Коомчулукта кескин сынга кабылып жаткан «Кырк чоро» кошуунунун активисттеринин бири Замир Көчөрбаев 10-март күнү милицияга суракка чакырылганы маалым болду. Бул арада интернет айдыӊында анын камакка алынганы тууралуу маалыматтар таркады. Бирок Замир Көчөрбаев суракка гана чакырылганын укук коргоо органдарынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, ал «бейбаштык» жана «өзүм билемдик» беренелери боюнча шектелип жатат.
Эске салсак, «Кырк чоро» кошуунунун мүчөлөрү бир катар караоке-клубдарды сойкукана болушу мүмкүн деген шек боюнча өз билемдик менен текшерүүгө алышкан болчу. Текшерүүнү тиешелүү укук коргоо органдары жүргүзүүсү керек. Анын үстүнө жеке ишкерлерди текшерүүгө милицияга да тыюу салынган чакта «Кырк чоронун» текшергени чектен чыккандык болуп калды. Алардын мындай өз билемдиги Орусиядагы «такырбаштардын» жоругуна айланып кетпейт деп айтуу кыйын. Мындай көрүнүшкө мыйзам чегинде кескин катаал чара көрүлбөсө, залалдуу баш аламандыктарга алып келет.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg