Түгөйлөрдүн ажырашууларынын себептери катары жакырчылык, жаштардын жеӊил ойлуулугу, турмушка чыдамынын жоктугу сыяктуу мисалдарды санап келебиз. Ал эми кайсы бир деӊгээлде үй-бүлөнүн бузулушуна кайнене менен келиндин ортосундагы тирешүү да себепкер дегендер бар. Мына ушул кайнене менен келиндин ортосундагы түшүнбөстүк, ага эмнелер себеп жана бул кырдаалдан кантип чыгуу керек экендигин белгилүү инсандар кеп кылып, кеӊеш беришмекчи.
Гүлсүн Мамашева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «КАЙНЕНЕДЕН КӨП ЭЛЕ КОРДУК КӨРГӨМ»
– Кыргызда кайнене менен келиндин канга сиӊген тиреши бар. Бул көндүм нерсени жокко чыгаруу ар бир адамдын өзүнөн. Мисалы, мен катаал кайненеге туш болуп, учурунда кордукту болушунча эле көргөн келинмин. Бирок ошол нерсени сөзсүз эле колуӊа келген келинден чыгарып алуу милдет эмес да. «Келиндин келгендегиси эч эсинен кетпейт» дейт. Уулдарым шаардык кыздарды алып, анча-мынча кыргызчылыкка маани бербеген келиндерге туш болдум. Кайненемден көргөн катаал мамиле көкөйдөн кете элек болгондуктанбы, келиндеримди «ары тур, бери тур» деп тескеген деле жокмун. Бирок жакшынакай, кезеги келген жерде жоолуктарын башынан түшүрбөгөн кыргыз кыздары, кыргыз келиндери кылып тарбиялап алдым десем болот. Жаӊы келген келинге сенин жаныӊдай көргөн уулуӊ аманат. Анын курсагын тойгузуп, кийимин жууп, наристе жытына бөлөй турган да ошол келин экенин мурдараак ойлонуш керек.
Гүлзат Байзакова, ырчы: «КАЙНЕНЕМЕ КАРАГАНДА АПАМДЫН ТАРБИЯСЫ КАТУУ ЭКЕН»– Кыз бала байкуш бир үй-бүлөдөн таптакыр башка мыйзамдар менен жашаган экинчи үй-бүлөгө барып бүлө болот экен. Менин бактыма жараша, кайненем жумшак, мүнөзү жакшы адам болуп чыкты. Ар бир эле эне турмушка узап жаткан кызды «сөөгүӊ ошол үйдөн чыксын, эки жакты кагыштырып, көз жашыӊды көлдөтүп ыйлап келбе» деп кетирет. Анын сыӊары, кайненемдин каарына караганда өз апам катуураак экен деп салыштырып да жүрдүм. Анткени апам бизди укмуштай катуу кармап, турмушка бышырып тарбиялаган. Анын бул тарбиясы менин кайын журтума бат сиӊишип, ошол жактын кишиси болуп кетүүмө түрткү болду. Келин болгонго чейин кыз өз үйүнөн туура тарбия алып узаса эле маселе жаралбайт дегенди айтар элем.
Кудайга шүгүр, кайнененин каарына кабылган келин деп өзүмдү эсептебейм. Апабыз биздин колдо, азыр деле ысык чайымды берип келиндик милдетимди аткарып жаткан учурум. Анан казан-аягы такыр эле кагышкан эмеспи деп да ойлошпосун, эгер ич ара таарынышуу болуп калса, андай жерлерден кулагымды жапырып, унчукпай кутулган күндөрүм деле болгон. Мен дагы жумшак болсом керек дей берем. Себеби келин келген жерине окшоп калат дешет. Мындан улам "кайнененин камырынан" деген сөздүн кынтыксыз чындыгы бар.Мээрим Карыпова, ырчы: «КАЙНЕНЕНИН БААРЫ ЭЛЕ КАРЫГАН БОЛОТ ГО ДЕП ОЙЛОЧУМУН»
– Турмушка чыкканыма 12 жылдын жүзү болду. Мен келин болуп келгенде жолдошумдун апасы жапжаш аял экен. Башыма жоолук салып, бетимен өөп жатса эле «качан карыган апа келип ырымын кылып кетет болду экен?» дей бериптирмин. Оюмда кайнененин баарын эле карып калган чоӊ апа болот деп элестете берчү экенмин. Келин болуп келген жаш кыздарга айтар кеӊешим, кандай гана кырдаал болбосун унчукпай жеӊгенге аракет кылышы керек.
«Унчукпаган адам тоодой балээден кутулуптур» дегендей, жаӊы келген келин үй-бүлөнүн ички шарттарына көнгүчө өзүм билемдик кылып ашыкча сүйлөп, тастаӊдап кайненеси менен айтышканы туура эмес. Кыргызда жакшы кеп бар «тилиӊди жутуп ал» деген. Дээрлик 5 жыл унчукпай чыдап кой. Ал арада Кудай туяк берсе бала-бакыралуу болуп, үлгүлүү жүрүм-турум менен кайын журт ичинде кадыр-баркка ээ болосуӊ. Баарын зымга тизгендей жасап, кынтыксыз иш кылып жатсаӊ, кантип эле кайненеӊ кылдан кыйкым издей берсин? Эгер кемчилик издегенине туш болсоӊ, жөн гана унчукпай кутулган адам жеӊишке жетишет демекчимин.
Психологдун кеӊеши
Психолог Нурзада Маямерова кайнене-келин маселеси боюнча кеӊеш берет:
«КАЙНЕНЕ – КЕЛИНДИН, КЕЛИН – КАЙНЕНЕНИН КҮЗГҮСҮ»
– Бир эле кайнене менен келиндин ортосундагы эмес, адам менен адамдын ортосундагы тил табышуунун өзү оор кубулуш. Эгер кайнене келининен оркойгон кемчиликтерди көрүп жатса, анда алгач ушул кемчиликтер өзүндө жокпу, ошону анализдеп алышы керек. Ушундан улам кайнене келиндин, келин кайнененин күзгүсү деген бүтүмгө келсек болот.
Келин-кайнене мамилесине мисал катары көпчүлүк арасында айтылып жүргөн накыл сөздү айта кетсем. Бир келин кайненесинен кутулуу максатында чөп дары жасаган акылманга келет да, андан уу чөп берүүсүн суранат. Анда акылман: «Мейли, мен сага уу жасап берейин. Ар бир берген тамагыӊа кошуп кайненеӊе ичире бер. Бирок кайненеӊдин ууланып өлгөнүн эл сенден шек санабасы үчүн колуӊдан келишинче жакшы мамиле жасап, айтканын аткарып, аны менен болгон мамилеӊди жөнгө сал» деп жиберет. Келин акылмандын айтканын аткарып, тамагына уу чөптү кошуп бере берет. Убакыттын өтүшү менен келин кайненеси жакшы адам экенине ынанып, аны жакшы көрүп калат. Эми берип жүргөн уу чөбүнө сарсанаа болуп, ууну кайтара турган дары сурап баягы акылманга кайра барат. Акылман ошондо «күнөө кимден кетип жатканын жакшы түшүндүӊ болуш керек. Ал уу эмес, дары чөп болчу. Мен аны менен сенин жүрөгүӊдөгү ууну чыгарып салдым» деп жооп берет.
Ушундан улам кайда болбосун адамды адам кылып кармап турган сапат – сылык мамиле экенин түшүндүӊүздөр болуш керек.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg