«РОСИНБАНК» 2014-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

17-сентябрь күнү ААК «Росинбанктын» топ-менеджерлери массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, банктын 2014-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен тааныштырышты. Жыйында банктын төрагасы Евгений Немеринский, биринчи орун басары Андрей Гойхман жана башкармалыктын мүчөлөрү Алмаз Бекназартегин менен Ваагн Ншанян банктын жетишкендиктери тууралуу сөз кылып, кызыктырган суроолорго жооп беришти.

«ЭӉ БАТ ӨСКӨН ДИНАМИКАЛУУ БАНК»
«2014-жылдын жыйынтыгы боюнча ААК «Росинбанк» Кыргызстандагы банктардын рейтинги боюнча 4-орунду ээледи»,- деп сөзүн баштады банктын төрагасы Евгений Немеринский.
– Жыл башында биз 6-орунду ээлегенбиз, жыл ичинде биздин банк эӊ бат өскөн динамикалуу банк болуп, негизги финансылык көрсөткүчтөр боюнча төмөнкүлөргө:

•депозиттик базасынын көлөмү боюнча 3-орунга,
•кредиттик портфелдин көлөмү боюнча 4-орунга,
•активдер боюнча 4-орунга,
•таза кирешенин көлөмү боюнча 4-орунга жетиштик.

Биз алдыӊкы турган банктарга теӊтайлашып иштейбиз. ААК «Росинбанктын» мүмкүнчүлүгү зор. Алсак, бир жылдын ичинде кардарлар базасы эки эсеге өстү, банктагы ачылган эсептер 74 миӊ болсо, азыркы тапта 120 миӊден ашты. Ар бир кардар менен иштей билүү – бул биздин негизги артыкчылыгыбыз. Ал эми таза киреше боюнча эсеп 2013-жылы 13,9 миллион сомду түзсө, 2014-жылы 269,9 миллион сомго жетти. «Росинбанк» быйылкы жылы активдер, кредиттер, аманат салымдар жана таза киреше боюнча өзүнүн көрсөткүчтөрүн бекемдеп, мындан ары да өстүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт. Ошону менен бирге жыл жыйынтыгы боюнча «Росинбанктын» негизги максаты – алдыӊкы үч банктын катарына кирүү.

«УНИВЕРСАЛДУУ БАНКТАР ГАНА ЖАШАЙ АЛЫШАТ»
Андан соӊ сөз башкармалыктын орун басары Ваагн Ншанянга берилди:
– «Росинбанктын» башка банктардын айырмасы – биз Орусиядагы жана дүйнөлүк банктарда ийгиликтүү иштеп жаткан банк саясатын жүргүзүү. Анткени жакын арада ЕврАзЭСКке кирүү демилгеси да болуп жатат. Азыркы дүйнөлүк тажрыйбаны алсак, универсалдуу банктар гана жашай алышат. Банкоматтык тармак, мобилдик-банкинг тез өнүгүүдө. «Росинбанк» бул тармак боюнча алдыӊкы сапты кармап келет. Бул мезгилде Кыргызстандын бардык аймактарында банкоматтык тармактар коюлуп, иштеп жатат. Өлкөнүн булуӊ-бурчуна чейин жетип, кардарларга кызмат көрсөтүү аракетибиз бар. Ошондой эле 2014-жылы эл аралык UnionPay төлөм тутуму эмиссияга чыгарылды. UnionPay, силер билгендей, пластикалык карталарды чыгаруу боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлеп жатат.

«БАРДЫК КАРДАРЛАР МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРАТ»
ААК «Росинбанк» башкармалыгынын орун басары Алмаз Бекназартегин буларга токтолду:
– Биздин банк элдин бардык катмары менен иш алып барат, биз эл менен тыгыз иштөөнү уланта беребиз. Бул үчүн банктын аймактагы бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү жаӊыланып жатат. Өзгөчө насыялык базанын элге жеткиликтүү болушу үчүн жигердүү иштер жүргүзүлүп жатат. Былтыркы жылга салыштырмалуу банктын кредиттик портфели 3,7 миллиард сомго өстү. Азыр бул көрсөткүч 7,5 миллиард сомго жетти. Ошондой эле ипотекалык борбор ачуу максатыбыз бар. Мындан тышкары «Toyota» компаниясы менен биргеликте унаага насыя берүү тармагын жакшыртуу иштери да жүрүүдө. Учурда банк сервисинин бардык талабына жооп берген өлкөнүн жети облусунда 67 аймактык филиалдар жана бөлүмчөлөр иштеп жатат.

«ӨЛКӨДӨ БОЛУП ЖАТКАН ИШ-ЧАРАЛАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮ УЛАНТАТ»
«ААК «Росинбанк» аз убакыттын ичинде банк рыногунда туруктуу иш алып барып, кардарлардын ишеничин актай алдык. Бул биз үчүн өтө маанилүү»,- деп билдирди башкармалыктын биринчи орун басары Андрей Гойхман.
– «Росинбанк» өлкөдө болуп жаткан коомдук, социалдык жана спорттук иш-чараларга активдүү катышууну жана колдоону унутпайт. Биздин банк өткөн жылы болгон Көчмөндөр оюнуна демөөрчү болгон. Быйылкы жылы февраль айында Кыргызстандын сноукросс командасынын эл аралык мелдешке катышуусуна жардам көрсөттү. Мындан тышкары балдар үйлөрүнө ар түрдүү жардамдар көрсөтүлүп, кайрымдуулук иштери да жүргүзүлүүдө. Учурда биздин банк 800 адамды жумуш менен камсыздап келет.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
K.Batken
2015-03-25 00:14:59
Менда ушул банктын келечеги барына ишенем,ж.а акчамды ушул банкта сактайм
0
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан