5-март күнү Түркиянын Стамбул шаарында Тажикстандын расмий бийлигине тиш кайрап жүргөн оппозиционер Умарали Куватов белгисиз адамдар тарабынан атылып өлтүрүлдү. Куватов Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен башында жакын мамиледе болуп, кийин экөөнүн ымаласы келишпей калып, оппозиционер болуп чыга келген. Ал Рахмонду бийликтен күч менен түшүрүш керектигин айтып, оппозициялык «Группа 24» кыймылын түзүүгө жетишкен. Аталган кыймыл тажик бийлиги тарабынан экстремисттик уюм деп бааланып куугунтукталып келген. Мунун айынан Куватов Түркияга качууга аргасыз болгон.
Тажик оппозиционеринин жанынан кыргыз паспорту табылганын Түркиянын «Хүррийет» гезити жазып чыкты. Ал 2014-жылдын 23-февралында берилген кыргыз паспорту менен Түркиянын чек арасынан 2-декабрь күнү өткөн. Маалыматтарга караганда, ал Кыргызстанда бир аз убакыт жашап кеткен. 11-март күнү Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы Умарали Куватовдун наамына кыргыз паспорту берилбегенин билдирди.
Негизинен кыргыз паспорту «издөөдө жүргөндөр» үчүн жакшы жардамчы болуп келет. Алсак, 2013-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин айыгышкыс душманы, оппозиционер, миллиардер, банкир Мухтар Аблязовго жасалма жол менен Кыргызстандын паспорту берилгени ызы-чуу жаратканы эсте. Анан да кыргыз паспорттору көбүнесе криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн табылат. Былтыр жай айларында грузиялык Роман Барбакадзе аттуу «мыйзамдагы ууру» Украинада кармалып, анда жасалма кыргыз паспорту бар экени аныкталган. Булардан тышкары 2011-жылы кримавторитет Дед Хасандын жакын кишилеринин бири, грузиялык «мыйзамдагы ууру» Темур Синатошвили, «Ислам жихады» террордук уюмунун мүчөсү, тажикстандык Жамшут Буйнатов, Орусиянын аймагында бир нече милиция кызматкерлерин өлтүргөн деп издөөгө жарыяланган өзбекстандык Озод Кушматов жасалма кыргыз паспорттору менен кармалышкан.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg