Гүлжигит Калыков, ырчы: «БӨТӨЛКӨ, КОРОБКА ЧОГУЛТУП «ОШ БАЗАРДА» ДА ИШТЕДИМ»

Гүлжигит Калыков продюсеринен кеткенден бери айрым ырчыларга окшоп «уктап калбай», тынымсыз эмгектенүүдө. Евразия жылдызы келечектеги пландары, жеке жашоосу, шоу-бизнестин оош-кыйыштары тууралуу кеп салып берди.

– Куш келипсиӊ, Гүлжигит! Чыгармачылыкта эмне жаӊылыктар?
– Саламатсыздарбы? Бүгүн «Эр жигит» деп аталган жаӊы ырыма клип тартып баштадык. Чыгарманы үч адам аткарат. Баястан рэп окуйт, Рыспай Исаков агабыз манас айтат, мен ырдайм. Ал эми клипте белгилүү бийчи Жан Воинов бийлейт. Аталган ыр көпчүлүк үчүн жаӊылык болот деген ойдомун. Жан жакынкы аралыкта Америкага кетет экен, ошого чейин тартып калалы деп шашып жүрөм.
– Продюсериӊден кеткениӊе бир жылдан ашып калды, жалгыз иштегендин түйшүгү оор болот бекен?
– Чынын айтайын, башында ишти эмнеден баштаарымды билбей кыйналгам. Азыр Кудайга шүгүр, баарын өздөштүргөнгө жетишип калдым. Канат байке (ред.Култаев) менен эки жакка барып, көрүп-билип жүрүп бир топ эле такшалып калыптырмын. Экөөбүз жыл сайын концерт берүүнү салтка айланткан элек. Былтыр эки жакка урунуп жүрүп концерт бергенге жетишпей калдым. Быйыл ошол салтты улантып, май айында филармонияда жандуу үн менен концерт бергени жатам. Азыр уюштуруу жагынан бир аз кыйналуудамын, анткени мурун команда менен иштеп көп нерселер билинбептир да.
– Табышкер адамдардын катарын толуктайсыӊбы?
– Табышкер адамдардын катарын толуктайм го. Тапканымдын көпчүлүк бөлүгүн чыгармачылыкка жумшайм. Каржы маселесине келгенде мурунку продюсерим Канат байке экөөбүз окшошпуз. Ал дагы акыркы акчасы калбай калгыча тапканын чыгармачылыкка жумшайт, мен да ошондоймун. Экөөбүздүн талаш-тартышыбыз бир гана чыгармачылыкка байланыштуу болчу. Акча колдун кири да, кээде бар болот, кээде жок болот. Концертимди деле пайда табууну көздөп коюп жаткан жокмун.
Ал эми жеке жашоодо ата-энеме жаӊы үй салууга жардамдаштым, атама ушул жылдын башында Порше Кайен үлгүсүндөгү жеӊил унаа сатып бердим.
– Жалгыз иштеп калганда кээ бир сахналаш кесиптештериӊдин сага болгон мамилеси өзгөрдүбү?
– Продюсерим бар кезде жакшы мамиле кылып, андан кеткенден кийин мамилеси өзгөрүп калган кесиптештер болду. Мен «сабырдын түбү сары алтын» деген макалды бекем карманам. Андайларга көӊүл бөлбөгөнгө аракет кылам. Чынын айтсам, аларды деле түшүнөм. Шоу-бизнес – бул чоӊ саясат, анда партиясы, Жогорку Кеӊеши, оппозициясы бар. Мен эч нерсеге «духумду» түшүрбөй иштей берүүнү туура көрдүм.
– Чыгармачылыкта чабылдыӊ, урулуп-согулдуӊ дегендей, ой-чабытыӊ, мүнөзүӊ өзгөрдүбү?
– Эмгекчилдикке, аракет кылганга, өзүмдүн принциптерим менен кадам таштаганга көндүм. Мендеги темирдей бекем сабырдуулуктун сакталып калышына сиз айткандай, урулуп-согулушум себеп болду окшойт. Анткени бир гана сабырдуулук менен баарын жеӊеримди түшүндүм. Мен атактуулукка умтулбайм, мага анын кереги жок, жөн гана ата-энем, элим сыймыктанган уул болсом дейм.
– Азыр ырчылардын заманы, тойго барып 1-2 ырын фонограмма менен ырдап акча таап жатышканы маалым. Сен деле тойдо фонограмма менен ырдайсыӊбы?
– Негизи, тойдо жандуу үн менен ырдаш керек. Фонограмма менен гана эмес, минусовкасы жок деле ырдаса болот. Мен тойдо болобу же концерттеби, дайыма жандуу ырдайм, фонограмма менен ырдагандан уялам. Кээде съёмкаларда эле фонограмма менен ырдап калабыз. Баары бир аны залда отурган 100 адамдын 80-90у сезет. Азыр элди деле фонограмма менен алдаш кыйын болуп калды.
– Таттуу балалыгыӊды эстегенде эмнелер эске түшөт?
– Өзүм турмуштун ысык-суугуна бышып өскөн баламын. Окуучулук күндөрүмдүн он жылдайы «Ош базарында» өттү. Ат-Башыдан үй-бүлөм менен төрт жашымда Бишкекке көчүп келгенбиз. Жашоо-турмуш ар кандай болот эмеспи, атамдын 3-4 жумушта иштеген учурлары болгон. Апам түшкө чейин мектепте мугалим, андан соӊ базарда максым, бозо сатчу.
Мен 2-класстан тарта апамдын канистрлерин көтөрүшүп жанында жүрдүм. Бөтөлкө, коробка чогулткан күндөрүм да болгон. Ошол жакта соода кылган байкелердин товарларын түшүрүшүп, жүктөшүп тыйын чогултчумун. Ал жакта мени менен чоӊойгон балдардын көбү чөнтөкчү болуп кетишти, арасында соттолуп  кеткендери да бар.
Мен туура жолду тандап, ошолордой болуп калбаганыма сүйүнөм. Атам чоӊ-чоӊ канистрлерди автобуска салса, элдер «бутумду кир кылдыӊ, алчы ары» деп жинденишчү. Апамдын муздак сууга колун салып бөтөлкөлөрдү жууганын эстесем көзүмө жаш тегеренет. Менин бул дүйнөдөгү эӊ башкы максатым – ата-энемдин ыраазычылыгын алуу.
– Бул күнгө оӊой эле келип калбаптырсыӊ да, эми апаӊды качан келиндүү кылганы турасыӊ?
– Буга чейин мен жөнүндө «жашыруун үйлөнүп алыптыр», анан «баласы бар экен», андан соӊ «кайнатасы унаа белек кылыптыр» деп айтышты. Маӊдай терим менен эле тапкан акчама унаа сатып алып айдап жүрөм. Бирок ата-энем акыркы учурда үйлөнүү тууралуу теманы көп козгоп калышты, сыягы, аз калды окшойт (күлүп).
– Сүйлөшкөн кызыӊ барбы?
– Жок деп айта албайм. Байкаштырып жүргөн кыздар бар. Бирөөсүнө токтоло элекмин.
– Маегиӊе чоӊ рахмат!

«Ата-энем акыркы убакта үйлөн деп көп айтып калышты».

«Мага эс алуунун бардык түрү жагат, жайында минтип велосипед тээп паркта сейилдеп көп жүрөм».

Лунара Бекиева
Андрей Шестаков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жашыруун үйлөнүп алыпсың дегенди ата-энем укпай эле койсун" дейт Гүлжигит Калыков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Sagidko88
2015-03-24 10:42:33
ата-энеси жакшы адамдар экени корунуп турат. Азаматсын, ийгилик сага!
+1
B.roza
2015-03-24 13:56:13
Абдан акылдуу,адамга жагымдуу бала экен.Ата энесин сыйлаганы абдан жакты.Турмушунда кудайым жакшы адамдар менен канатташ болсун.Дагы чон чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын!!!!
+1
Meruet84
2015-03-24 13:57:08
Ийгилик! Адал акчадан куралган байлык жугумдуу болот .Бактынды туура танда .
+1
Zamknutaya92
2015-03-24 16:51:18
Комментарийдин тексти
Жылдыздуу, таланттуу, жонокой ырчы. Ата-энесине куйумдуу экен. Иштерине ийгилик!
+1
danilka
2015-03-25 02:21:45
Мага муруун жагат эле Гулжигит чачы узунунда Гу Чжун Пе кезинде, анан чачын алдыргандан кийин анча болуп калдыго, бирок дагы деле жагасыз, ийгилик сизге...!!!
+1
admin_superstan
2015-03-25 10:32:28
Nurzat1, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
Baymat
2015-03-25 10:44:25
бул ырчыны мен атын коп укчумун озун бир жылдан бери кордум
баракелде мыкты ырчы талантын ташкындай берсин
0
SULUU-KYZ
2015-03-25 14:39:22
jakshy korom ushul baikeniiii(((jonokoi suluu kelishimduu...
0
aizulya
2015-03-25 16:03:13
иий аябай жакшы окшойт ) мурда бой которгон эле бироо го дечимун
0
Giza1292
2015-03-25 17:33:48
Гулжигит келечек сапарын байсалдуу болсун!
+1
nuria.2015
2015-03-26 04:26:44
гулжигит деп атын эле айтып турат.ийгилик каалайм.келбетине кошуп акылдуулукту берген жараткан,ата эненин омуру узун болсун,сенден дагы коп жакшылыктарды корсун.ийгилик каалайм.
0
lolo
2015-03-27 01:27:29
Kandai juroktu orutat :"Атам чоӊ-чоӊ канистрлерди автобуска салса, элдер «бутумду кир кылдыӊ, алчы ары» деп жинденишчү. Апамдын муздак сууга колун салып бөтөлкөлөрдү жууганын эстесем көзүмө жаш тегеренет", altyn dese , bala kezdin kaigyluu uchkundary barynda ele bar bolso kerek,chygarmachylygyna iygilik, baktyluu bol!!! ))
+3
nurislambek
2015-03-28 18:53:37
азаматсын, онорун оркундой берсин, алдыга алдыга алдыга алга.
0
Orbit_bezsahara
2015-03-28 22:14:36
Азамат ачык маек куруп бериптир. Ийгилик сага!
+1
elka_manas_kg
2015-03-29 20:06:34
Азамат!!! Сага тилегим озуно окшош ыймандуу жубайлуу бол!!!
+1
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан