Кээ бирөөлөрдүн чачы 20 жаштан агара баштаса, айрымдардыкы 40 жашында деле көмүрдөй капкара бойдон жүрөт. Буга эмне себеп? Мунун сырын Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын доценти Мейкин Усубалиев чечмелейт.
«ЧАЧ ИЧКИ ООРУЛАРДАН ДА АГАРАТ»
– Адамдын чачынын түсү чачтарынын түбүндөгү меланоцит клеткаларынан көз каранды. Аталган клеткалар биздин чачыбызга түс берүүчү меланин пигментин иштеп чыгарат. Башкача айтканда, чачтын кара, күрөӊ же сары болуусун меланин чечет жана бул пигмент ген аркылуу берилгендиктен адамда түйүлдүк кезинде эле жаралат.
Чачтын жаш куракка карабай агара баштоосу ошол пигменттердин аз иштелип чыгышынан болот. Ал эми аз иштелип чыгуусуна болсо көп нерселер себепкер.
ЭРТЕ АГАРУУГА «КҮНӨӨЛҮҮЛӨР»
Жогоруда айтылгандардан улам чачтын эрте агаруусун кантип токтотсо болот дегендин ордуна себептерин тактатуу үчүн трихологго (же дерматологго) жана терапевтке көрүнүү зарыл экендиги түшүнүктүү болду окшойт. Эгер оорулары бар экендиги аныкталса жана дарыланса чачтын агаруусу өзү токтой баштайт (эгер генден болбосо).
Кокус урук-тукумуӊузда чачы эрте күмүштөнгөндөр кездешсе, анда сиз да алардын жолун улашыӊыз мүмкүн. Баштын эрте бубак басуусу көбүнчө арыктоо үчүн диетаны көп кармагандарга жана вегетариандарга таандык. Мындайда тамак рациону чектелет да, чач түбүнө азык болчу заттар жетишпей баштайт. Ушундан улам меланин жетиштүү өлчөмдө бөлүнүп чыкпай калат. Андыктан диета кармайм дегендер жана вегетариандар диетологдун көрсөтмөсү менен тамактануусу зарыл.
Баштагы кан жакшы айлануусу үчүн массаж жасатып туруу кажет. Стресске көп кабылгандардын, көп ойлонгондордун чачы эрте агарат дегендин чындыгы бар. Анткени андай кезде чачтын түбүндө суутектин кычкылы (перекись водорода) топтолуп, меланинди иштеп чыгаруучу меланоцит клеткаларын жабыркатат.
Чачтын убактысынан эрте агаруусунун алдын алуу үчүн тамак-ашка этти (анын ичинде канаттуулардын), балык, краб, сүт азыктарын, өнгөн буудайды, төө буурчак, нокот, банан, сабиз, сулуну колдонуп, толук кандуу тамактануу зарыл. Колуӊуздан келсе курамында йод бар деӊиз капустасын (ламинария) да жеӊиз. Стресстен чыгуу жолдорун өздөштүрүӊүз жана ага кабылуудан качыӊыз.
Эгер чачтын 10-15 пайызы агарган кезде B тобундагы витаминдер менен никотин кычкылын жамбашка сайдырып, фолий кычкылын ичсе агаруусу токтой баштайт. Муну 1 жылда 2 курс алуу керек. Ошондой эле чалкандын жалбырагын кайнатып, суусу менен чачты күндө чайкап турса да жардамы жакшы. Эгер чачтын көп бөлүгү агарып кетсе, аны токтотуу кыйын. Андыктан ага жеткирбей аракет кылуу өзүӊүздөн. МАСЕЛЕНИ ЧЕЧҮҮНҮН БАШКА ЖОЛДОРУ
Чачтын агарганын жашырып, жаш көрүнүүгө эмне жетсин! Бул үчүн эмнелер керек?
Эскертүү: Кандай каражат болсо да өз алдынча пайдаланбоо зарыл. Анткени аллергия болуп кетүү коркунучу чоӊ. Врач менен акылдашып, анан гана колдонуӊуз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg