SIM-КАРТАЛАРДЫ КАТТОО мөөнөтү 2015-жылдын 8-августуна чейин узартылды. Байланыш агенттигинин маалыматы боюнча, март айына дейре «Нур Телеком» («О») SIM-карталарынын 72 пайызын, «Скай Мобайл» («Билайн») 59 пайызын, ал эми «Альфа Телеком» («Мегаком») 52 пайызын каттоодон өткөргөн.
ЖЫЛДЫЗКАН ЖОЛДОШОВА Жогорку Кеӊештеги «Ата Журт» фракциясынын лидерлигинен 19 депутаттын добушу менен алынды. Анын ордун убактылуу Дастан Жумабеков ээлемей болду.
Ош шаарындагы ЭСТАКАДАЛЫК КӨПҮРӨ быйылкы жылдын сентябрь айында ишке берилет. Бул боюнча мэр Айтмамат Кадырбаев билдирди. Анын айтымында, көпүрө орусиялык гранттын эсебинен курулуп жатат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg