Жалал-Абадга көчүп баргандан бери Эмил мырзага катуу эргүү келдиби, айтор, ырчы улуу кызы Амина менен дуэт жаздырып ырдап чыгууну чечиптир. «Апалар, аталар оорубаса экен» аттуу чыгарманы бардык ата-энелерге арнадык»,- дейт Эмил Балтагулов. «Бала жытын жыттаган соӊ адам өзгөрөт экен»,- деген ырчы мырза жакында үчүнчү наристеси жарыкка келерин кошумчалады. Эки кыздын атасы бул ирет уул күтүп жатканын жашырган жок.