МАХМУД КАШГАРИ АТЫНДАГЫ ЧЫГЫШ УНИВЕРСИТЕТИ –КЕЛЕЧЕККЕ ИЙГИЛИКТҮҮ КАДАМ! МЕНИН ТАНДООМ – ЧЫГЫШ УНИВЕРСИТЕТИ

УНИВЕРСИТЕТ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети 1999-жылы Кувейт мамлекетинин демөөрчүлөрү тарабынан негизделген. Окуу жай Кыргызстандагы араб тилин билген жогорку билимдүү мыкты адистерди даярдап келаткан өлкөбүздөгү жалгыз университет экени талашсыз. Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети болгону мындан 15 жыл мурун ачылган. Ушундай кыска мөөнөттүн ичинде калктын кеӊири катмарына таанылып, интеллектуалы жогору, нравалык жактан калыптанган, ыйман-ынсаптуу, билимдүү, мамлекетибиздин керегине жараган инсандарды даярдайт.
Биздин университеттин максаты – Кыргызстандагы алдыӊкы жогорку окуу жайлардын бири катары жогорку билимдүү, эмгек айдыӊында суроо-талапка ээ адистерди даярдоо. Аны ишке ашыруу үчүн Чыгыш университети жаштардын профессионалдык жактан өнүгүп-өсүүсүнө, ошондой эле жеке инсандык калыптанышына, патриоттуулукка, эмгекти сүйүүгө, мекенчилдикке, өз алдынчалуулукка, демилгелүүлүккө, ички жөндөмдүүлүгүн ачууга, сейрек жашоого умтулуу жана маданий баалуулуктарды сактай билүүгө үйрөтүүнүн аракетин көрүп келе жатат.

БАШКА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДАН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Бул университеттин республикабыздагы башка жогорку окуу жайлардан айырмасы – келечекте интеллектуалдуу, адептүү, адистик даярдыгы жогору, эмгек айдыӊында суроо-талапка ээ болгон жаштарды тарбиялай алгандыгында. Андан сырткары, билим сапатын жогорулатуу максатында чет өлкөлүк ЖОЖдор, элчиликтер жана эл аралык мекемелер менен ар кыл билим берүү программалары аркылуу кызматташат. Студенттердин билим деӊгээлин жогорулатуу үчүн Түркия, Кувейт, БАЭ, Казакстандагы жогорку окуу жайлар менен болгон кызматташтык студенттердин иш менен камсыз болуусуна жана эки мамлекеттин дипломун алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Чыгыш университетинин түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына карата аталган университеттин ректору Алмаз Ибраевдин жетекчилиги алдында сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү максатында «Чыгыш университети-2020» деген аталыштагы стратегиялык план иштелип чыккан.
Абитуриенттердин эсине: 2014-2015- окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку баллга ээ болгон 5 абитуриент окуу жылынын бир жылын акысыз окууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле окуу акысын төлөөдө студенттерге университет тарабынан 25 пайыз жеӊилдик берилет. Биздин окуу жайда билим алууну каалаган студенттерге, окуудагы жетишкендиги, университеттин коомдук иштерине активдүү катышкандыгы жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн келген студенттер үчүн жеӊилдиктер да каралган.

УНИВЕРСИТЕТ ТӨМӨНДӨГҮ АДИСТИКТЕРДИ ДАЯРДАЙТ:
Учурда университетте жаштардын билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Аудиториялар заманбап технологиялар менен жабдылып, чет өлкөдөн келген илимдин кандидаттары, докторлору жана профессорлор студенттерге араб тилинен сабак беришет.
Адистерди даярдоо келишимдик негизде төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

Араб тили (бакалавр, магистратура)

  • бакалавр даражасы (окуу мөөнөтү 4 жыл)
  • магистратура (окуу мөөнөтү 2 жыл)

Журналистика

  • бакалавр даражасы, араб тилин үйрөнүү менен (окуу мөөнөтү 4 жыл)

Менеджмент

  • бакалавр даражасы, араб тилин үйрөнүү менен (окуу мөөнөтү 4 жыл)

Бизнес-информатика

  • бакалавр даражасы, араб тилин үйрөнүү менен (окуу мөөнөтү 4 жыл)

Финансы жана кредит

  • бакалавр даражасы, араб тилин үйрөнүү менен (окуу мөөнөтү 4 жыл) Юриспруденция
  • бакалавр даражасы, араб тилин үйрөнүү менен (окуу мөөнөтү 4 жыл)

Бухгалтердик эсеп, аудит жана анализ

  • бакалавр даражасы, араб тилин үйрөнүү менен (окуу мөөнөтү 4 жыл)

ЧЫГЫШ УНИВЕРСИТЕТИНИН ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРИ
Чыгыш университети 2011-жылдан тартып өз ишмердүүлүгүн эл аралык аренада жүргүзүү максатын көздөп келет.
Чет өлкөдөгү билим берүү мекемелери менен тажрыйба алмашуунун негизинде бүгүнкү күндө бир нече мамлекеттер менен кызматташуу боюнча эки тараптык келишимдер түзүлгөн. Программаларды каржылоо ар түрдүү булактар аркылуу жүргүзүлөт. Алар: университеттер, фонддор, компаниялар. Каржылоо эки тараптуу түзүлгөн келишим аркылуу ишке ашырылат.
Эл аралык уюмдардын жана илимий-инновациялык борборлор менен кызматташуунун натыйжасында Чыгыш университетинде жылына чет өлкөлүк адистер лекция окуп, түрдүү мастер-класстар өткөрүлүп турат.
Чыгыш университети Түркия, Сауд Арабиясы, Катар, Казакстан жана башка өлкөлөр менен кызматташат. Мындай өлкөлөр аралык кызматташуу окутуучулардын жана студенттердин эл аралык деӊгээлде тажрыйба алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Биздин дарек: Бишкек шаары, Э. Ибраев көчөсү 6а, (мурунку Волгоград көчөсү)
Байланыш телефондору: 0312 337381, 0312 337369
Сайт:
www.chygysh.kg
Электрондук дарек:
vostok04@rambler.ru

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Akylay_96
2015-03-23 13:40:10
мен ушул универде окуйм чынын айтсам башында окуунгом себеби тартипбине коно албай кыйналып журдум анын устуно окууга сайып окуутушат бара бара конуп кетим эн негискиси пара жок татыктуу билим аласын
0
Ayka1994
2015-03-29 16:09:28
Akylay_96,Тартибине коно албай дегенде кандай мугалимдери катуу кармайт бекен же жатаканасында жашаса куну-туну окутушат бекен же кандай. Кызыгып атам жакшы университет корунотго
0
№ 646, 20-март-26-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан