Салттуу медицина, албетте, жалаӊ суу ичип оорудан айыгууга жол бербейт. Бирок элибиз илгертен элдик дарылоо ыкмалары аркылуу карандай суу ичирүү менен дарттан айыктырып келген. Учурда бул ыкма колдонулабы? Болсо кайсы ооруларга?
БИЛИП АЛ
«40 КҮН СУУ ИЧҮҮДӨН АДАМ ЖАШАРЫП, ИЧКИ ТУЮМУ ӨСӨТ»
Жолдошбек Султанов, аюрведа илиминин доктору, табып:
– Мен суу ичирип айыктырууну тибеттик кыргыздардын арасында 1 жыл жашаган кезде үйрөнгөм жана бардык ооруларды айыктырууда колдоном. Сууну 3, 7, 12, 21 жана 40 күн кылып ичүү туура. Мисалы, бөйрөгү ооругандарга 12, ал эми жүрөк оорулууларга 21 күн ичүү керек. Бирок бейтаптын ден соолугуна, көтөрө алышына жараша 3 же 7 күн деп чектейм. Күнүгө 3 литрге чейин суу ичирем. Денедеги керексиз заттардан жана оорулардан толук сакаюу үчүн 40 күн суу ичүү талап кылынат. Мындай адам өзүн жаӊы төрөлгөндөй сезип, жапжаш болуп калат. Ички туюму күчтүү болуп, мурун билип-туйбаган нерселерди билип, сезе баштайт. Суу ичүү мөөнөтү бүткөндөн кийин алгачкы күндөрү суунун жарымына айран кошуп иче башташат. Анан тамагына күрүч аралашат. Ал эми нан, этке эӊ акырында өтөт.
«БУЛАК ЖАНА МӨӉГҮ СУУЛАРЫНЫН КАСИЕТИ ЧОӉ»Дүйшөн Чомо уулу, табып:
– Суу ичирүүнүн максаты – адамдын канын жана организминдеги шлактарды тазалоо. Оорулар дал ошол кандын бузулушунан жана организмге шлактардын толуп кетишинен чыгат. Булар тазаланса эле организм оору менен өзү күрөшүп, дарт жоголо баштайт.
Төмөнкү ооруларга суу менен дарыланууга болбойт: рак, бронхоэктаз, кант диабети, бөйрөктүн жана боордун оор оорулары (сарык, цирроз), талма, анемия, жүрөктүн кемтиги.
Сууну ичүү мөөнөтүн 3, 7, 9, 15 күндүк кылып чектейм жана булак, мөӊгү сууларын ичүүнү сунуштайм. Сууну муздаткычка салып тоӊдуруп, 12 сааттан кийин эритип ичсе да болот. Булардын дарылык касиети күч. Тажрыйбамда 7 күн суу ичкен адамдардан төртөө гана болду. Көпчүлүгү 3 күнгө араӊ жетишет. Бирок бул деле жакшы жыйынтык берет.
Адам жалаӊ сууну 3 күн ичмек болду дейли. Мындайда 1-күнү 100 граммдан 7 маал, 2-күнү 150 граммдан 7 маал, 3-күнү 200 граммдан 7 маал ичет. Анан тамакка түз кирип кетпей 3-4 күн чайга (сууга) 1 аш кашыктан сүт кошуп ичишет. Тооктун этин бир кайнатып суусун төгүп, кийинки шорпосун ичүү сунушталат. Антпесе адамдын организмине күч келип, ооруп калышы мүмкүн. Анан шире, боткону аздан жеп барып, акырында күчтүү тамакка аралашат.
«8-10 КҮН СУУ ИЧСЕ ЗАЛАЛСЫЗ ШИШИК ДА ЖОГОЛОТ»
Акылбек Сарылбеков, элдик дарыгер:
– Эмне үчүн суу дартты айыктырууда колдонулат? Анткени адамдын денесинин көпчүлүк бөлүгү суудан тургандыктан суу ичүү зыян келтирбейт. Мен кайнатылган суу менен кан, тери, боор, өт, бөйрөк, ашказан-ичеги, өпкөнүн өнөкөт ооруларын дарылайм. Организми көтөрө албагандарды суу менен дарылоого болбойт. Каза болуп калуулары мүмкүн.
Күнүнө 1,5-2 литр суу ичилет. Дарылануунун алгачкы 3 күнүндө адам тамак ичкиси келип, болор-болбоско жинденип, ачка кыйналат. Андан кийин ачка болуу сезими жоголо баштайт. Ооздон ацетондун жытындай жыт келет. Суу ичкенден 8-10 күндөн соӊ адам абдан шалдырап, башы айланып, кускусу келип баштайт. Бирок 8-10 күн жеӊиш чеги болуп эсептелет. Бул аралыкта керектүү азык барбай калгандыктан анча-мынча залалсыз майда шишиктер жоголот.
Суу менен дарылоодо дене керексиз заттардан, ашыкча салмактан арылат. Мындай организмдин механизми толук иштей баштайт да, дене өзүндөгү оорулар менен күрөшүп, жыйынтыгында оорудан айыгат.
Мага келгендердин көбүн 3 күн гана суу ичирүү менен дарылайм.
«САПЫРЫЛГАН СУУ КАН БАСЫМДЫ КАЛЫПКА КЕЛТИРЕТ»
Нурлан Мамыров, табып:
– Мен кычкылтекке байытылган суу менен дарыланууну жогорку кан басымды калыптандыруу үчүн колдоном. Адам суудан тышкары 3-4 маал аздан мүнөздөп тамак иче берет. Суу кантип даярдалат? 200 грамм булак суусун бир идишке куюп, 60 сантиметр бийиктиктен башка идишке сапырып куюу кажет. Ошентип суу 28 ирет сапырылат. Мындай суу эртеӊ менен тамактан 1 саат мурун, кечки тамактан 1 сааттан кийин ичилет. Мончого түшөр алдында да ичүү сунушталат. Суу ичүүнү кан басым толук калыпка келгиче улантуу зарыл. Эгер суу крандан алына турган болсо, аны 12 саат бөлмөдө бетин таза кагаз менен жаап кармоо сунушталат.
Эскертүү: Суу ичип дарылануудан мурда врачка кайрылып, кеӊеш алуу кажет. Дарылана тургандар сууну табыптын көзөмөлүндө гана ичүүлөрү зарыл.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg