» көзү азиз Жалман карыяны ким билбейт? Болот аганын көзү өтсө да, анын жараткан образдары көрөрмандардын көз алдында өмүр бою калат. Актёр 3 жолу турмуш жаӊырткан. Анын үчүнчү жубайы Турсун эже «Болот экөөбүз 11 жыл чогуу түтүн булаттык, ынтымактуу, жакшы жашадык» деп эскерет.

«БОЛОТТУ СҮЙБӨЙ КОЮУ МҮМКҮН ЭМЕС ЭЛЕ»
– Болоттун Ражап деген сүрөтчү агасынын обон чыгара коймой жайы бар эле. 1987-жылы курсташым Эсенбек Мааданбеков «Ражап байке бир обон чыгарыптыр, угуп көрбөйлүбү» деп калды. Мен ал кезде филармониянын солисти элем. Ошентип Ражап байкенин иш кабинетине бардык. Отурсак эле ак Жигули токтоп, ичинен узун бойлуу киши түштү. «Болот Бейшеналиев келе жатат го» десем, Ражап байке «ал менин иним» деп күлүп калды. Ал учурда Болот Дооронбек Садырбаевдин «Махабат дастаны» тасмасына тартылып жүрүптүр. Ошондо таанышып калдык.
Андан көп өтпөй эле Ражап байке үйүнө конокко чакырып, ал жерде да чогуу отурдук. Мага Болот биринчи көргөндө эле жаккан. Узун бойлуу, келишимдүү, атактуу мырзаны кайсы айым болбосун сүйүп калышы мүмкүн эле. Мен да Болотко бир аз жагып калдым окшойт. Биз таанышканда ал 50дө, мен 36да болчумун. Болот ошону менен Москвага кетип калды. «Мосфильмде» иштеп жүргөнүндө азиат улутундагы мейли чукча, якут, казак, монгол каарман болобу, көбүн Болот ойночу экен. Ал жакта котормочу болуп иштеген Стелла аттуу аялы менен жашап жүрүптүр. Аны менен 17 жыл жашап, балалуу болбоптур.
Биздин таанышуудан 4 жыл өткөндө болсо керек, Алиман Жангорозова баштаган топ казактардын тасмасына түшүү үчүн Москвага барышкан. Аларга кошулуп Болоттун апасы да баласына барыптыр. Ошондо кайненем «сени мекениӊе алып кетем, келбесеӊ топурагымды түйүп берем» деп уулуна көшөрүптүр. Апасынын сөзүн эки кыла албаган Болот мекенине келген экен. Келгенин угуп үйүнө издеп барсам, энеси тосуп алды. Таанышкан күндөн бери ал киши эч оюмдан кетпей койгон. Анын Москвада аялы бар болчу да, мени менен бирге болбойт деген ой эмнегедир оюма да келбептир. Жүрөгүм дирилдеп күтүп туруп алды. Анан энесине дарегим жазылган катты таштап коюп кетип калдым. Ошол дарек боюнча мени издеп келди, аябай толкундандым. Ошондон кийин жакындашып кеттик, анан үйлөнүп калдык. Анда мен жолдошум менен ажырашып, үч кызым менен бой жүргөм.

«ЧОРОНУН БАЛАСЫН МЕНЧИКТЕП АЛГАН»
– Турмуш курардын алдында экөөбүз теӊ тереӊ ойлондук. Анткени мен ал кезде жатын түтүктөрүмдү алдырып төрөттөн калган элем. «Мейли эми, экөөбүздүн теӊ балдарыбыз бар, ушулардын жакшылыгын көрөлү» дедик. Кайненем «муну кетир, төрөгөн эле аял албайсыӊбы» деп чыкты. Бирок Болот көнгөн жок. Үйүбүз жок болчу, кайненемдин бир бөлмөлүү батиринде жашап калдык. Филармониядан чыгып «Айнур» заводуна жумушка кирип алгам. Анан мага ошол завод «Ош» базарынын жанындагы үйлөрдөн чакан үй-бүлөгө ыӊгайлашкан батир берип калды. Улуу кызым Элизаны турмушка узаткандан кийин экинчи кызым Аиданы актёр Чоро Думанаевге күйөөгө бердик. Кыз-күйөөбүз уулдуу болуп, Аиданы төрөт үйүнөн чыгарганы барсак, Болот ошол жерден «бул бала меники болот, силер тийишпегиле» деп ата-энесине ээ кылбай, үйгө алып келип алды. Биринчи күнү эле илегенге шампан куюп алып киринтти. Эмнеге десем, «ушундай кылыш керек» деп койду. Карап туруп чиркин, ушунча да баласаак болобу деп таӊ калчумун. Нурболот деген ысымды өзү койгон. Жалаягын мага бербей өзү жууйт, бөтөлкө менен сүт берет. Жумушка уулунун байпагын, шымын, көйнөгүн күнүгө алып кетет. Кайтып келе жатканда ошол кийимдерди жыттап келчү экен.

«МУРУНКУ АЯЛДАРЫН СУРАП БАШЫН ООРУТЧУ ЭМЕСМИН»
– Болот бирөөнүн көӊүлүн оорутпаган адам эле. Айрыкча аялзатына өтө аяр мамиле жасачу. Менин көӊүлүмдү сөз менен алчу. 11 жыл бирге жашадык, ушул аралыкта мага гүлдөн башка эч бир белек берген эмес. Гүлдү анча жактырчу эмесмин, «башка нерсе деле берип койсоӊ боло, сүйүнүп калайын» деп таарынсам, «я сам подарок» деп көкүрөгүн ургулап койчу. Ага да алымсынбай, «деги мени жакшы көрөсүӊбү?» деп сурап койчумун. «Жакшы көрбөсөм ушул жерде жүрөт белеӊ?» десе сүйүнүп калар элем. Кээде «мурда эле жолуксак эмне, балдарыбыз дагы өзүбүздүкү болбойт беле» деп өкүнүп калчу. «Жаш кезде жолукканда сен мени карамак эмессиӊ да» деп күлүп калчумун. Бир жолу түркмөн аялы менен жашап жүргөнүндө араба (коляска) сүйрөп бара жатканын көчөдөн көргөм, ошондо күйөөм болуп калат деп ким ойлоптур?
Өмүрүнүн акырында поэзияга ыктап калган. Таттыбүбү Турсунбаевага арнап да ырларды жазды. Окуп чыгып «бул жерин мындай кылсаӊ болбойбу?» деп түзөп берчүмүн. Таттыбүбү менен таанышканда Болот 20дан жаӊы ашса, Таттыбүбү 20га да чыга элек кыз экен. Мындайча айтканда экөө теӊ бала да. Ал сүйүүдө эмне күнөө? Мага да арнаган бир топ ыры бар.

«Ак буурул болгон кезимде,
Кезиктим жаӊы сезимге.
Шашкеге чейин жолукпай,
Кечигип келдиӊ бешимде.
Окшоду жашоом жомокко,
Ушуну Кудай жоготпо.
Эгерде мунум түш болсо,
Суранам сенден ойготпо».

Мурунку аялдарын сурап башын оорутчу эмесмин. Өткөн иш өттү, азыр меники деп ойлончумун. Биринчи жубайы түркмөн кызы Гүлсара, андан Азиз аттуу уулу жана Гүлназ деген кызы бар эле. Гүлназ атасы өтүп кеткенден 2 жылдан кийин ашказаны ооруп каза болуп калды. Азиз атасынын жолун жолдоп мыкты актёр болду. Анын көзү, мурду апасына окшошуп кетет, а Гүлназ болсо атасынын эле көчүрмөсү болчу. Мени аларда баласына «кыргыз келинди жактырып калдым, алайын деп жатам, кандай дейсиӊ?» деп сураптыр. Анда Азиз «сизге жакса болду да» дептир. Кийин Азиз «сизди атама мен ал деп айткам» деп калчу. Азиз менен күн алыс сүйлөшүп турам. Сейтекболот деген уулу бар.

«КАЗА БОЛГОНУН БИЛБЕЙ ТАКСИГЕ САЛЫП...»
– Чоӊдор кийлигишип Чыгыш-5 кичи районунан 2 бөлмөлүү батир беришкен. Ал үйдө бир гана жыл жашагандан кийин өтүп кетти. Ошол күн дале эсимде. Мен анда поликлиниканын архивинде иштечүмүн. Эртеӊ менен жумушка кетип баратсам «кеттиӊби, бүгүн кино күнү эмеспи, барбайсыӊбы?» деди. «Өзүӊ бара берчи, мен жумушка кеттим» дедим. Аялдамага барып көпкө карап турдум. Ары-бери эле басат, бирде асманды, бирде күндү, бак-даракты карайт. Мен буга эмне болду деп ойлоп коём өзүмчө. Кеч кирди, жумуштан келип көпкө күттүм, жок. Анан бирөө телефон чалып, «Болот байкени машинадан түшүрүп алгыла» деди, «түшүрүп алгыдай буту жок беле?» дейин десем трубканы коюп салды. Катуу кызып калган го деген ой кылт этти. Барсак машинанын арткы орундугунда көмкөрөсүнөн жатыптыр. Өлөт деген ойдо жок, ушунча да ичеби деп колдорун кармалап коём. Аялдамага чуркап барсам эки бала туруптур. «Байкеӊер ичип алыптыр, үйгө киргизишип койгула» деп ээрчитип келдим. Үйгө алып келсек шалкылдайт эле шалкылдайт. Көрсө, кино күнүн майрамдап отурганда эле үзүлүптүр. Орозбек Кутманалиев Болоттун отурган жеринде жаман болуп кыйналып жатканын байкап, кызып калса керек деп ойлоптур. Баары кетип, столго таянган боюнча Болот эле жалгыз калган экен. Кимдер экенин билбейм, 2 киши эки колтугунан сүйөп келип машинага салып жиберишиптир. Ошентип Болотумдан айрылдым. 3-4 жыл көнө албай, бир күнү үйгө кирип келчүдөй күтүп жүрдүм. Азыр деле түшүмө көп кирет, унчукпай карап туруп жок болуп кетет. Түшүмө кирген сайын гүл көтөрүп алып жаткан жерине барып, айлана-тегерегин тазалап калам, ошондо жеӊилдей түшөм.

"Ата-энем эрте кайтыш болуп калган, менде бир тууган жок. Турмушка чыкканы күйөөм да, ата-энем да Болот болуп калган эле".

Небереси Нурболот азыр 20 жашта. Мамлекеттик циркте жигитовкада эмгектенет.

"2002-жыл, 17-ноябрь. Өлөрүнө үч саат калганда ушинтип сүрөткө түшүптүр".

"Кызы Гүлназ атасынын эле көчүрмөсү болчу".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg



Болот Бейшеналиевдин кеч жолуккан арзуусу

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
Медиа-портал
14.03.2015. 06:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
20-11-2018 13:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан-Москва
+1
Эх,аттин таланттуу актёр эле!Ал катышкан кинолорду коргон сайын,дагы да коргум келе берчу!Кайталангыс талант!
Super TV
16.03.2015. 00:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
04-12-2014
Соӊку аракети:
11-01-2017 15:05
Жынысы:
Белгисиз
0
талант!
16.03.2015. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
245
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
20-11-2018 11:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+1
жайы жаннатта болсун! мыкты актер эле.
16.03.2015. 14:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
07-03-2015
Соӊку аракети:
03-11-2016 13:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
чыгаан инсан эле
17.03.2015. 08:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
30-03-2015 15:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
эл арасында агай менен татыбубу эженин сууйусу дале айтылып келет ошонун баарын тушунгон жубайы азамат экен
17.03.2015. 08:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
30-01-2018 10:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
биз манасты курманжанды ушундай таланттар менен тартканда оскар биздики болот эле анда
17.03.2015. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
30-01-2012
Соӊку аракети:
20-11-2018 12:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
самара
0
Erkekterdin-erkegi,сага кошулам.
Super TV
17.03.2015. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
04-02-2013
Соӊку аракети:
09-09-2018 16:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Татубубуго жетсе болмок бул аял шанкылдаган шайыр гоц
17.03.2015. 18:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
20-11-2018 13:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан-Москва
0
Ошол биринчи жубайы туркмон кызы кайда экен,ошол жубайынан,баласынан маек албапсыздар да!
17.03.2015. 22:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
30-11-2012
Соӊку аракети:
13-09-2018 17:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Азиз Бейшеналиев деген баласы бар го актер, сураныч ал жонундо да жазып койсонуздар.
18.03.2015. 11:47 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4717
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2018 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
novayariga, nurzada78, саламатсыздарбы!
Сунуштарга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Медиа-портал
18.03.2015. 14:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
01-08-2011
Соӊку аракети:
21-11-2018 03:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
Таттыбубу Турсунбаева мн эмнеге бирге болгон эмес?
Медиа-портал
19.03.2015. 19:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
03-11-2018 22:27
Жынысы:
Белгисиз
0
tokitok, Турсунбаеваны Бейшеналиевдин досу тартып алган .
23.03.2015. 09:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
23-05-2018 19:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Жаткан жери жайлуу болсун!Биз бала кезде ата-энелерибиз-жакшы жүрмөк бар,жакшы өлмөк жок-деп айтышчу эле.Мына,даңкы далайга кеткен,белгилүү актёрдун аянычтуу өлүмү!Жанында кошо майрамдап отургандар таштап кетишкени эмнеси?Кээде ит-мышыкты деле таштап кетпейт го!Жанагы кийимдерин жыттап жүргөн баласы эстейт бекен?Анын аты-жөнү ким?Ошол жөнүндө да жазсаңар.Бул маектин тексти менен видеосу окшопойт го:"мага гүлдөн башка белек берген жок"-деп жазылса,видеодо "гүл да берген эмес"- деп айтты го
23.03.2015. 12:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
28-01-2014
Соӊку аракети:
24-11-2016 20:38
Жынысы:
Белгисиз
-1
jypar.i, "гүл дагы подпртетип койбойсун, десем" деди го, берген жок деген эмес да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: