Ош шаарынын 2013-жылдагы бюджетин түзүүдө жана аткарууда 61 миллион 735,5 миӊ сомдук каржылык мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди. Маалыматка караганда, эӊ көп каржылык мыйзам бузуулар Ош шаардык мэриясынын аппаратында катталган. Аудитордук текшерүүдө акча каражатын негизсиз чегерип алуу жана максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган. Ошондой эле эмгек акылар, иш сапарларга берилүүчү акча каражаты да негизсиз коротулган.
Ош мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгында 19 миллион 5,4 миӊ сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, анын ичинен 17 миллион 216,2 миӊ сомдон турган курулуш-монтаждык иштердин баасын ашыра көтөрүп алуу боюнча материалдар УКМКга өткөрүлдү. Аталган ведомство «Айкөл Манас» эстелиги, айланма жолдун реконструкциясы, «Жапалак авто базары» жана «Барсбек каган» эстелигинин курулуштары боюнча юридикалык баа берип, тиешелүү чараларды көрүшү керек болот. ө
Эсеп палатасынын мындай маалыматын экс-мэр Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясы алардын лидерин каралоо катары кабыл алышканын айтып чыгышты. Бул маалыматты алар быйылкы жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун алдында атайын жасалып жаткан бут тосуу дешүүдө. Эске салсак, Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэриясын 2009-жылдан тартып 2013-жылдын декабрь айына чейин жетектеген.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg