Калыбек Назаралиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти: «ТАГДЫРЫМ БАКЕН ЭЖЕНИ КАЙТАЛАП КАЛАБЫ ДЕП КОРКОМ»

Бул жолку баяныбыз «Достор», «Президент жана бомж» тасмаларында селсаяктын ролун жараткан театр актёру Калыбек Назаралиев тууралуу болмокчу. Кезинде Кыргыз улуттук драма театрында, Нарын театрында кайталангыс ролдорду жаратып, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти
наамын алган. Кейиштүүсү актёр бүгүн Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүндө жашайт.

«МАСТЫН РОЛУН АТКАРЫП ОКУУГА КАБЫЛ АЛЫНГАМ»
– Талас облусунун мурунку Киров, азыркы Кара-Буура районундагы Кара-Суу айылында 1951-жылы туулгам. Апам эрте каза болуп, атам башка аял алып кетти. Мектепти аяктап жатканда милиция кызматкери болом десем, агам каршы болуп койду. Аскердик милдетимди өтөп келгенден кийин бир кесиптин ээси болууну көздөдүм. Бир күнү жолдо кетип бара жатсам бүктөлгөн гезит жатыптыр. Ичин ачып окусам «Кыргыз драма театрына таланттуу улан-кыздарды кабыл алабыз» деген кулактандыруу бар экен. Ушул окууга тапшырайын дедим. Театрга сынакка келсем калыс болуп Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Галина Ибраимова өӊдүү залкарлар отуруптур. Мени сүйлөтүп көрүшүп «атыры, жатыры дейт экен, сүйлөгөнү жаккан жок» деп албай турган болушту. Анан Муратбек агай «балам, этюд дегенди билесиӊби, бир нерсени туурап бере аласыӊбы?» деди. Оюма бала кезден бери айылда көрүп жүргөн мас киши түштү. Тамтаӊдап барып эле Муратбек агайдын алдына жыгыла бердим. «Турчу ары» десе деле болбой бутун кучактасам, «баракелде, талантыӊ бар экен» деп окууга кабыл алышты. Кыргыз Эл артисти Чоро Думанаев, Эгемберди Бекболиевдер менен бирге окудум.
Бир күнү бизди «Улан» аттуу кинонун массовкасына тартылууга чакырышты. Газондо бир мас киши жаткан. Бул масты да киного тартат окшойт деп ойлоп жаткам. Бир убакта режиссёр «тартып баштадык, орду-ордуӊарга отургула. Келиӊиз, Суке» десе жанагы мас шляпасын кыйшайтып келе жатат. Көрсө, ал Сүймөнкул Чокморов экен. Эки жылдык окууну бүткөндөн кийин мени Кыргыз драма театрына алып калышты. Ал жерде эки жылдай иштедим.

«КЫРГЫЗ ДРАМА ТЕАТРЫНАН КЕТКЕНДЕ ЫЙЛАГАМ»
– Студент кезимде 17-кесиптик окуу жайда тикмечиликте окуган бир кыз менен тааныштым. Ал кыз кийин жарым болду. Өзүм ойногон спектакль болордо аны курбу кыздары менен театрга ээрчитип келип, арткы катарга отургузуп койчумун. Көӊүлүбүз табышып айылга ала качып барып баш коштук. Бир балалуу болуп бактылуу жашап жатканбыз. Бир күнү театрда аттестация болуп, Москва менен Ташкенттен бүтүп келген жогорку билимдүүлөрдү алышмак болушту. Мени «жогорку билимиӊ жок» деп аттестациядан өткөрбөй коюшканынан ыйлагым келди. Башымды жерге салып турсам режиссёр Бообек Ибраев «эмне мүӊкүрөп жатасыӊ?!» деди. Агайга «балам бар, үйдө жалгыз акча тапкан мен болсом, эми эмне кылам?» дедим. «Сенин келечегиӊ алдыда, жакшы актёр болосуӊ. Азыр Нарын театрында тандоо жүрүп жатат, ошол жакка барып көр» деген кеӊешин берди. Нарынга кетели десем жубайым болбой койду. Өзүм ошол жакта иштеп калдым. Кийин эмгегим бааланып Нарындан үй берилгенден кийин гана барды. Андан соӊ дагы бир уул, бир кыздуу болдук. Москвада өткөн декадада коюлган спектаклдеги ойногон ролум үчүн Кыргыз
ССРинин Эмгек сиӊирген артисти наамын беришти. Нарын театрында 10 жылдан ашык эмгектенип, Союз таркагандан кийин жубайым «борборго кетебиз» деп туруп алды. Бишкектен үй алып көчүп келдик.

«БАШТАГАН БИЗНЕСИБИЗ ТАГДЫРЫМДЫ ТАЛКАЛАДЫ»
– Шаарга көчүп келгенден кийин Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрына жумушка орноштум. Улуу балам «ата, элдин баары бизнес кылып жатат, биз дагы аракет кылып көрбөйлүбү?» дегенинен цирктин жанындагы кафе-барды ижарага алып иштете баштадык. Бир күнү барга эки бала келип ичкен-жегенин төлөбөй, официанттарды сөгүп жатыптыр. «Балдар, койгула» десем бири башыма кастет менен коюп жиберди. Эс-учумду билбей жатып калган экенмин, алар башыма тепкилей бериптир. 9 күн комада жатып өзүмө келдим. Жарым жан болуп калгандан кийин эч кимге керегиӊ жок болуп калат экен. Аялым болор-болбос нерсе үчүн уруш чыгарат. «Сенден кутулбас болдум» деп айтканда ачуум келип терезени колум менен уруп жибердим. Балам көтөрүп келип керебетке жаткызды. Кызым бетиме уруп жатат. «Эмне уруп жатасыӊ?» дегениме болбой койгулай берди. Үй-бүлөмдөн ушундай кордук көргөнүмө ызаланып шаарда жашаган агамдын балдарына барып мени Таласка, байкемдикине жиберүүсүн өтүндүм. Кетип жатканда жубайым «экинчи кайрылып келбе» деген сөзүнөн жүрөгүм муздап калган.

«КҮМӨНДӨР ШААРГА АЛЫП КЕЛБЕСЕ МЕНИ ЭЧ КИМ ЖОКТОМОК ЭМЕС»
– Ошентип байкемдикинде кой кайтарып жүрүп калдым. Мени эми эч ким жоктобойт деп калгам. Аскар Акаевдин убагында шайлоо болуп куудул Күмөндөр Таласка барып калган экен. Ал менин кор болуп жүргөнүмдү угуп, атайын издеп келиптир. Жолугуп «шаарга кетесизби?» деп сурады. Ошол убакта жол кирем жок, шаарга келе албай жаткам. Акчам жок экенин түшүнгөн окшойт, Күмөндөр коштошуп жатканда чөнтөгүмө бир нерсе салып «бул менин телефон номерим, байланышып туруӊуз» деди. Алар кеткенден кийин жеӊем «суу алып кел» дегенинен булакка барып ачып карасам, 1500 сом акча жана өзүнүн телефон номери жазылган кагаз бар экен. Мен байкуш аны катып алгандан коркуп, «кетерде сизден алам» деп жеӊеме берип коюптурмун. Жолго чыгарда жеӊемден сурасам жок кылып койгон экен, агам акча таап берип шаарга келгем.
Куурчак театрынын директору театрдын бир бурчунан жай берип, ошол жерде жашап жүрдүм. Ал жакта жашап жүргөнүмдө «Достор», «Президент жана бомж» тасмаларына режиссёрлордун сунушу менен тартылып калдым. Өткөн өттү деп бир күнү жубайыма барсам кабыл алган жок. Улуу балам тирүүсүндө үйүнө алып барып жуунтуп, чайын берип жүрчү. Тагдыр экен, уулумдан эрте айрылып калдым. Азыр кенже уулум, аталаш инилерим келип турушат.

«КАРЫЛАР ҮЙҮ ӨЗ ҮЙҮӉӨ ЖЕТПЕЙТ»
– Небере жыттап төрдө отурчу куракта карылар үйүндө жашап жатам. Бул жерде мени баары Эмгек сиӊирген артист деп сыйлашат. Театрдагы мени урматтаган инилерим карылар үйүнө киргизип коюшту. Өз бөлмөм бар. Китеп окуйм, бул жердеги карылардын тагдыры тууралуу киносценарий жазсам деп ойлойм. Бирок ден соолугум мүмкүнчүлүк бербейт. Өлүгүм ушул жерден чыгарын ойлосом сай сөөгүм сыздап кетет. Тагдырымды Бакен Кыдыкееванын тагдырына окшоштуруп коркуп кетем. Бирөө жарым келиптир десе кайсы жакын тууганым келди деп үмүттөнүп жолун карайбыз.

"Президент жана бомж" тасмасында селсаяктын ролун жараттым".

"Театрды эске салган жалгыз сүрөт. Калганын аялым бербей койгон".

"Достор" тасмасында: "Махабат, жыргалыӊды көргөн жакшы, Махабат тозогуна көнгөн жакшы. Бирөөгө сүйгөнүӊдү өптүргөнчө, Бакача жер кучактап өлгөн жакшы",- деген монологду айткан.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
deva
2015-03-23 10:56:29
ушул актерго аябай кызыкчу элем, тагдыры оор экен. Супер-Инфо рахмат, ушундай инсандарды бат-баттан чыгарып тургулачы?!
0
Luntik
2015-03-23 12:23:07
Менин маам окуп алып,"кудай карыганда ушинтип балдарга кор кылдырбай эле тынч өлүп кетсем экен" девалыптыр. Маама айттым,сиздин кадырлап барктаган 5 балаңыз турганда каяка өлгөнгө шашасыз,оозум бар деп эле сүйлөй бересиз да деп урушсам.Могу макаланы окуп алып жанатан бери унута албай жатам деп жатпайбы.Андыктан макаланын таасирдүүлүгү үчүн авторго 5))))Ал эми актердун балдары туура эмес кылышыптыр.
-1
Arzu.kg
2015-03-23 12:48:36
Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин доолотту дейт. Кейиштуу...
+2
Akul-Kara-chach
2015-03-23 13:44:56
ХХХ экенго аялы! Талаалап 3,4ай жоголуп кетседа чыдап жашап журом дейтго Асылбек Озбековдун жубайы.
+1
admin_superstan
2015-03-23 16:22:41
Akul-Kara-chach, этика нормаларын сактаңыз.
0
istina
2015-03-23 21:20:19
Akul-Kara-chach,Ооба.Аялы башынан туура эмес кылып баарын бузуптур.Котормолоп турса бул адам доолоттуу карыбайт беле.
+1
uulay
2015-03-23 14:04:36
Жашында берсин мээнетти,карыганда берсин доолотту. Ээ бактылуу карылык берсин баарыбызга!
+1
apasynyn_erkesi
2015-03-23 16:46:18
Атанын назарына калбаш керектигин тиги тайрандаган атасын урган кыз билбейт ондуу.Апасынын жоругу ал болсо кызы кайда бармак эле?Бул кишини кордогону учун аялы да бир кун жазасын алат.
+2
korsaromega
2015-03-23 20:42:51
Алялы менен кызынын суротун газетага чыгарып, уяткарыш керек го! Ал кишинин кызына айтарым: Кеч болуп кала электе атандан кечирим сурап, уйго алып кет! Атанын каргышы алыска алып барбайт. Сен кийин арман кыласын! Азыр атанды урматтап, сыйлабасан, сени да ушундай тагдыр кутот.Мындайларды турмуш озу жазалайт!
Калыбек байке сизге ден соолук,бул турмуштан эч качан умут узбон!
+1
Taalaibek.
2015-03-24 07:09:41
Эркектин каргашасы жаман. Аяалы тозоко барбаса эле болду. Аллахым аяалы менен бириктирсе экен.
0
Jamalym
2015-03-24 14:20:50
Жаш кезинде абдан сымбаттуу жигит болгон экен.Аялына жаш,кучу толуп турган кезинде керек болуп эми кереги жок болуп калыптыр да.Атанын назарына калбаш керек.
+1
Gulbarchyn.
2015-03-24 16:37:00
Кичуу Баласы караса болбойбу атага зар болгондор канча кудайым оз жазасын берсин карабай койгондоргоо.
+1
Nursultan.m.n
2015-03-25 20:23:46
окунучтуу
0
beka1207
2015-03-26 21:57:13
Кыйын тагдырга туш болуптур
+1
sumaya
2015-03-29 03:19:17
"Атан жинди болсо байлап бак" -деген макал бар кыргызда,Ата-эне ыраазы Алла ыраазы дейт.Балдары да эртен эле карыйт,оз балдарынан корот анан ошондо тушунот...
+2
Parish
2015-03-31 23:39:14
Комментарийдин тексти
Бул аз омур жашообузда
ата энени жана бири би
рибизди сыйлоо менен
отушубуз керек.Бугун бар
сын эртен жоксун дегендей.
Эртен кеч болуп калбасын
дегеним.Атанын каргышы
ок эненики жок силер да
балалуу болгондо ушу таг
дырга туш болуп калууну
унутпагыла !!!
+1
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-11 22:34:50
Өлүгүм ушул жерден чыгарын ойлосом сай сөөгүм сыздап кетет...
0
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан